Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Нурбек Эген: "Ээнсиреген үй" - бүгүнкү жашоо


Тасманы тартуу учурунан бир көрүнүш.
Тасманы тартуу учурунан бир көрүнүш.

Кинорежиссер Нурбек Эгендин “Ээнсиреген үй” кинотасмасы коомчулуктун кеңири чөйрөсүнө көрсөтүлө электе эле кызуу талкууга түштү. Тасманын режиссеру бул жаңы фильмдин тегерегинде ой бөлүштү.

- Нурбек, бет ачары болгону жаткан “Ээнсиреген үй” тасмаңыз тууралуу азыр коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жатат. Алардын арасында сизди “кыргыздардын кемчилигин көрсөткөн кинолорду жаратып, батыштан мактоо алууга аракет кылат” деп сындагандар да бар. Ушундай сындарга сиз кандай жооп берет элеңиз?

- Ар кандай жооп берем. Себеби муну билгендер бар, билбегендер бар, батыштан тыйын алып, бул жерден кино тартуу кандай чоң эмгек экенин. Бүгүнкү күнү батыш болобу, чыгыш болобу, башка өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүп, алардын фонддорундагы шарттарга, алардын берген убадаларына дал келип, алардын деңгээлинде сүйлөшүп, бул жакка акча-каражат алып келип, кино тарта турган техника алып келип иштөөнүн өзү дагы эрдик деп айтам.

Кыргыздардын кемчилигин көрсөтүп, батыштан байге алып жатат деген туура эмес, анткени тасма кандай болот, аны эл кабыл алабы, көрөбү, көрбөй коёбу... ар кандай болуп калышы мүмкүн. Бул тасма менин батыштык фонддор менен чогуу иштешип тарткан төртүнчү кином. Ошол батыштык фонддордун арасында менин атым “ушундай кинолорду жарата алат” деген ишеничке ээ болуп жатканы да чоң нерсе.

- Тасманын бет ачары сыртта жүргөн кыргыз кыздарынын жүрүш-турушу өлкө коомчулугунда кызуу талкууланып жаткан учурга туш келип отурат. "Ээнсиреген үйдө" да ушул маселе чагылдырылса керек?

- Бул коомдогу бышып жетилген көйгөй. Бул маселе тууралуу режиссерлор сүйлөшү мүмкүн, депутаттар сүйлөшү мүмкүн. Катардагы үй-бүлөдө, же БУУнун бир жыйынында өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көйгөйү катары сөз болушу мүмкүн. Азыр – башталышы гана менимче, мындан ары да бул темага көп адамдар, коомчулук өздөрүнүн ойлорун билдирет деп ойлойм.

Тасма миграция тууралуу эмес, мен биздин өлкөдөгү жана башка жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү өзүнүн ордун, келечегин издеп аткан кишилер тууралуу тарттым. Анын бет ачары 2-май күнү Бишкектеги “Манас” кинотеатрында болот, андан кийин шаардын башка кинотеатрларынан көрсөтүлө баштайт.

- Буга чейинки “Аталар керээзи” тасмаңыз тууралуу да түрдүү пикирлер айтылып келди. Түшүндүрө кетсеңиз, аягында кыргыз жигит француз кызын өзү эле ээрчип кетпей, бабаларынан калган керээзин, сандыгын кошо алып кетиши эмнени түшүндүрөт? Же бүгүнкү күнү биздин коомдо биз байкабаган ошончолук өзгөрүү болуп жатабы?

- Бүгүнкү күнү кетип эле атышпайбы. Карап көрсөңүз, ар бир үйдөн жок эле дегенде бирден киши чет мамлекетте жүрөт. Окуганыбы, иштегениби же дагы башка максаттар мененби кетип атышат. Бүгүн сандыгын Парижге алып барса, эртең алып келиши мүмкүн. Кинонун негизги максаты – ошол коомдо болуп жаткан ой-пикирлерди элдин алдына алып чыгып, талкуулоо.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG