Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Крымда украин жарандары куугунтукталууда


Киевдеги орус элчилигинин алдындагы митинг. 6-ноябрь, 2015-жыл. Украина
Киевдеги орус элчилигинин алдындагы митинг. 6-ноябрь, 2015-жыл. Украина

Украинанын Тышкы иштер министрлиги жана укук коргоо уюмдары Орусия аннексиялаган Крымда украин жарандары куугунтукталып жатканын айтышууда.

Алар тараткан маалыматка караганда, өткөн эки жыл аралыгында ондогон крым татарларына жана этникалык украиндерге кылмыш иши козголуп, соттолуп кеткен. Укук коргоочулар камакка алынгандарды жакындары же Украинанын консулдары менен жолуктурууга тоскоолдук бар экенин белгилешет. Орусиянын тышкы иштер министрлиги буга жооп кайтара элек.

Камалгандардын саны көбөйгөндө

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө жана адам укугун коргоо уюмдарынын тараткан маалыматы боюнча, соңку жылдары Орусия ондогон украин жарандарын соттогон. Анда алардын көпчүлүгүн Орусия экстремисттик деп тапкан “Правый секторго”, ыктыярдуу батальондорго же башка бир саясий күчтөргө тиешеси жок экени көрсөтүлгөн. “Мемориал” укук коргоо уюму даярдаган тизмеде Орусиядагы саясий туткундардын он пайызы украин жарандары экени айтылган. Укук коргоочулар украин жарандарын негизсиз жерден кармап, аларга айып тагуу өнөкөткө айланганына тынчсызданышууда.

Орусия барымтага алган Эстон Кохвер, Олег Сенцов жана Надежда Савченко.
Орусия барымтага алган Эстон Кохвер, Олег Сенцов жана Надежда Савченко.

- Мен Москвадагы абактарда жаткан бир топ украин жарандарын билем. Анткени мен алар жаткан түрмөлөргө барып турам. Анан да мен камак жайларындагы абалга байкоо салуучу коомдук кеңештин мүчөсүмүн. Мен белгилүүлөрдөн Надежда Савченко, Олег Сенцов, Юрий Салошенко, Геннадий Афанасьев, Алексей Черных сыяктуу буга чейин саясий себеп менен “Крым иши” боюнча соттолуп кеткен украин жарандарынан кабар алып турам. Алар мурда Москвадагы тергөө абагында болчу. Азыр Ростовдогу түрмөдө. Бул адамдарга карата бардык юридикалык кепилдиктер сакталбастан, укуктук ченемдер бузулган. Аларга жакын туугандары менен же Украинанын консулдугу менен жолугушууга тыюу салынган. Биз чынында Орусиядагы түрмөлөрдө жаткан жалпы украин жарандарынын так санын билбейбиз. Бирок бизге алардын саны өтө эле көп деген маалымат келип турат, - деди укук коргоочу Зоя Цветова.

Укук коргоочулар Орусиянын аймагында жүргөн айрым украин жарандары атайын кызматтардын тузагына илинген учурлар аз эмес экенин белгилешкен. Бул үчүн орусиялык чекисттердин ал жаранды “Правый сектор” сыяктуу уюмдун мүчөсү же тыңчы болушу мүмкүн деген шектенүүсү жетиштүү экени мисалга алынган. Эл аралык укук ченемдери боюнча чет өлкөдөгү Украина жарандарын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы коргоого тийиш. Бирок Орусиядагы украин консулдарына андай мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Тышкы иштер министрлиги тынчсызданат

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, украин жарандарын куугунтукка алган учурлар Орусия аннексиялаган Крымда көп катталганы мисалга алынган. Анда “Крымдын түпкүлүктүү мамлекет менен болгон байланышын жок кылуу үчүн Москва дүйнөлүк коомчулуктун пикирин эске албастан, жарым аралда масштабдуу кысымга алууну күчөтүп жатат” деп көрсөтүлгөн Украинанын Тышкы иштер министрлигинин атайын билдирүүсүндө. Мындан крым татарлары жана андагы этникалык украиндер жабыркап жатканы көрсөтүлгөн. Анда Крымдагы сөз эркиндигине каршы күрөштө Симферополдогу ATR телеканалы жана анын кызматкерлери Лилия Буджурова, Эльзар Ислямов жана коомдук активист Ленур Ислямовдордун тагдыры мисалга алынган. Эл аралык укук коргоо уюмдары саясий себеп менен камакка алынган украин жарандарын бошотууну талап кылып Москвага бир нече курдай кайрылуу жасаган. Крым татарларынын көбү былтыр мартта жарым аралдын Орусия тарабынан аннексияланышына каршы чыгышкан.

XS
SM
MD
LG