Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:12

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыктагы” маегинде IT-технология жаатында сейрек кылмыш иштин бети ачылганын билдирди.

Анын айтымында, бул операциянын натыйжасында мурдагы президент Курманбек Бакиевдердин жакындарынын арам акчаны адалдоо жолу буулуп, телефон тыңшоого ылайыкташкан бир канча аппарат алынды.

“Азаттык”: IT-технология жаатында уникалдуу кылмыш иштин бети ачылды, буга чейин мындай Борбор Азияда болгон эмес деп кабарладыңыздар. Ушул тууралуу кененирээк маалымат берип өтөсүзбү?

Мелис Турганбаев: Чынында эле Орто Азияда биринчи жолу ушундай кылмыштын бетин ачуу болуп жатат. Мындай кылмыш 2010-жылы Орус Федерациясында болуп, кылмышкерлер кармалып тийиштүү жазаларын алган деген маалыматты Интернеттен окудук.

Бул кылмыш иши тууралуу оперативдүү маалымат биздин кесиптештерибизде, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринде мурда эле болгон экен. Биздин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыктын ыкчам тобу иликтеп, 2011-жылы 9-апрелинде кылмышка шектелгендер колго түштү.

Бул кылмыш боюнча адегенде төрт киши кармалган. Алардын иши өзүнчө тергөөдө. “Мегакомдун” кызматкерлери келип чыгымдарды алдын ала эсептешти. Алардын деле буга чейин мындай кылмыштан кабары болуп, бирок кандай күрөшүүнү билбей жүрүшкөн экен. Мурда да арыз жазып, Каржы полициясына мындан эки жыл мурун кайрылышыптыр. Биздин маалымат боюнча УКМКга да кайрылган экен. Мунун үстүндө иш жүргүзүшкөн экен.

Кармалган кишилердин баары азыр көрсөтмө берип атат. Ага ылайык, Бакиевдердин: Марат Бакиев, Максим Бакиевдердин арам акчаны адалдаган өзүнчө кылмыш схемасынын бетин ачтык. Булар былтыр 7-апрелден кийин жабылышы керек болчу. Жабылбай эле тескерисинче күчөп, ошол эле кишилер “Мегакомдо” иштеп турган.

Кыргызстанда 12 чакан GSM-шлюз деп коет, ошол траффик аркылуу акчаларды кымырып турушкан. Азыр тергөө жүрүп жатат. Биринчи факт менен кармалган төрт киши, алардын бири Дмитриев Валерий Михайлович - 1962-жылы туулган, УКМКнын мурунку кызматкери. Ал “Альфа-Телекомдо” жетекчинин коопсуздук боюнча орун басары болуп иштеген. Экинчиси Артур Шагибаев, 1965-жылы туулган, Кыргызстандын жараны. Ал “Альфа-Телекомдо” режимдик кайтаруу боюнча бөлүм башчы болуп иштеген. Ушулардын баары кылмышкерлерди калкалап, эч кимди жолотушпай, арам акчаны адалдашкан.

Бул жерде маселелер көп. Тергөө жүрүп жатканына байланыштуу айтпай турган нерселер бар. Алардын баарын ачыкка чыгара албайм.

Булардан сырткары эки адам: буйрукту аткарган, түздөн-түз GSM-шлюз менен иштегендер кармалды. Алар азыр камакта. Кечээ кечинде шаардагы Биринчи май райондук соту баарынын башында турган Валерий Дмитриев менен Шагибаевди үй камагына чыгарып койду. Эмне себептен экенин биз азыр тактап, шаардык сотко доо арыз берели деп жатабыз.

Мындан сырткары 11-апрелде мындан да күчтүү алты аппарат алынды. Бул 9-апрелде кармалган аппараттардан кубаттуулугу кыйла эле чоң. Азыр биздин телефондорубузду тыңшап жатат деп ызы-чуу болуп жатпайбы. Биринчи жана экинчи кармалган аппараттар менен биздин бардык сөздөрүбүздү, эл аралык сүйлөшүүлөрдүн баарын эркин укканга болот экен. Биз муну азыр далилдеп жатабыз. Булар ушул аппараттар менен угуп жүргөнбү, укпай жүргөнбү деп тергөө иши жүрүп жатат.

Биздеги оперативдүү маалыматтын негизинде бул уюшма кылмыштын схемасы экени чыгып жатат. Издөөдө жүргөн уюшма кылмыш тобун акмалаганда телефону катталган базаларды текшерип атып кылмыштын бетин ачып, шектүүлөрдү колго түшүрдүк. Ушундан улам булардын уюшма кылмыш топтору менен байланыштары болсо керек деп ойлоп жатабыз.

Кечээ кармалгандар аркылуу дагы эки даректен дагы төрт аппаратты биздин балдар барып бүгүн алып келишти. Азыр бардыгы болуп алты киши кармалды.

“Азаттык”: Булардын баары “Альфа-Телекомдун” кызматкерлери бекен?

Мелис Турганбаев: “Альфа-Телекомдо” экөө - Дмитриев менен Шагибаев эле иштеген. Калгандары, мына кечээ күнү кармалган төрт кишинин экөө биздин жарандар эмес, бирөө Ташкенттен, Өзбекстандын жараны, экинчиси Тажикстандын жараны.

Бул кылмыш иштин алкагында, алдын ала эсептөөлөргө караганда, бул кылмыштын айынан өкмөткө, “Мегакомго”, уюкфон байланыштарына миллиондогон, миллиарддаган чыгым келген. Азыр “Мегакомдо” иштеген адистер менен биздин кызматкерлер бирге иш алып барып жатышат. Башынан тартып эле биз УКМКнын кызматкерлери кошконбуз. Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн чоң арам акчаны адалдаган схемасын аныктап жойдук.

Түрмөнүн өз мыйзамдары бар

“Азаттык”: Эми уюшма кылмыш топтору менен күрөшкө байланыштуу суроо берсем. Жакында эле кыргыз абактарында жапырт нааразылык акциялары өтүп, мунун артында кылмыш дүйнөсүнө аты чыккан адамдар турат деп айтылды. Бул жерде кандай байланыш бар? Кылмыш топтордун лидерлери абакта жаткандарды каржылап турганбы?

Мелис Турганбаев: Бул маселенин бир чети. Эң негизги себеби - ошол Жаза өтөө кызматынын өзүнүн ичинде өз ара келишпестиктер бар. Мен муну вице-премьер-министр катышкан оперативдүү жыйында да ачык эле айткам, кесиптештерим туура деп эсептешкен. Муну анан уюшма кылмыш топтору жасаган ишке айландырып жиберишкен. “Көлбаев айтып жатат, ошол уюштуруп жатат” деп чыгышкан.

Биздин 10-башкармалык, Уюшма кылмыш топтору менен күрөш башкы башкармалыктын кызматкерлери, абакта жаткандар менен иш алып барган өзүбүздүн бөлүмүбүз Жаза өтөө кызматы менен чогуу баарын иликтегенден кийин көп нерселер аныкталган. Эми ал жерде ачкачылык акциясы деп деле айтууга болбойт. Анткени түрмөдө өзүнүн мыйзамдары бар.

Биз уюшма кылмыш топторуна каршы баштаган ишибизди аягына чыгарабыз. Бизге эч кандай тоскоолдук болбойт. Биздин оперативдүү кызматкерлер жакшы эле иштери алып барууда. Мына акыркы эки айдан ашык убакыттан бери жасаган иштерде көрүнүп турат. Көп жерлерде, региондордо элдин көбү эле туура башталган иш болду деп айтып жатышат.

Биз азыр көптөгөн коррупциялык байланыштарды ашкерелеп жатабыз. Мисалы Таласты алсак, райондук кеңештин төрагасы пара алып аткан жеринен кармадык. Андан сырткары облустук прокурордун орун басарына каршы иш козголду, ал азыр ооруканада экен, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жакында эле биздин түштүктөгү Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аймактык башкармалыгыбыз Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында жайгашкан “Коллизей” деген казинону жабышты. Ал жерде 20дан ашык башка өлкөлөрдөн, Украинадан, Тажикстандан келген жарандар иштеп атыптыр. Дегеле ошол казинонун өзүнүн курулушуна байланыштуу каттоо мекемесинин кызматкерлери менен иштер жүрүп жатат. Алар өкмөткө салык катары үч жылдан бери дээрлик эч нерсе төлөшчү эмес экен.
Мен эми сизге орчундуу гана мисалдарды айтып өттүм. Изделип аткан негизги Көлбаев Анапияев, Касенов сыяктуу кылмышкерлер боюнча өзүнчө топторубуз иш жүргүзүп жатат. Биз алардын каякта жүргөнүн билебиз. Азыр Башкы прокуратура, эл аралык кызматташуу аркылуу бул жакка алып келип жоопко тартуунун үстүндө иштеп жатабыз.

Укук жана жоопкерчилик

“Азаттык”: Ушул уюшма кылмыш топтору менен күрөш созулуп кеткен жокпу? Анткени башында бир айда, андан кийин 2-3 айда тыянак, натыйжа чыгат деп айттыңыздар эле. Сиз айткан лидерлерди кармоо качан ишке ашат? Кармоого кандай тоскоолдуктар бар, каражат, мүмкүнчүлүк жагынан жетишип жатасыздарбы?

Мелис Турганбаев: Материалдык-техникалык база, каражат жагы баары эле толук. Өкмөттөн бардык жактан колдоо көрсөтүлүп жатат. Биз бир ай, же эки айда тыябыз деп айткан эмеспиз, бирок 1,5 айда жолго салабыз деп айтканбыз. Бир жарым айга жетпей эле баарын жолго салып атабыз. Бардык региондордо кылмыш топторунун кароолго коюп койгон өкүлдөрүнүн 20 чактысын ар кандай кылмыштар менен кармадык. Эл мындайча айтканда алардан эс алып калды. Андан сырткары 140тан ашык адам кармалды.

Кандайдыр бир себептер менен мурда туура эмес соттолгон, коркутуп-үркүтүүгө барган көп фактыларды, кылмыш иштерди кайра көтөрүп, сот, прокуратура аркылуу кайра жаңыртып иштейли деп атабыз.

Бизде абактар болгондон кийин, кылмыш дүйнөсү да болот, бул канча жылдардан бери эле болуп келген. Булардын өздөрүнүн жазылбаган мыйзамдары бар. Алар ошону менен жашашы керек. Антпей эле булар кийинки кезде бийликке же дагы башка нерселерге кийлигише баштаган.

Кылмыш дүйнөсүн бат эле бүтүрүп коебуз дегенден мен алысмын, бирок орду-ордуна коюп, тартипке келтирип, кылмыш кылса мыйзам чегинде жоопко тартканга аракет кылып жатабыз. Эми муну жылдын аягына чейин, же болбосо үч айдан кийин деп айтпайм, Уюшма кылмыштуулукка каршы башкармалык түзүлгөн, ал жерде иш жүрө берет.

Уюшма кылмыш топтору менен күрөшүүнү саясатка байлап, саясатка айландырбаш керек. Бир аз мурун абактагылар тууралуу суроо бердиңиз, биз деле билебиз ал жакка кимдер барып, кимдер көкүтүп-көтөрүп жатканын билебиз.

Мен мына 27 жылдан ашык убактан бери ушул системада иштеп келе жатам, көптөгөн кылмышкерлерди камадык. Азыр бизди "көбүн жөн эле камап атасыңар" деп жатышат. Кантип жөн камай бермек эле? Жөн камаса анда сот деле көрөт да. Эртеңки күнү сот системасы жооп берет, биздин кызматкерлер деле жооп берет. Өздөрү мыйзам бузгандар, башкаларды да мыйзам бузат деп ойлошот. Баарын бир тизмекке салып карай берген болбойт. Уюшма кылмышкерлер менен күрөшүүнү азыр коом өзү колдоп жатат. Бирок муну саясатка айландыргандар көп болуп жатат. Бизде иш жакшынакай эле жүрүп жатат.

Министр өзү баш болуп баарыбыз отуруп алып күнүгө эртең менен, кечинде талкуулап жатабыз, мыйзам бузуулар болсо айтып жатабыз. Камалгандарды "сабап, уруп, кыйнап атыптыр", деп атышат. Арыз менен кайрылышсын, келсин, көрсүн, анан адвокат деген бар. Анан көрбөй-билбей туруп эле “дейт экен” деген биздин коомдо ушундай тарап кеткен.

Анан баңги заттарды сала коюп эле кармап атышат дейт. Мына эки жарым айдын ичинде уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүнөн 60 килограммдан ашык баңгизат алдык. 40, 13, 10 килограммадан алып аттык, ошолордун баарын кантип сала коймок элек? Уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүнүн көбү маңзаттан көз каранды. Тажрыйбалуу оперативдүү кызматкер маңзаттарды алар каякка кантип катаарын билет. Кээ бирлер ушул кылмышкерлерге ишенип, күнү-түнү менен мыйзам чегинде иштеп аткан тартип коргоо органдарынан шек санашат.

Система бузулганда...

“Азаттык”: 18-апрелде сиздердин министрликте ички иштер органдарын өнүктүрүү концепциясы жана “Полиция тууралуу” мыйзам долбоор талкууланат экен. Мындай мыйзам долбоор менен эмнени өзгөрткөнү жатасыңар? ИИМди реформалоо кандай жүрүп жатат?

Мелис Турганбаев: 5-10-жылдан бери эле ички иштер органдарын реформа кылыш керек деп келатышат. Бирок мурунку жетекчилерибиз бир башкармалыкты жоюп, эки башкармалыкты кошуп, үч башкармалыкты кошуп бир түзүм кылып ушундай реформа жүргүзүп келген. Реформа бөлөкчө жүрүшү керек эле.

Биз азыр өзгөртүүнүн жол-жобосун карап жатабыз. Кандай кылсак ишибиз оңтоюнан чыгат, кандай кылсак милиция элге жакын болот. Ушундай иштер боюнча комиссия түзүлгөн. Биздин Илим-изилдөө башкармалыгы, Академиянын окутуучулары жана тажрыйбалуу адистер иштеп жатышат.

80-70-жылдары милицияны эл сыйлачу. Ал кезде бийлик милицияны курал катары колдонгон эмес. Өзүнүн функциясын гана мыйзам чегинде аткарчу. Эл милицияга ишенчү. Күч органдарынын баары бири-бири менен тыгыз иштечү. Биз кылмышкерлерди кармап, тергөө иштерин жүргүзүп, кылмышын мойнуна коюп, сот системасына өткөрүп бергенде сот жакшылап иликтеп-тактап көрүп тиешелүү жазасын берчү. Кийинки кезде бардык эле система бузула баштады. Коррупция башталды.

Реформа болуш үчүн коррупцияны жоюп, мыйзамдарыбызды ирээтке келитиришибиз керек. Мен учурдан пайдаланып айтып кетейин, биз уюшма кылмыш топторуна каршы мыйзам даярдаганбыз. Мына апрель болду. Парламентке жөнөтүлгөн, баары билип көрүп турат.

Шайлоолордо саясий партиялардын ишине уюшма кылмыш топторунун аралашканын баары эле билет, өкмөт билет, эл билет, биз билебиз, ошондуктан кылмыш топторго күрөш жарыяланды. Ошентсе да мыйзам жылбай токтоп калды. Башында жакшынакай сүйлөшүп, жылдын башында эле кабыл алып беребиз деген. Эми анча-мынча жерлерин эле алымчалап-кошумчалабаса мыйзам дапдаяр турат. Эми азыр кыргызчага которуп атышыптыр, ошончо күндөн бери эле бул ишти бүтүрүп коюшса болмок. Ар кандай нерсеге алаксыбай, мыйзамдарды тезирээк кабыл алып берсе жакшы болмок эле.

Күбөлөргө, жабырлануучуларга байланыштуу мыйзамдарды берип жатабыз. Кылмыш-жаза кодексин өзгөртөлү, көп беренелерин өзгөртөлү дегенбиз. Мисалы курал алып жүрүү боюнча өзгөртүү киргизип, уюшма кылмышкерлердин макамы аныкталышы зарыл. Антпесе тоодо мылтык алып жүргөн чабан менен, киши өлтүрүү же тоноо үчүн курал алып жүргөн кылмышкердин мөөнөтү бир эле болуп калып жатат. Мыйзамдарды кабыл алып берсе ишибиз натыйжалуу болот эле. Мыйзамдарды кабыл алууну ким токтотуп атканы белгисиз.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG