Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

ЖККУга мүчө мамлекет башчыларын Ооганстан жана 2014-жылы коалициялык күчтөрдүн аскерлери чыгарылгандан кийинки кырдаал тынчсыздандырууда.

28-майда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейформал саммити өтүп, анда аймактагы коопсуздук жана Ооганстан темасы талкууланды.

Жолугушууга Алмазбек Атамбаевден тышкары Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон катышты.

Бишкек саммитинде жамааттык коопсуздук системасын өнүктүрүү жана ЖККУнун коргонуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу тууралуу сөз болду.

Саммиттин соңунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжанын журналисттерге билдиришинче, уюмдун аскерий багытын күчтөндүрүү боюнча чечимдер кабыл алынган.

- Учурда болуп жаткан коркунучтарды эске алуу менен ЖККУнун Борбор Азия аймагындагы ишмердүүлүгү каралды. 2014-жылдан кийин Ооганстандагы кырдаал мүмкүн курчуп калса, анын терс кесепеттерин азайтуу боюнча конкреттүү чаралар талкууланды. Башка да бир катар чечимдер кабыл алынды, анын ичинде аскерий багытты күчтөндүрүү бар. Ошондой эле ооган бийликтерине туруктуулукту камсыз кылууда көмөк көрсөтүүчү иш-чаралар каралды.

Бордюжа уюмга мүчө мамлекеттердин чек араларын бекемдөө, жакшыртып түзүү жана ЖККУнун ыкчам аракеттенүүчү биргелешкен күчтөрүн аскерий куралдардын заманбап үлгүлөрү менен камсыз кылуу талкууланганын кошумчалады. Бирок Бордюжа курал-жарактардын түрлөрү боюнча кеңири маалымдаган жок.

Бишкек саммитинин алдында айрым орусиялык маалымат каражаттары - Орусия өз эсебинен уюмга мүчө мамлекеттерди 2013-жылдын акырына чейин курал-жарактар, анын ичинде жашыруун куралдар менен да камсыздайт экен деп жазып чыгышкан.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ЖККУга мүчө мамлекеттердин бейформал саммитинин ачылыш бөлүгүнөн башка негизги талкуулар жабык өттү.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жыйынды ачып жатып, бул бейформал жолугушуу болгону менен анда каралып жаткан маселелер өтө олуттуу экенине токтолду.

- Биздин жолугушуу бейформал мүнөзгө ээ болгонуна карабастан зарыл иштер бар. Биз коопсуздук тармагындагы натыйжалуу чараларды күчөтүүчү чечимдерди кабыл алууга багытталган маселелерди талкуулайбыз. Буга бизди ЖККУнун өз жоопкерчилик чөйрөсүнө кирген дүйнөдөгү жана аймактагы коопсуздукка байланыштуу коркунучтар мажбурлап жатат.

Казакстан менен Тажикстандын президенттери да саммиттин күн тартибин олуттуу деп атап, өз ойлорун ортого салды. Орусиянын президенти Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишим уюму өз чөйрөсүнө кирген аймактагы коопсуздукка жоопкер экенин белгиледи. Ошондой эле ал Ооганстандан келүүчү коркунучтарды белгилеп, “өз мамлекеттерибиздин жарандарынын тынчтыгын камсыз кылуубуз керек” деп кошумчалады.

- Биздин уюм өз чөйрөсүнө кирген аймакта туруктуулукту камсыз кылууда өтө чоң ролду ойнойт. Бул иштерди жүргүзүү үчүн багытталган уюмдун саясий жана аскерий түзүмдөрү бар. Уюмдун биргелешип, күжүрмөн аракеттенүүчү жана бейпилдик орнотуучу күчтөрү ушул максатты көздөйт. ЖККУ маң аткезчиликке, мыйзамсыз миграцияга, маалымат тармагындагы кылмыштарга каршы операцияларды жүргүзүп келет. Ошондой эле бирдиктүү аскерий окуулар өткөрүлөт. ЖККУнун алкагында аскерий жана аскерий-техникалык кызматташтык тышкы саясаттагы улам жасалып жаткан иштерди координациялоо менен тереңдеп жатат.

Саммитте кыргыз президентинин демилгеси менен Орусия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан темир жол долбоору талкууланган. Мамлекет башчылар долбоор боюнча өз өлкөлөрүнүн тиешелүү органдарына тапшырмаларды берүүнү убада кылышкан.

Кыргызстан быйыл ЖККУга төрагалык кылууда. Уюмга Кыргызстандан тышкары, Орусия, Казакстан, Беларус, Армения жана Тажикстан мүчө. Беларус президенти Александр Лукашенко менен Армения президенти Серж Саргсян жүйөлүү себептерден улам Бишкек саммитине келбей калганы айтылды. Өзбекстан өткөн жылы уюмдан чыгып кеткен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG