Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Украина Орусиянын үстүнөн Гаага сотуна кайрылат


Орусия аннексиялап алган Крымга аскер техникаларын арбын жайгаштырууда.
Орусия аннексиялап алган Крымга аскер техникаларын арбын жайгаштырууда.

Украина Орусиянын үстүнөн БУУнун Гаагадагы Эл аралык сотуна кайрылат. Бул тууралуу Украина Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Марьяна Беца билдирди.

Киев Орусияны Крымды аннексиялап алган жана Донбасстагы жикчилдерди колдоо менен тиешелүү конвенцияны бузган деп айыптоодо. Украина президенти Петро Порошенко жикчилдердин аракетин террорчулук менен салыштырды.

2016-жылдын этегинде БУУнун Башкы ассамблеясы "Орусияны оккупант өлкө, ал эми Крым менен Севастополду убактылуу оккупацияланган аймактар" деп тааныган резолюция кабыл алган. Документте Крымдагылардын, айрыкча крымдык татарлар менен украиндердин укуктары бузулуп жатканы сынга алынган. Кремль БУУнун чечимин "калыс эмес" деп атаган болчу.

XS
SM
MD
LG