Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34
Бүгүн да сырттагы ызы-чуудан ойгондум. Жанымда жашаган Айдай менен Эркинай көздөрүн ушалап, эшикте чурулдап жүргөндөрдү бир сыйра сөгүп алышты. Экөө тең бежиреп, көзү жокто бирөөнү жамандаганга маш. Көбүнчө алардын ушактарын кулак сыртынан кетиргим келет. Жалгыздыкты жакшы көргөн жаным бөлмөгө деле эч кимди чакырбайм. Көбүнчө жүдөтүп, Эркинайдын достору келе беришет. Же катуу айта албасаң… Ойгонуп, шыпты карап жаттым. «Кой, турайын, бети-колду жууп, ашкана бошобой кала электе чай кайнатып алайын»- деген ой менен керебеттен бутумду жерге суна бергенде муздак суу бутка урунуп, денем жыйрыла түштү. Карасам бүт суу… Оо, кокуй! Бул эмне болгон суу, кайдан келди?!,-дегичекти Айдай керебетимдин алдынан баштык сууруп чыкты. Баштыктын ичинде банка бар экен. Ал сынып, ичиндеги туздалган бадыраңдын суусу агып жатыптыр. Бадыраң кайдан келип калганын түшүнбөй калдык. Айдай шыпылдап тура калып, пакетте калган бадыраңды идишке салып, шаша-буша сынган банканы баштыкка ороп таштанды челекке ыргытты. - Бул кайдан? - деди Эркинай суроолуу көздөрү менен Айдайды тиктеп. - Ээ, бул кечээ немеден калган… - Кимден, айылдан салдыбы сага, эртең салат дедиң эле го? - Жок, кечээ Айтурган оор сумкалары менен айылдан келатыптыр да. Анан "көтөрүшүп кой" дегенинен жардамдашып жатып ушунусун алып калгам. Ээ, эмне болуптур, акымды алдым да! Андан көрө тургула, туздалган бадыраң менен чай ичебиз,-деди да уялган жүзүн жашырмакка тиш щеткасын көтөрүп эшикке чыгып кетти. Анын чыгып кеткенинен пайдаланып Эркинайдын адаты кармады. - Иии, ужас! Ушинтип тамак уурдайт бекен?! Тиги байкуш айылдан бери эптеп көтөрүп келсе алып калганы эмнеси? Жебей эле койдум! Сен да жебе! Уурдалган тамагын өзү жеп, семире берсин!

Аңгыча болбой чай кайнап, үстөлгө отурганда 10 мүнөт мурда бежиреп жаткан Эркинай Айдай менен ар кайсыны ушакташып жатып, тарелкадагы бадыраңга биринчи кол салды. - Оии, даамдуу бадыраң тура. - Айтасың да, чүйлүктөр мындайды жасаган жагынан кыйын болушат. Ал, жегиле,-деп Айдай аны коштоду. – Банкасы сынып, суусу агып кеткенин карабайсыңбы! Болбосо суусун ичкенди жакшы көрчү элем! Уурдалган бадыраңды тамшана жеп, кечкиге кайдан тамак тапсак деп кеңешип отурган эки кыздын жүзүн карап отуруп, чын эле ушундай назик, сулуу, татына кыздардын тамак уурдаганына ишенбей отурдум. Анан мени мындай жолдон жаман сөздөн, ушак-айыңдан алыс бол деп өстүргөн апакемдин акылкөйлүгүнө чын дилимден ыраазы болуп кеттим.

Элиза Маңыбаева, блоггер.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG