Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:32

Кыргызстанда жаштар арасында кылмыштуулук күчөп баратат. Талдоочулар өспүрүм куракта жасаган бейбаштыгы үчүн татыктуу жаза албай калгандар чоңойгондо андан дагы оор кылмыштарга коркпой эле барарын белгилешет.

Кара түстүү “Тойота Алтеза” маркасындагы унаа менен Токмоктон келе жаткан үч жаран 20-апрелде түнкү 12лер чамасында Бишкектен колго түшүрүлгөн. Алардын автоунаасын текшерген маалда жасалма курал, ок, бычак табылган. Суракка алынгандардын бири 21 жаштагы Бакай Бакыт уулу баштыктагы курал туурасында өзү гана билерин айтып, 25 жана 18 жаштагы эки шеригин калкалап жатат. Ал куралды март айынын аяк ченинде ишембиликке чыккан жерди жыйнап жатып таап алып, катып койгонун билдирүүдө:

- Токмокто кароосуз калган короодо ишембилик болгон. Сумканы ошол жерден, таштандынын жанынан таап алгам. Ичин карасам чолок мылтык бар экен. Аягына чейин карабай эле баштыкты жаап, ошол жерге катып койгом. Милицияга алып барып тапшырайын деген ой болгон. Бирок мурда ишим болгон үчүн дагы бир иштерди козгоп, илип койбосун деп чочулагам. Коркконуман шаарга алып барып катып коёюн дегем. Баштыкта эмне бар экенин жанымдагылар билчү эмес. Өзүм үй-бүлөлүүмүн. Балам бар. Ата-энем чет жакта.

Кылмышка шектүү Бакыт мурда да уурулук боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Мындан улам ал курал салынган баштыкты милицияга көтөрүп баргандан сестенип, андан көрө көздөн оолак жерге катып койгусу келгенин билдирүүдө. Бирок куралды эмне себептен Бишкекте катууну чечкенин түшүндүрө албайт. Ал мурдагы уурулугу үчүн дагы, азыркы курал боюнча дагы өзүн айыпсыз деп эсептерин айтып олтурду.

- Мурда дагы бир шайтан кыздар алдап коюшкан. Үйгө келип, телефонун калтырып кетишет. Анан үйдө тинтүү башталды. Андай акча өндүргүсү келген кыздар бул жашоодо көп экен да. Анда 18ге жаңы чыккан элем.

Бакайдын жанындагы эки шериги дагы мурда бейбаштык жана уурулук боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар. Учурунда жашы жете электигине карап кылмыш иши кыскарган балдар бул жолу жөн гана жүргүнчү катарында өз жумушу менен шаарга келгенин, айыпсыз экенин айтышууда. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү Эркин Жаанбаев кылмышка шектүүлөр алгачкы көрсөтмө берген учурда шаарга бирөөнү тоноо максатында куралданып келгенин билдирди:

- Өздөрүнүн айтуусу боюнча, Бишкектен бирөөнү тоногону келишкен. Ошон үчүн куралданып алышкан. Төрт ок, кесилген чолок мылтык, медициналык беткаптар, анан токулган шапканы чүмбөт кылып жасашкан. Акыркы убакта ушундай токулган шапкаларды кийип алып, каракчылык кылгандар көбөйүп жатат.

Социолог Топчугүл Шайдуллаеванын айтуусунда, өспүрүм кезинде кылмышка баргандар кайсы бир себептерден улам татыктуу жазасын албай калгандар. Мындай жагдай алардын кайра кылмыш дүйнөсүнө коркпой баш багуусуна шарт түзөт. Анткени жазасыз калуу деген түшүнүк алардын аң-сезиминде ушундай уурулук, талап-тоноочулук менен дагы жан бакса болот деген ишенимди бекемдейт.

- Бул Кыргызстандагы көп мыйзамдардын иштебей жатканы, укук коргоо органдарынын коррупцияга малынганынын кесепети. Мындан улам кылмышка баргандар убагында жазасын албай, жеңил кутулуп кетишүүдө. Айрыкча эгемендик алгандан кийин төрөлгөн жаштар идеологиясы жок калышты. Буларда бир нерседен коркуу, баш ийүү сезими жок, алар азыр кудайдан да, мыйзамдан да, мамлекеттин бийлигинен да коркпойт. Бул коомубуздагы көп кемчиликтердин жемиши болуп отурат.

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын алдындагы бөлүмдүн жетекчиси Бакыт Матисаков жаштарды кылмыш жолунан оолактатуу максатында бүгүнкү күндө укук коргоо кызматкерлери тарабынан профилактикалык иштер жүргүзүлүп, окуу жайларда атайы балдарга түшүндүрүү иштери күчөтүлүп жатканын, мындан улам кылмыштуулук былтыркыга салыштырмалуу азайганын ырастоодо. Ошол эле учурда ал жаштарды кылмыш кылуудан сестенте турган жаңы механизмдер каралып жатканын билдирди:

- Жогорку Кеңешке кайрылуу жасап жатабыз. Мисалы, азыр чоң кишилер жумушка орношкондо соттолбогону тууралуу маалымкат сурап жатпайбы. Биз дагы ата-энелер, балдар өзүнүн кийинки келечеги туурасында эртелеп ойлонсун деген максатта ошол каттоого алынган балдарды кийин окуу жайга барганда мурда өспүрүм кезиндеги жүрүш-турушу тууралуу маалымат суралгыдай механизмди сунуштайлы деп жатабыз. Мисалы институтка тапшырып жатканда “милицияга түштүң беле, ошондой учурларың барбы же жокпу?” деген кагаздар суралса дейбиз. Жаштарда өзүнүн келечегин ойлоп, эртең жакшы институтка тапшыра албай калам деген кооптонуулар болушу керек.

Кыргызстанда жаштар, анын ичинде өзгөчө өспүрүмдөр арасында тоноочулук кылмышы кеңири жайылган. Былтыр мындай 147 учур катталып, 132сине кылмыш иши козголгон. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган тарап жашы жете элек болгондуктан кылмыш иштери кыскартылган. Ошентип тоноочулук боюнча 31 иш калган.

Быйыл жыл башынан берки үч ай ичинде тоноочулук боюнча 16 факт белгилүү болду. Мындан тышкары өспүрүмдөр тарабынын денесине оор залал келтирген сегиз, адам өлтүргөн бир кылмыш иши катталып, алардын бети ачылган. Ушул тапта 14 бала кылмыш чөйрөсүнөн такыр эле кете албагандыктан колонияга камалган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG