Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

“Кыргызфильм” улуттук киностудиясы таланып-тонолуп, аты эле калганын кино ишмерлери айтып чыгышты.

Өзүн кинопродюсер деп тааныштырган Мария Абакирова "Кыргызфильмдин" имаратында жайгашкан жеке тигүү цехтери менен журналисттерди тааныштырып чыкты. Абакирова кыргыз кинематографиясы жоголуп кетүү коркунучунда деген ойдо. Анын айтымында, мындай абалга “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын жетекчилиги жеткирген.

- Таалай Кулмендеев кызматынан токтоосуз кетиши керек. Анткени ал кинону түшүнбөйт, кесиби такыр башка. Кино өндүрүшү жөнүндө такыр түшүнүгү жок, бир сөз менен айтканда начар менеджер. "Кыргызфильмдеги" эки-үч адам эле өз камын ойлоп, коррупциялык схема менен жашап жүрөт.

Ал эми кинорежиссер Бекболот Айдаралиев "Кыргызфильмге" тиешелүү имараттардын көбү жеке колдорго өтүп, техникалар таланып-тонолуп кеткенин айтты:

- Мурда "Кыргызфильмдин" автомеханикалык паркы бар болчу. Азыр бул парктын эч нерсеси калган жок. "Зис", "Чайка" деген унаалар, үстү ачык "Кабриолет" да бар эле. Азыр аларды ким алганы белгисиз. Маселен, "Зис" деген раритет машине азыр 500 миң доллар турат экен.

Төлөмүш Океевдин атын алып жүргөн улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын жетекчиси Таалай Кулмендеев мындай айыптоолорду суу кечпейт деп четке какты. “Кыргызфильм” кошумча акча табуу үчүн имараттарды ижарага берет жана ай сайын 150 миң сом акча түшөт. 24 жылдан бери кино тармагында иштеп келатканын кыйыткан Кулмендеев буларды билдирди:

- Ооба, биз бөлмөлөрүбүздү жеке ишканаларга ижарага беребиз. Бардык келишимдер Мамлекеттик мүлк боюнча агенттик аркылуу түзүлүп, 30 пайызы мамлекетке, 70 пайызы киностудияга түшөт. Тигилер айткандай биздин студиянын баары эле тигүү цехине айланган жок да. Жалпысынан 50гө жакын ишкана бар, алар да өлкөгө салым кошуп жатат. Көбү кино тармагында иштейт. Ал эми тигүү цехтеринен эки-үчөө бар. Баары тең мыйзам чегинде иш алып барат.

“Кыргызфильм” киностудиясынын эки бөлмөсүнө ижара акы төлөп иштеп келаткан кинорежиссер Темир Бирназаров кыргыз кинематографиясына сын айткандардын көбүн ичкүптүсү бар адамдар же кызматынан кол жуугандар деп сыпаттады. Темир Бирназаров маалымат жыйынын өткөрүп жаткандар өздөрү ижара акы төлөбөй жатканын да кыстарып өттү.

- Биринчиден, Мария Абакирова пенсиядагы киши. Мурда ал Кино үйүн жетектечү. Анан эмне болгонун билбейм, Садык Шер-Нияз иштен алган. Ошондон улам таарынычы же ич күйдүлүгү бар болушу керек. Ал эми анын жанында жүргөн Эмил Жумабаев, Марат Алыкулов сыяктуу адамдардын "Кыргызфильмге" эч кандай тиешеси жок.

Маалымат жыйынынын катышуучулары “Айтышфильм” киностудиясы "Кыргызфильмдин" имаратын акысыз пайдаланып жатат деп доомат артышты. Бул боюнча Садык Шер-Нияз буларды билдирди:

- "Кыргызфильмдин" эски имаратын ижарага алганыбыз чындык. Биз ага алты миллион сом жумшап оңдоп алдык. Кыргыз кинематографиясы артка кетти деген болбогон сөз. Керек болсо КМШ өлкөлөрү биздин моделди алып, кино өндүрүшүн өнүктүрүп жатышат.

Белгилүү кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков кыргыз киносу акыркы убактарда болуп көрбөгөндөй бийиктиктерди багындырып жатат деген пикирде.

- Айрым адамдар жакшы иштерди да көрө алышпайт. Мактаганды кой, дароо эле жамандай башташат. Кыргыз киносунун акыркы ийгиликтери эле мактоого татыйт. 20 жылдан бери колго алынбаган “Курманжан датка” даректүү тасмасы тартылып жатат. Темир Бирназаров, Руслан Акун, Наргиза Маматкулова сыяктуу кинорежиссерлордун жеңиштерин эмне үчүн көрө албайбыз?

“Кыргызфильм” улуттук киностудиясына быйыл 16 млн. сомго жакын акча каралган. Мындан тышкары “Курманжан датка” даректүү тасмасы үчүн өкмөт 70 млн. сом бөлүп берген.
  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG