Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:45

1-июндан тарта Кыргызстанда жайкы туристтик сезон расмий башталды. "Өңүт" апталык берүүсү Балкан чөлкөмүнүн тоолуу өлкөсү - Хорватиянын туризм тажрыйбасына кайрылып, Кыргызстандын бул тармактагы көйгөйлөрүн талдады.

Швейцариядагы Дүйнөлүк экономикалык форум дүйнө мамлекеттеринин Саякат жана туризм тармагындагы атаандаштык жөндөмүн аныктаган соңку рейтингинде (Travel & Tourism Competitiveness) Кыргызстан 134 өлкө ичинен 107-орунда, ал эми биз бүгүн тажрыйбасын сөз кылалы деп жаткан Хорватия 34-орунда турат.

Бул рейтингди аныктоодо Дүйнөлүк экономикалык форум тармактын ишин жөнгө салган эрежелер, коопсуздук, аба-катнаш, жол, туризм инфраструктурасы, экологиянын туруктуулугу, табигый, маданий байлыктар өңдүү 14 ири факторду, андан сырткары өнүгүүгө кыйыр да, түз да салым кошуучу жетимиштен ашуун позицияны эске алат.

Алардын негизгилери, маселен бизнес чөйрөнүн абалы, инфраструктура, адам, маданий жана табыгый ресурстарды бирге караганда, Хорватиянын туруму Кыргызстандыкынан кыйла алдыда.

Бирок ар бир факторду бөлүп карай келгенде, кээ бирлеринде ажырым анчалык деле чоң эмес. Маселен табияттын сапаты деген позицияда Дүйнөлүк экономикалык форум Кыргызстанды 39-орунга жайгаштырса, Хорватияга 19-орунду берген.

Адриатика деңизинин бир ыптасын бойлой жайгашкан Хорватиянын деңиз жээги албетте узун, бери дегенде 800 чакырым, андан башка ондогон аралдары бар. Бирок суу жээктери жайык эмес, кууш, таштак жана урчук-бурчук.

Тоолору Кыргызстандыкынан жапыз, жылаңач, бирок аларда аралата салынган жолдору жакшы.

Атаандаштык ачкычы - сапат, өзгөчөлүк, баа

Балкан чөлкөмүнүн калкы Кыргызстандыкынан аз, төрт жарым эле миллион келген бул өлкөсүнө былтыр 11 миллион турист келип, тармактын кирешеси 6,5 миллиард евродон ашкан. Туристтер санынын 90% чет элдиктер, анын ичинде 80% европалыктар түзгөн, 11 миллион туристтин 6 миллионго жакыны конуп кетти деп саналган.

Өлкөнүн туризм министринин чет элдик байланыштар боюнча жардамчысы Зелмир Крамаричтин (Zelmir Kramaric) “Азаттыкка” айтканына караганда, Хорватияда азырынча негизги кирешени жайкы туризмден табат, бирок учурда башка багыттарды да өнүктүрүү аракети көрүлүүдө:

- Хорватиянын эң башкы продуктусу – жайкы туризм. Себеби туристтердин көбү жайында - июнь, июль, август айларында келет. Албетте биз туризмдин башкы багыттарын өнүктүрүү аракетиндебиз. Планыбыз боюнча келгендердин жана түнөп кеткендердин саны да көбөйөт.

Албетте эң башкы кызыкчылыгыбыз - туризмден түшкөн кирешени арбытуу. Былтыр биз туризмден 6,8 миллиард евро алдык. Бул - жакшы жыйынтык. Саналуу жыл мурда, экономикалык кризиске дейре 7,5 миллиардга жеткенбиз. Быйыл 7 миллиард евро алабыз деп күтүүдөбүз. Биздин алдыдагы жылдарга планыбыз келген, түнөгөн туристтердин санын, алардан түшүүчү кирешени жайкы гана эмес, жаңы туристтик продуктулардын эсебинен көбөйтүү. Бизде айыл жерлериндеги туризмди, дарылануу жана ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү бар.


Зелмир Крамарич тармактагы бүгүнкү катуу атаандаштык туристтик продуктунун сапатын көтөрүүнү талап кылууда:

- Бүгүн туризм - бөлөкчө таасир калтыруу, андыктан биз башка өлкөлөр менен хорватиялык таасир калтыруу аркылуу атаандашып жатабыз. Азыр баары атаандаштыкта арзан бааны, арзан ташууну колдонушууда. Атаандаштык Жер ортолук деңиздин тегерегинде өзгөчө күчтүү. Анткени ал дүйнөнүн эң кубаттуу туристтик аймактарынын бири да. Биздин атаандаштарыбыз эски да, жаңы да өлкөлөр. Андыктан биз өнүгүүбүздө сапатка басым жасоого аракеттенип жатабыз. Белгилей кетүүчү жагдай, биз туристтердин мейманканада жайгашуусу үстөмдүк кылган өлкө эмеспиз. Конокко келгендер шаар-кыштактарыбызда жергиликтүү калкка аралашып жайгаша алышат, ээн-эркин басып жүрө алышат. Коопсуздук жагы жолго коюлган. Маданиятыбыз, тамагыбыз, винобуз туристтердин кызматында. Башкача айтканда, стандарттык туристтик продуктуга өз кошумчаларыбыз да бар. Азыркы дүйнөдө атаандашуунун жалгыз аргасы ушул. Кимдир бирөө эс алуусун Кыргызстанда же Хорватияда же башка жерде өткөргүсү келеби, ал эс алуу менен катар ошол өлкөнүн маданиятына, салтына жана башка нерселерине таасирленип кайткысы келет.

Улуттук каада-салты, оюндарды атайын туристтерге арнап көрсөтүү жөрөлгөсү Кыргызстанда акырындык менен калыптанып келатат.

Бирок туризм жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырууда чар-жайытуулуктун, системалуулуктун жоктугу, мамлекеттин туризм мекемесинин мурда баштаган ишин кийин кызматка кийин келгендердин улантпагандыгы, кызмат көрсөтүүнүн сапатында, баа саясатында олуттуу проблемалар сакталууда.


Хорватияда деле туристтик кызмат көрсөтүүдөгү баа саясатын базар жөнгө салат. Бирок Хорватиянын туризм министринин тышкы байланыштар боюнча жардамчысы Зелмир Крамаричтин айтымында, көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатына мамлекет көзөмөл салат:

- Биздин ишенимибизде баа саясаты базардагы башкы эрежеге ылайык кетүүсү абзел. Анткени Хорватияга келген ар бир конок төлөгөн акчасына алган кызматына канааттанган сезимде калуусу керек. Бул жеке маселе, бирок биз бул жаатта, өзгөчө биз үчүн маанилүү чет өлкөлөрдө иликтөө жүргүзүп турабыз. Ал иликтөөлөр биздин коноктор Хорватиянын баа жагынан атаандашуу жөндөмү жетишерлик экендигин айтышкан.

Реклама туристтик салыктын эсебинен

Туризм Улуттук дүң өндүрүштөрдүн 5-15% чейинки үлүшүн түзгөн Европа өлкөлөрүндө тармакка тескөө жүргүзүү жана өлкөнүн туризм мүмкүнчүлүктөрүн рекламалоо, же башкача айтканда туристтерди азгыруу эки башка мамлекеттик мекеменин иши.

Хорватияда маселен мамлекеттик тескөөнү – Туризм министрлиги жүргүзсө, туристтерди азгыруу менен Улуттук туристтик кеңеш алектенет.

Бул мекеменин интернеттеги сайтында Хорватиянын туристтик аймактары, барууга арзыйт деген жерлери, тигил же бул аймакта түнөгүдөй кандай жай бардыгы тууралуу маалыматтар он беш тилде жайгаштырылган.

Зелмир Крамарич белгилегендей, Улуттук туристтик кеңештин жылдык бюджети өлкөгө түнөп кеткен туристтин ар биринен алынуучу өзүнчө салыктын эсебинен куралат:

- Улуттук кеңеш туризмди рекламалоо жагынан улуттук саясатка жоопкер. Ал негизинен кирешени туристтик салыктан алат. Бул салык Хорватияда түнөгөн ар бир туристтен чогултулат. Улуттук туристтик кеңештин бул кирешеси жергиликтүү, аймактык жана борбордук туристтик кеңештер ортосунда бөлүнөт. Өкмөт да Улуттук туристтик кеңештин бюджетине салым кошот. Улуттук туристтик кеңештин жылдык бюджети 30 миллион евронун тегерегинде. Анын 80-90% чет өлкөлүк базарда реклама иштери үчүн жумшалат.

Негизи туристтик салык деген бул индустрия өнүккөн өлкөлөрдүн баарында эле бар. Бирок ал туристтин чөнтөгүнө оорчулук деле келтирбейт.

Күнүнө түнөк акысы үчүн 50 же 100 доллар төлөп жаткан конок, туристтик салык катары кошумча бир же жарым долларга кыйылбайт. Бирок бул салык чогулуп, максаттуу жана натыйжалуу жумшалуусу үчүн түнөгөн туристтин саны бухгалтердик кагаздар аркылуу эсепке алынуусу керек.

Мыйзам тескейт, конок үйлөр сертификат алат

Хорватияда тикелей туризм индустриясынын ишин тескөө багытында эки мыйзам кабыл алынган.

Алардын бири туристтик кызматты кимдер көрсөтө аларын жана алардын ишинин жол-жобосун, экинчиси конок үйлөрдүн жана коомдук тамактануу жайларынын жумуш эрежелерин аныктаган.

Хорватиянын Туризм министрлигин өкүлү Зелмир Крамарич ырастагандай, азыр Хорватиянын жайкысын күнүнө бир миллион адамды түнөтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Керебеттердин 50% жеке секторго таандык, 30% жайында уюштуруулуучу кемпингдер, 15 пайыздан 20% чейинкиси мейманканалар.

Алардын стандарттын мамлекет атайын сертификат берүү аркылуу аныктайт:

- Бизде стандартты аныктоочу мыйзам бар. Ага ылайык мейманканаларга сертификат беребиз. Мейманканаларды бул жаатта министрлик тейлет. Ал эми жеке секторду конок үйлөрүн сертификацилоо жергиликтүү бийликтердин иши. Конок жайларын кургусу келгендер ошол мыйзамдагы стандарттарга таянуусу керек. Эгер үч жылдыздуу мейманкана кургусу келсе, ал эмнени билдирери мыйзамда жазылган. Архитектордун, пландоочунун мына ошол стандартка таянуусу талап кылынат. Мурдагы Югославия учурунда Хорватия эки жылдыздуу туристтик багыт катары эсептелчү, конок жайларыбыздын учурдагы абалды туризмдин жай мезгилине гана ык алган тарыхый өнүгүшүн чагылдырып турат. Биз мейманканалардын, курорт-мейманканалардын үлүшүн көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Бул жээк аймактарында сезонду азыркыдан узунураак кылууга мүмкүндүк берет.

Ысык-Көл

Ысык-Көл

Зелмир Крамарич белгилегендей, Хорватия учурунда туризмди өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейин эсептелген стратегиялык планынын үстүнөн иштөөдө.

Атаандаштык күчтүү базардан өз ордун табуу үчүн мындай планга ар бир өлкө муктаж. Кыргызстанда деле мурдагы эки бийликтин тушунда туризмди өнүктүрүү боюнча далай долбоолор, пландар даярдалган.

Бирок системалуу иш жок болгондуктан жетекчилер алмашканда же туризмди тейлеген мекеме кайра түзүлгөндө ал пландардын алгылыктуулары деле унутта кала берет. Улам жаңы келген жетекчи өзүнчө жаңы иш баштагандай түр көрсөтөт.

Маселен 2008-жылга чейин иштеген Туризм агенттиги Баткендеги Айгүл гүлүн Кыргызстандын туристтик эн белгиси катары таанытуу аракетин көргөн, бирок бул кайра унутулуп, азыр эми жаңы эн белгиси изделип жаткандай.

Ар туристтик фирма, Ысык-Көлдүн ири деген эс алуу жайлары туристтик жармаңкелерге катышып, өз арбайын өздөрү соккону менен Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу боюнча улуттук саясат жана ырааттуу иш жок.

Чет элдик көз караш


XS
SM
MD
LG