Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Бишкекте 28-майда өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекет башчылардын кезектеги саммитинде аймактык коопсуздук маселеси жабык талкууланды.

Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Тажикстан мамлекет башчыларынын бул бийик жолугушуусунда Ооганстандан келүүчү ыктымал коркунучтар жана анын алдын алуу чаралары талкууланды.

Кыргызстан төрагалык кылган уюмдун бул саммити алдында аталган маселелер Бишкекте ЖККУга кирген мамлекеттердин коргоо, тышкы иштер министрлер кеңештеринин, коопсуздук катчыларынын жыйындарында талкууланды.

Мына ушул жыйындар маани берген аймактык коопсуздук маселелеринин айрым өңүттөрүн "Азаттык" арай көз чарай талкуулап көрдү.

Талкууга АКШ баш болгон коалиция күчтөрүнүн Ооганстандагы саны азайгандан кийин, ЖККУ Ооганстандан күтүлгөн коркунучтарга туруштук бере алабы, ага чама-чаркы жетеби, Кыргызстан Орусиянын геосаясий майданы болуп калуу ыктымалдыгы бар деген жоромолдордун жүйөсү канчалык, Орусия ЖККУ аркылуу геосаясий кубатын бекемдеп жатабы деген өңдүү суроолор коюлду. Ага “Антитеррор” коомдук уюмунун жетекчиси, мурдагы коопсуздук кызматкери Артур Медетбеков жана саясат таануучу Самаган Мурзаибраимов катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Батыш эксперттеринин - Ооганстан, Сирия, Иран маселелерине өзгөчө пикирде туруу аркылуу Орусия Евразия алкагында саясий-аскерий таасирин кайрадан күчөтүүнү максат кылууда деген божомолдору канчалык жүйөлүү?

Артур Медетбеков: Ачыгын айтыш керек, 2001-жылы АКШда эки имаратты жардыруу окуясы - АКШнын Ооганстанга киришине шарты, мурда эле умтулуусу бар НАТО, АКШ аскерлерине мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Биринчиден, атомдук бомбалары бар, ядролук державаларга кирген, бир жагында Индия, Пакистан, экинчи жагында Орусия, Кытай турганда Ооганстанга алардын кириши геосаясий жактан ыңгайлуу болду. Эң негизгиси, алар Борбор Азия, постсоветтик өлкөлөргө кирген Орто Азия мамлекеттерине таасирин тийгизе баштады. Демек бул Орусиянын түштүк чек арасына тийишкендей сезилди.

Орусия таасирин бул аймакта жоготпош үчүн экстремисттик, наркотрафик, террорчул жолдорго бөгөт коюу максатында ЖККУга, ШКУга кирген мамлекеттердин алкагында иш-аракеттерин жасап жатат. Азыр каржылык, экономикалык, саясий жактан Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерге жардамын көргөзүп, келечекте коопсуздук алкагын түзүүгө бардык аракеттерин жасап атат.

Самаган Мурзаибраимов: Кезинде Орусия кубаттуу СССРдин мураскору катары өзүнүн активдүүлүгүн көргөзө алган жок. Андан кийинки учурду карасак, айрыкча, Путиндин президент болуп келиши менен бирге Советтер Союзунан кийинки карама-каршылыктуу дүйнөнүн ордуна ымалалуу дүйнөнүн түзүлүшүнө Кытай менен Орусия мүмкүн болушунча тоскоолдук жасап келатат.

Азыр дүйнөдө кайсы бир дүйнөлүк система бар экенин айта албайбыз. Себеби АКШ дүйнөдө өз эгемендигин көрсөтө алган жок, улантып кете алган жок. Орто Азияга салыштырмалуу Жакынкы Чыгышта Америкага караганда Орусиянын таасири өтө аз. Алардын акыркы чеги катары Сирия эсептелет. Ливандагы Каддафи маселесинде аба коридорду гана тособуз деген шылтоо менен НАТО бомбалагандан кийин, алданып калган Орусия азыр Сирияда сөзүн бербей турат.

Орто Азияга келсек, ага чектеш мамлекеттер катары Кытай менен Орусиянын таасири күчтүү. Ошондуктан биз ШКУ менен ЖККУнун да өзгөчөлүгүн карап көрсөк болот. ЖККУ бир жагынан караганда ШКУдан айырмаланып, Кытай менен Орусиянын АКШга каршы күрөшүнүн ичинде Кытайдын Орто Азияга таасиринин күчөп кетишин баланстап тура турган күч катары карасак болот.

“Азаттык”: Саясатыбыз көп векторлуу деген Кыргызстандын маселеси кантет?

Самаган Мурзаибраимов: Маселенин бардыгы ошол жерде. Кыргызстан келишимдер менен гана эмес, ички саясатына да Орусиянын кийлигишүүсүнө шарт түзүү менен, дүйнөлүк системага ыңгайлуу эмес бир саясатты колдонуп жатат. Себеби АКШ же Орусияны колдоо эмес, ички саясатты баланстап тура турган келишимдерди да көбөйтүшүбүз керек.

Бул жерде Орусиянын таасири жаңы башталып жаткан жок. Азыркы көрүнүштөрдү буга чейинки таасиринин жыйынтыгы катары да карасак болот. Мисалы, “Манастагы” база болсун, Бажы биримдиги болсун, мунун баары аймакка таасири бар АКШ, Кытай, Орусия ичинен Орусияга биз күтүлбөгөндөй көп мүмкүнчүлүк берип жатканыбыз байкалып атат. Бул кооптуу маселелердин бири.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG