Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Ошто ырчы менен вице-мэрдин жаңжалын милиция иликтөөгө киришти


Темир Назаров
Темир Назаров

Ырчы Темир Назаров менен Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыровдун жаңжалы боюнча калаа милициясы иликтөө баштады. Экөөнүн мушташы тууралуу бүгүн интернетте кабарланып, вице-мэр ырчыны сабап койгону айтылган. Мындан улам Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги окуянын чоо-жайын иликтөөгө тапшырма берди. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Мушташкан тараптар күч органдарына арыз жазышкан эмес. Окуяга комментарий да берише элек.

Вице-мэр Нурбек Кадыров КСДП партиясынын мүчөсү. (SE)

XS
SM
MD
LG