Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Калем акы доолаган маданият ишмерлери


24-декабрда маданият ишмерлери Каржы министрлигинин алдына митингге чыкты.
24-декабрда маданият ишмерлери Каржы министрлигинин алдына митингге чыкты.

Каржы министрлиги драматургдар менен композиторлордун мамлекеттик театрларда коюлган чыгармалары үчүн берилчү калем акысын төлөбөй жатат.

24-декабрда бул боюнча маданият ишмерлери Каржы министрлигинин алдына митингге чыкты. Акциянын жыйынтыгында нааразы тарап өкмөт башчы Темир Сариевге жана Каржы министрлигине кайрылуу кат жолдошту.

Композиторлор бирикмесинин төрагасы Турдубек Чокиевдин айтуусунда, драматургдар, композиторлор акыркы жыйырма беш жылда чыгармалары театрларда элге көрсөтүлүп, уктурулуп жатканына ыраазы болуп, өлкөнүн ансыз деле жарды казынасын аяп, калем акы сурабай келген. Бирок быйыл Маданият жөнүндөгү мыйзамдын 16-беренесинин негизинде чыгармалары мамлекеттик театрларда коюлган авторлордун калем акысын төлөп берүү боюнча Маданият министрлигинин буйругу чыгып, аларды кубандырган эле:

- Буга чейин жыл сайын Маданият министрлиги калем акы төлөй баштайбыз деп бирок эч нерсе албай келгенбиз,- дейт Чокиев. - Бирок быйыл ошол аракеттер жолго коюлгансып, жайында Маданият министрлиги биз менен акыркы жылдары аткарылып жүргөн мыкты чыгармаларга калем акы төлөп берүү боюнча келишим түзгөн. Андан кийин министрдин төлөп берүү боюнча буйругу чыкты. Тилекке каршы, андан кийин эле аны төлөп берүү жагы ары-бери түртүлө баштады. Ошол кагаздардын баары менин колумда турат. Эми мына жыл жаңырышына аз эле калды. Эгер биздин калем акы ушул жылдын соңуна чейин төлөнүп берилбесе, анда кийинки жылдын акырына сүрүлүп кетчүдөй. Ошондуктан уялсак да ушул жерге Каржы министрлигинин жообун угалы деп келдик.

Турдубек Чокиев калем акыларын алалбай жүргөндөрдүн арасында коомчулукка таанымал 16 драматург, 8 композитор бар экенин кошумчалады.

Акын-драматург Жеңишгүл Өзбекова акыркы жылдарда мамлекеттик театрларда коюлуп жаткан чыгармалардын кайсынысына калем акы төлөп берүүнү Маданият министрлигинин көркөм кеңеши аныктаганын билдирип, ал чыгармалар кыргыз сахналарында кеминде он, он беш жолу коюлганын кошумчалады.

- Бул авторлор бир нече жолу коюлган чыгармалары үчүн тиешелүү калем акысынын 25 пайызын, тактап айтканда, ошол чыгармасы жыйырма жылдан бери коюлуп келатса, болгону 30-50 миң сомдун гана тегерегиндеги калем акы алууга макул болгон. Калганын кечип коюшту. Чындап келгенде алардын ар бир чыгармасы бул суммадан бир нече эсе кымбат болуп кетиши мүмкүн. Албетте бул акчасыз деле жашап келгенбиз. Бирок ошол тыйын бир аз болсо да демибизге дем болот эле да. Биз да үйүбүзгө “момундай бир чыгарма жаздык эле, ошого элүү миң сом алдык” деп барат элек да. Жыйырма беш жылдын ичинде бир жолу элүү миң сом алсак жаман болбойт эле.

Жеңишгүл Өзбекова учурда өздөрүн нааразычылык акциясына чыгууга мажбур кылган акча суммасы жалпысынан эсептегенде болгону 1 миллион сомдон бир аз ашык акча экенин, бул өкмөттүн ар кандай той-топуруна, чет өлкөгө жасаган майнапсыз иш сапарына же кайсы бир мекемелерге отургуч сатып бергенге да жетпеген каражат экенин айтып кейиди.

Драматург Жаныш Кулмамбетов акциянын жыйынтыгында өкмөт башчынын жана каржы министринин наамына кайрылуу кат жолдонгонун айтып, эгер катка жооп болбосо кандай кадамдарга барышарын билдирди:

- Маданият министрлиги бизге “Каржы министрлиги силердин 1 миллион 200 миң сом калем акыңарды кыскартты” деп түшүндүрдү. Биз андыктан Каржы министрлигине биздин болбогон эле каражатыбыз эмнеге кыскартылганын билели деп келдик. Каржы министрлигине, өкмөт башчысына кайрылуу кат жолдоп жатабыз. Эгерде жооп ала албай турган болсок, анда өкүнүчтүү, кыргыз өкмөтү менен соттошконго туура келет.

Маданият министрлигинин өкүлү Мирлан Самыйкожо Кулмамбетовдун “калем акыга бөлүнгөн каражат кыскартылып кеткен” деп айтканы тууралуу маалыматы жок экенин билдирип, бирок министрликке тиешелүү сумма келип түшпөй жатканынан улам бул иш ара жолдо турганын ырастады:

- Кайсы күнү акча келсе, ошол күнү алардын акчасын берип, бул тууралуу маалымат каражаттарына чагылдырабыз. Учурда ар биринин кагаздарын тактап алып отурабыз. Жок дегенде жаңы жылга эки күн калса да акча түшсө ээлерине берип калалы деген аракеттебиз азыр.

Каржы министрлигинин өкүлү Гүлнара Молдобаева болсо аталган мекемеге жолдонгон маданият ишмерлеринин кайрылуу каты тууралуу буларды айтты:

- Катты жетекчилик карайт. Азыр биздин жетекчилер Жогорку Кеңеште жүрбөйбү. Ал жакта парламенттик угуу болуп жатат. Келгенден кийин кат менен таанышып, анан жообун караштырып көрөбүз.

Эгер жыйырма беш жылдык калем акыны төлөө чечилсе, 16 драматург 50 миң сомдон, 8 композитор 30 миң сомдон алмакчы.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG