Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Кыргыздын шамшардай курч, калемпирдей ачуу, шекердей таттуу тилдүү чебер акыны, чындыкты кашкайта жазган жазмакери Шайлообек Дүйшеевдин жарык көрөрү менен узун элдин учуна тарап кеткен “Агындылар” китебин окуп чыктым.

Жумуштан келип эле кучактаганым ушул китеп. Аягына жетип калып эле кайра ортосунан, жарым ортосунан, кээде башынан баштап окуп жатам. Окугуң эле келе бергидей, окуп алып күлө эле бергидей, ыйлай эле бергидей кыргыздын ашкере күчөтмө сөзү менен айтканда “өлгүдөй кызык” китеп экен. Келин болуп келгенине жарым жылдан эми ашып калган келинчегим китеп окуп жаткан мени таң калып карап түшүнө албай жүрөт. Колдойгон ак-жашыл мукабалуу китептин барагын тиктеп алып эле Чарли Чаплиндин киносун көрүп аткандай ыкшып күлүп, бразилия сериалын көрүп жатканда кайгылуу окуяга жашып кетип, көзүнүн жашы агып кетчүдөй муңайым тартып көз ирмебей телмирген мен ага кызыктай эле көрүнүп жатсам керек.

​Шайлообек агай бүтүндөй кыргыздын жашоосун Ат-Башыга чогултуп келип, анан ошол жерден терип алып баардыгын бир китепке батырып жазып, кайра бүткүл кыргыз элине чачып салгандай. Өзү айткандай деги эле бир нерсе кошуп, же алып салууга мүмкүн эмес. Мен тээ бала кездеги айылдын кемпир-кесеги, кыз-келиндери, чалдары менен балдары, малдары, от суу ичип алып айыл аралап, олбуй-солбуй чапкан мастары да ушул китепте бар экен. Алтургай Кара-Кулжанын автобустарына акы төлөбөй эле түшүп-чыгып эл аралап, кээде кайыр сурап, бирок эгерим турмушка капа болбой күлүп эле жүрө берген узун бойлуу Расул деген киши да, Буйганын жайлоосунда эртеден кечке отун терип чарчабаган Мааданбек да, Чалма айылында колун аркасына кайчылаштырып, балдардын таш-кесек менен койгулаганын капарына илбей таңдан кечке көчө аралап жүргөн, “эч кимге зыяны жок”, кийин жиндиканага алып кетишип, ошол жактан кайтыш болуп келген Беки да ушул китепте жүрөт.

Азыркыдай соткасы жок коюн толтуруп чүкө салып, чөнтөк толтуруп конфеттин кагазын салып, колясканын дөңгөлөгүн зым менен түртүп ойногон, эртеден кечке нан тиштеп алып курсагы ачпай жүрө берген баёо балдары бар айылдын баёо турмушунун четин көрүп калганым үчүн бул китеп мен үчүн аябай кызыктуу болду.

Чынында кечээ кийин эле “балдардын оюнчугу аз, бирок оюну көп болчу, азыр оюнчук көп, бирок оюн аз”. Кыргыз интелигенттеринин жашоосу, алардын кыял-жоругу, аны менен коштолгон Шайлообек аганын татаал, бирок байсалдуу өмүр жолу андан бетер кызыктуу. Ошон үчүн да эшиктен ким кирип, ким чыгып жатканын, чай ичип ал деп чакырышкандарын да капарыма илбей диванга көмкөрөмөн, чалкаман, кырыман жатып алып, кээде отуруп алып окуп жаттым. Кыскасы сонун китеп экен.

Китепте Болот Шер анан кыргыздын бир топ таланттары Алтайга баргандагы төмөндөгүдөй окуя бар. Алтайда курулушта иштеп жүргөн кыргыздарга жолугушуп, алыста жүргөн немелер кыргыздын тамак-ашын сагынса керек деп аларды Болот Шер чайга чакыртып калат. Баарлашууга барган автор менен болгон маекти келтирели:

“...- Бу силер келген жер Алтай деген жер Манастын мекени болгонун билесиңерби?-деп сурай кеттим.

- Жо, билбейт экенбиз,-деди.
- Мектепте окудуңар беле?
- Окусак керек.
- Анан мектепте “Манасты” окуган жок белеңер?
- Окутса окуткандыр, ким билет. Андан бери7-8 жыл өтүп кетти, эсте жок.
- Анан Манасты билбейсиңерби?
- Жок, Манас аканы билбейт экенбиз.
- Балким Манас ака Баткендеги моджахеттер менен согушкан чыгар, - дедим чындап эле ызам келип.
- Согуш болгон. Бирок Манас ака согушканын укпаптырбыз.

Мен шарт бурулуп, жогору чыктым. Дасторкон жайнап калыптыр. Казы-карта, чучук. Жер-жемиштин түрлөрү, тандыр нан, “Ала Тоо” коньягы, “Шоронун” суусундуктары...

- Боке! - дедим мен жаман кабар угуза тургансып.
- Эмне болду Шаке?
- Алар Манасты билишпейт экен, - дедим да диктофондогу аңгемелешкенимди угуздум.
- Асыке, чакырбагыла! Токтоткула! Манасты билбеген немелер маадемектен таш жесин! - деп, Болот каракөк тартып басып кетти.

“Ка-ап, угузбайле кое турбай, сааттай болуп, кайдан да жазып келе калдым эле”,- деп кейий түшүп басылдым ичимден...”

​Салмактуу бул китепке агайыбыздын турмушундагы, балким киргизүүдөн уялган, же жөн эле киргизгиси келбеген окуялар көп болсо керек. Сааттай болуп ушул окуя деле кирбей калса кандай болор эле деп ойлоп коем жаман оюмда. Манасты билбеген жаштарыбыз бардыгы аянычтуу экенин чагылдырган бул окуя китепке кирбесе деле бакандай китептин салмагы азайбаса керек эле. Агындылар бул үч жылдызчалардын ортосундагы алакандай тексти жок деле ага бермекпи дейм да. Же балким, туура кылгандыр.

Окуядагы Манасты билбегендер баткендиктер экени контексте кашкайып көрүнүп турат.

Качан кошуналар келип атып кетет экен, качан жолубуз жакшы болот экен, качан кыргыз тилдүү телеканалдар тартып калат экен, качан мектептер жакшыраак акыбалга келип, качан окутуу сапаттуу болор экен, качан суу чыгып калат экен, качан Айбалаевдей губернатор келет экен, бийлик качан бизге көңүл бурар экен?- деп чек арада кайсы бир кездерде атыла калчу окторго көкүрөгүн тосуп күн көргөн, кайракы жерди тытмалап тирилик кылган, кошуна тажик менен өзбектердин артисттеринин аттарын айласы жок жатка билген баткенчилердин жоругун, тилин жаза берип, ырларда кошуп ырдай берип келеке кылып бүттүк. Бирок Шайлообек агайдын келеке кылбаганын, ага тескерисинче каңырыгы түтөп кайгырып жазып турганын эң сонун түшүндүм. Башкалар да түшүнүшүн каалайт элем. Же кээ бирлери “Манасты “ака” деген байкуштар окуп албайбы”,- деп күлүп жатат бекен. Же Болот Шерге окшоп таш жегирлер деп ызырынып жатат бекен.

Баткен. Кыргыз-тажик чек арасы.8-май, 2014-жыл.

Баткен. Кыргыз-тажик чек арасы.8-май, 2014-жыл.

Балким “Манас аканы” эмгиче окубаганын, жарытып мугалимдер окутпаганын, жарытып мамлекет шарт түзүп берип, оңдуу КТРК тарттырып койбогонун эстеп туталанып, өз-өзүнөн арданып, кичирейип баткендиктер жүрүшкөндүр. Бир жолу Баткенге тойго баратып, кыргыздын чек арасынын ичиндеги өзбектин жеринде өтүп баратканымды, “Өткөндөгү кишини мунобул айылдан атып кетишкен”- дегенин угуп төбө чачым тик турганын эстеп кеттим. Ушундай опурталдуу, жашоого оор жерди “Менин эч кимге ыраа көрбөгөн ыйык журтум”-деп жашашкан баткендиктерге таң калгам. Сүйлөгөн эле сөздөрүнө күлкүм келе берген жаным экинчи буларга карата жаман ой ойлобойм деп өзүмө сөз бергенимди эстедим. Баткен эли карапайым болгону менен меймандос, ичи кең, анан мекенчил, баатыр болорун ошо биринчи барганда билгем. Союл менен чек ара коргоп күн көргөн элди баатыр дебеске чара жок. Анан да жаштары аябай дилгир болушат. Окуу жайларда көчө таптабай, тырышып окуп, билим алганга аракет кылгандардын көбү баткендик студенттер экенин баары жакшы билет.

Кыргызга А.Орозбеков, И.Раззаков, А Масалиевдей чыгаандарды, Т.Садыков, А.Жайнаков, С.Садыкова, Ж.Мамажановдой ж.б. жаркын таланттарды берген Баткен эли ушу бүгүн Манасты окубай калганына өздөрү эле күнөөлүү эмес болсо керек.

Кыргызстандагы мектептердин бири.

Кыргызстандагы мектептердин бири.

Акын-жазуучу, ырчы-чоорчу, саясатчы, же жөнөкөй жаран болобу баарыбыз жооптуубуз. Баткен Кыргызстанда жайгашкан. Манасты баткендиктер билбегени-бардык кыргызстандыктардын билбегени. Анан калса Алтайга турмуштун оордугунан барып иштеп жаткандар өтө катаал шартта окуп, билим алгандыр. Турмуштун айынан көөнөргүс дөөлөтүбүзгө маани бергенге шаасы жетпегендир. Баткенди кой, чоң шаарларыбыздагы ЖОЖдорго “Манас таануу” сабагы киргизилгенине аз эле болду. Тиги эмгек мигранттары окуучу мезгилинде эптеп да китеп менен камсыз болбогон мектептер Кыргызстанда көп болгон.

Дагы бир нерсеге бөркүмдөй эле ишенем. Нарындабы, Таластабы, Оштобу, Жалал-Абаддабы, Кыргызстандын кайсы бурчунда болбосун Манасты билбегендер, билсе да эптеп Манас деген болгонун, бирок анын кандай адам, кандай баатыр болгонун билбегендер четтен табылат. Шайлообек агай бул окуя баарыбыздын көйгөйүбүз экенин күйүп-бышып жазып жатканы эң туура. Бирок ырчылар “жүгөрүнү мака”, “байке эмес ака” дедире берген, куудулдар туурай берген баткендиктерди кайра-кайра арданта бербей, аларга дух беришибиз керек окшойт. Бул менин окурман катары оюм.

Дагы бул бала өзү бокко куурай сая албай жатып, чыгарма сындаганы эмнеси дебеңиздер. Мен сындаган эткен жокмун. Жалпы кыргыз элине тиешелүү көйгөйдүн бир эле баткендиктерге таандык болуп, эң бир сонун чыгармага кирип калганына ичим ачышып жаздым.

Китеп мага аябай жакты. Ка-ап, бүткүл кыргыз элинин Эл акыны ушул эле окуяны кошпой койгондо...

Окурман Улукбек Омокеев

P.S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG