Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Кыргыз киносунун келечеги же Шер-Нияз Голливудга кетеби?


"Курманжан датка" тасмасын тартуу учурунда

"Курманжан датка" тасмасын тартуу учурунда

Кыргыз киносун дүйнөгө таанытуунун зарылдыгы тууралуу орусиялык продюсер "Азаттык" менен ой бөлүшөт.

14-февралда жыйынтыкталган быйылкы Берлинале кино-кароосуна Кыргызстандан тасма катышкан жок. Бирок "Курманжан Датка" тасмасы орусиялык кино сыйлыкка көрсөтүлдү. Ал эми бул тасманы тарткан Садык Шер-Нияз аны АКШда сатып, ошол жакка кеткени жаткан экен. Бул тууралуу жана кыргыз киносунун дарамети жөнүндө Берлинале өтүп жаткан учурда орусиялык продюсер Мария Якубова менен Жаңыл Жусупжан баарлашты.

Жаңыл Жусупжан: Берлиналеде Төлөмүш Океев мындан туура 30 жыл мурда «Кожожаш» тасмасы үчүн "Күмүш аюу" сыйлыган алган эле. Быйыл бир да кыргыз киносу жок экен. Силер бул атактуу фестивалдын 65 жылдык программасынан кандай тасмаларды көрө алдыңар?

Мария Якубова

Мария Якубова

Мария Якубова: Наташа Кудряшованын «Пионер баатырлар» деген тасмасын көрдүм, өтө жакты. Балдар укмуш ойношту. Наташа менен тааныш эмесмин, бирок анын продюсери Наташа Дроздду билем. «Ак чардак» деген тасма тууралуу уктум, бирок көрө элекмин. Калмык режисер Элла Манжееванын бул тасмасы тууралуу көп жакшы сөздөрдү айтып жатышат.​

Жаңыл Жусупжан: Силер Кыргызстанда "Курманжан Датка" тасмасын тартууга катышкан экенсиңер, кимдер менен иштештиңер?

Мария Якубова: Мен администрацияда эң мыкты директор, аткаруучу продюссер Зейне Касманкулова менен иштештим. Абдан мыкты аял, өтө таланттуу адам. Касманкулова менин кинодогу алгачкы устатым болуп калды. Анткени буга чейин мен бир да жолу советтик кинонун мектебинен өткөн мындай адамдар менен иштешип көргөн эмесмин. Башкы продюссер Фархад Бекмамбетов да жардам берди.

Жаңыл Жусупжан: "Курманжан датка" тасмасын укмуш макташты эле, жок дегенде Берлинде көрсөтсө болбойт беле?

Мария Якубова: Чындыгында, режиссер Садык Шер-Нияз чоң иш кылды. Ал АКШга барып, бул тасманы америкалыктарга тааныта алды. Азыр анын чоң пландары бар. Ал Лос-Анжелесте азиялык зор кино фестивал уюштурганы жатат. Анын иши азыр чачтан көп. АКШга көчүп кетиши да ажеп эмес.

Жаңыл Жусупжан: Мен ал тарткан "Курманжан Датка" тасмасы тууралуу билейин дедим эле. Кантсе да мамлекеттик акча сарпталган, жок дегенде фестивалдарга чыкса жакшы болмок эле.

Мария Якубова: "Курманжан Датка" орусиялык Ника сыйлыгына көрсөтүлдү. Мен муну чоң жетишкендик деп эсептейм. Анткени ал жакта конкурстун шарттары өтө катаал. Шер-Нияз мага тасманын дискин берген эле, мен аны Никага тапшыргам. Акыры аны алышыптыр, эми конкурска көрсөтүлүптүр.

Жаңыл Жусупжан: Жакында "Курманжан Датка" тасмасын уурдатып жибердик деп жатышты эле, анан уурдаган жок деп айтышты. Бул тууралуу кандай кабарыңыз бар?

Мария Якубова: Муну мен биринчи жолу угуп атам.

"Курманжан Датка" тасмасы

"Курманжан Датка" тасмасы

Жаңыл Жусупжан: Силердин топ Ысык-Көлдө акыркы орус мугалими тууралуу автордук тасма тарткан эле. Ал эми азыр комедиялык жанрдагы «Сулайман-Тоо» тасмасын даярдап жатыпсыңар. Ал кандай тасма болот?

Мария Якубова: «Сулайман-Тоо» рок-н-ролл бийиндей жандуу, күлкүлүү фильм болот. Драманын элементтери да бар. Сценарийи абдан жакшы. Аны окугандар дароо эле укмуш экен дешет. Аны менен Таллинде «пичингде» (pitching –каражат жана продюссер табуу үчүн атайын фестивалда фильмди тааныштыруу) болдук, европалык жана таанымал продюсерлерге, Маданият министрликтеринин өкүлдөрүнө көрсөттүк, баарына жагып атат. Бул тасманы буюрса быйыл тартып бүтөбүз деп жатабыз.

Жаңыл Жусупжан: «Сулайман-Тоо» көп аял алган киши жөнүндө экен. «Бул деген артта калган элдер» дегендей стереотип болуп калбайбы? Деги маңызы кандай?

Мария Якубова: Биз Кыргызстанды тандап алганыбыз - бул өлкөгө көңүлүбүз түз. Эң алды менен бул өлкөнүн кооздугун көрсөтөлү дедик. Ошондой эле силердин өлкөгө дагы башка кинематографтарды кызыктыргыбыз келет. Тасмада эч кандай стереотип жок. Биз эч кимдин намысына тийгибиз келбейт. Ал жерде кыргыз эли андай, же мындай деген эч кандай жаман сөз болбойт. Анткени биз кыргыз элин сыйлайбыз. Ал жакта биздин көп досторубуз бар. Биздин режисер Елизавета Стишова Кыргызстанга такай барып турат. Сценарист Алиса Хмельницкая Кыргызстанда болгон, ага абдан жагыптыр. Ал маданиятка тиши өтөт, «Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» деген фестивалдын жюрисинде болду. Кыргызстанда менин да көп досторум бар. Ошондуктан биздин эч кандай жаман оюбуз жок.

Жаңыл Жусупжан: Май айында дагы бир чоң кино-кароосу саналган Канн фестивалы болот. Ал жакта силердин кыргыз киносу үчүм камдап жаткан пландарыңар бар экен, чынбы?

Режиссер Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасын тартуу учурунда

Режиссер Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасын тартуу учурунда

Мария Якубова: Азырынча бул план түрүндөгү гана ойлор. Баарын балп эттирип айтып салбайын. Бирок учурда Канн фестивалында кыргыз киносу тууралуу түшүнүк берүүчү бир иш-чара өткөрүү тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатат. Анткени, тилекке каршы кыргыз киносу, анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу бүгүн дүйнөдө көп киши билбейт. Менин башкы максатым – батыштык, европалык киночуларды Кыргызстанга кызыктыруу. Алар кызыкса Кыргызстанда кино тартышы мүмкүн. Ал жакта табигаттын кооздугу бир тең, кино студиялардын мүмкүнчүлүктөрү абдан жакшы, мыкты адистер бар экендиги бир тең. Бул адистер, мисалы москвалык адистерге караганда, алда канча мыкты иштешет. Ошондуктан Кыргызстанды таанытуу керек, бул өлкөнү кино дүйнөсүнүн маанилүү чордонуна айлантсак дейм. Бизде бул үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар.

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстандык кино адистери кандайча москвалыктардан мыкты иштейт?

Мария Якубова: Биринчиден, алар чыдамкай келет. Бир да жолу ыйлап - сыктаганын көргөн жокмун. "Курманжан Датканы" тартып атканда күнүмдүк турмуш-шарты кыйын болду. Бирок бирөө да кыжынып, ызылдаган жок. Баары өз ишин так аткарып жатышты.

Жаңыл Жусупжан: Демек Кыргызстанда кур дегенде Орусия үчүн кинонун Мекесине айланганга мүмкүнчүлүк бар экен да? Анткени бизде жумушчу күчү сапаттуу да, арзан да.

Мария Якубова: Сөзсүз мүмкүн деп ойлойм. Азыр деле Кыргызстанда реклама көп тартылып жатат. Бул тууралуу дүйнөгө көбүрөөк билдирүү керек, башкалар билсин. Бардык киночулар башкаларга окшобогон, кооз жерлерге кызыгышат. Ошондуктан биз ушул багытта иштейли деп жатабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG