Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Күч органдарындагы дагы бир тиреш


Ири суммадагы пара доолап жатат делген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш мекемесинин эки кызматкерин кармоо учурунда күч органдары ортосунда жаңжал чыккан.

Атайын кызматтын билдиришинче, бул операция учурунда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш мекемесинин 20 чакты кызматкери тергөө иштерине тоскоолдук жараткан.

Өз кезегинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы бул билдирүүнү көбүртүп-жабыртуу катары баалады.

"Ай сайын 120 миң сом алып турушкан"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аталган операцияны азырынча аты беймаалым калып жаткан жарандын арызынын негизинде 19-июнда Бишкекте жүргүзгөн.

Арыз ээси 2013-жылдан бери ай сайын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын эки кызматкерине 120 миң сомдон пара берип келатканын айткан. Ыкчам иликтөө иштеринен соң аталган мекеменин эки кызматкери 300 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдирди.

- Мындайча айтканда “отметка” деп коёт. Ошол “отметка” катары Финполдун кызматкелери айына 120 миң сомдон алып турган. Натыйжада ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде эки кызматкер 300 миң сом алып жаткан жеринен колго түштү.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-313-беренелери (кызмат абалынан кыянат пайдалануу, опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүү эки кызматкер УКМКнын тергөө абагында жатат. Соттун чечими менен алар эки айга камалды.

УКМК Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын жыйырма чакты кызматкери териштирүү ишине тоскоолдук кылганы үчүн алардын аракеттерине да укуктук баа берилиши керек деп эсептейт. Рахат Сулайманов буларга токтолду:

- Тергөө кызматына тоскоолдук кылганы боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы кызматынын кызматкерлерине карата укуктук баа берүү маселеси каралып жатат.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы өз кезегинде мындай дооматты атайын билдирүү таратып төгүндөдү. Аталган кызматтын маалымат катчысы Шакир Масаров тергөө ишине мекеменин өздүк коопсуздук кызматы катышканын билдирип, эч кандай тоскоолдук жаратпаганын айтты.

- Андай маселе болгон эмес. Биздин өздүк коопсуздук кызматыбыз катышкан. Алар өзүбүздүн кызматкерлердин коопсуздугу боюнча барышкан. Ал эми "жыйырма кызматкер барды, тергөөгө тоскоолдук кылды" деген боюнча кабарыбыз жок. Алдыда териштирүү иштерин жүргүзөбүз. Бирок УКМКнын маалыматына макул эмеспиз.

Коррупция менен күрөшүүдө атаандаштык бар

Эки салабаттуу мекеменин ортосунда чыккан мындай тирешти сынга алган Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал-майор Марат Иманкулов ишке кийлигишти делген доомат коюлуп жаткан 20 чакты кызматкердин аракетин айыптады. Генерал укук коргоо жаатындагы реформанын жүрбөгөнү ушул өңдүү терс көрүнүштөргө алып келүүдө деген ойдо:

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

- Финполиция кызматкерлери “куру патриоттор” экенин көрсөттү. Алар мындай кылыгы менен өздөрүндө коррупциялык система бар экенин далилдеп жатат. Ушундан улам укук коргоо органдарынын системасы талкаланып бүттү деп айтсак болот. Мамлекеттик реформаларды жүргүзүш керек. Органдар буга чейинки бийликте кандай болсо, дагы деле ошол калыбында турушат.

Марат Иманкуловдун баамында, коррупция менен күрөшүүдө укук коргоо органдарынын кайталанма милдеттери бири-бирине тиш кайроого жеткирип жатат.

Кайталанып турган жаңжалдар

Жогорудагы жаңжал күчү органдарынын арасындагы биринчи гана окуя эмес. Экономикалык кылмыштарга күрөш кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Руслан Умаров менен башкы прокурордун мурдагы орун басары Темирбек Бекмаматовдун да чырдашкан жайы бар. Умаров Бекмаматовду аткезчиликти калкалайт деп айыптаган, Бекмаматов болсо дооматты каралоо деп атаган.

Темирбек Бекмаматов менен Экономикалык кылмыштарга күрөш мекемесинин кызматкери катышкан дагы бир терс окуя өткөн жумада Бишкекте катталды. 14-июнда Бишкекте Бекмаматов менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын тергөөчүсү Адилет Байбосуновдун унаасы кагылышып, ортодо чыр чыккан. Бекмаматов өзүн жана үй-бүлөсүн коргоо үчүн Байбосуновго каршы травматикалык тапанча колдонгонун айткан.​

Булардан тышкары бир жыл мурда чекисттер менен милиция кызматкерлери ортосунда Бишкектин Горький-Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган чыр да элдин эсинен кете элек.

Ал эми 2012-жылы Каржы полициясы МАИ кызматкерлерин пара алды деген шек менен кармаган окуя да чыр менен коштолгон. Көп өтпөй Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кызматынан кыянаттык кылды деп, кайра Каржы полициясынын бир нече кызматкерин колго түшүргөн. Бул окуя 150дөй МАИ кызматкерин УКМК имаратынын алдына митинг өткөрүүгө түртүп, кызматтык териштирүүдөн соң бир катар МАИ кызматкерлери иштен алынган.

XS
SM
MD
LG