Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53

Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев жакында арабыздан кетти. Заманыбыздын кыл калем чеберлеринин ичиндеги эң эле тереңи жана абройлуусу, эмгекчили жана накта патриоту 7-февралда туулуп-өскөн айылы Сары-Булакта, Сокулукта жерге берилди.

Өзүнүн керээзи боюнча Бишкектеги Ала-Арчага эмес, апасынын жанына, ата-бабасы жаткан көрүстөнгө коюлду. Ошентип кыргыз журту дагы бир залкарынан, улуу сүрөтчүсүнөн айрылды.

Таластагы “Манас ордону” кооздогон, чоң Москвага Манас баатырдын эстелигин орноткон, Оштогу Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын интерьерин жасаган, артына сандаган сүрөттөрдү, нечен бир эскиздерди, серияларды калтырган замандашыбыз Жоомарт Кадыралиев менен ошентип түбөлүккө коштоштук.

69 жаш курагында, 70 жылдык мааракесин эми белгилейм деп отурган чагында, чыгармачылык пландары толо, жасайм деген иштери дагы да алдыда турган кезинде Жокебиз күтүүсүздөн о дүйнө салды.

"Манас ордо" комплекси. Талас

"Манас ордо" комплекси. Талас

Кудай берген ажалды эч ким тосо албайт го... Ошондой болсо да Жоомарт Кадыралиевдин кандай зор масштабдуу сүрөткер болгонун, эмне деген залкар монументалист экенин эми гана билип отургансыйбыз.

Элестетип көрөлүчү: башкалар ашып кетсе бир бөлмөнүн бурчуна же дубалдын ортосуна иле турган чакан сүрөттөрдү тартса, Жокең узундугу 20 метр, бийиктиги 15 метр келген панорамаларды тартчу. Маселен, Таластагы “Манас ордонун” негизги жасалгасы мына ушундай.

Ошондой гигант панорама Оштогу филармонияда ишке ашырылган. Ал панораманын аты “Кылымдар дастаны” болчу. Ал эми залкар монументалисттин 2003-жылы эл аралык Тоо жылына арнап тарткан “Кыргыз теңири” аттуу болуп көрбөгөндөй зор фрескасы узундугу 20 метрден ашуун, бийиктиги 13 метрге жакын эле. Мындай масштабдагы гигант сүрөттөр кыргыз маданиятынын тарыхында эч качан болуп көргөн эмес.

Ал эми эл аралык масштабда абдан атагы чыккандар - мексикалык сүрөтчүлөр Диего Ривьера менен Давид Сикейрос эле. Эми ойлосок, бизден ошондой деңгээлге Жоомарт Кадыралиев чыгыптыр. Өзүнчө эле бир көркөм дүйнө, тагыраак айтсак сүрөттөгү эпосту жаратып, зор чыгармачылык эрдик кылып кетиптир.

Эми Жоомарт агабыздан сүрөтчү катары тек-жайына, монументалист катары чыккан мектебине азыноолак токтололу. Албетте Кадыралиев кыргыз көркөм өнөрүндө классик сүрөтчүлөрүбүз Гапар Айтиев менен Семен Чуйковдун, Акылбеков менен Керимбековдун жолун жолдогон кыл калем чебери болчу. Ошону менен бирге Жоомарт Кадыралиев сүрөт өнөрүндө өзүнө гана таандык жол менен кетти. Эч кимди туураган жок. Акыр аягында эч кимге окшошпогон, ошону менен бирге чыныгы улуттук нарк-насили бар, балким чыныгы кыргыз монументализми деп айтууга боло турган дүйнөнү калтырып кетти.

Жоомарт Кадыралиев

Жоомарт Кадыралиев

Албетте Жокебиздин жаштык курагы биз жогоруда атаган Сикейрос, Ривера, Ороско сыяктуу улуу сүрөтчүлөрдүн атагы таш жарып турган кезине туш келди. Анын үстүнө бул сүрөтчүлөр 60-70-жылдарда Советтер Союзундагы эң эле атактуу жана жалпыга белгилүү ысымдар эле.

Тынчтыкты коргоо боюнча Эл аралык Лениндик сыйлыкты алып, альбомдору ар бир китепканага коюлган заман болчу. Дал ошол кезде Жокебиз Москвадагы В.И. Суриков атындагы Көркөм өнөр институтунда окуду. Андан мурун Бишкектеги С.А. Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайында (1966) билим алды. Башкача айтканда, терең билим алып, кыргыз, орус жана дүйнө классиктеринин мурастарын көңүл коюп үйрөндү. Изденди, сүрөт өнөрүндөгү өз жолун табууга далалат жасады. “Манас” эпосунун ааламына сүңгүдү, кыргыздын теңирчилик дооруна, Алтай менен Энесай заманына жан дили менен кызыкты.

Деле кыргыз элинин руханий дүйнөсүн түшүнүүгө аракеттенүү, миңдеген жылдар элди эл кылып сактап келген салт-санаа, адеп-ахлак, маданий табериктерди изилдөө акыры аны монументалдык сүрөт жанрына алып келди.

Ошон үчүн Жоомарт Кадыралиевдин бардык чыгармаларында, айрыкча “Манас ордо” комплексиндеги фреска менен Оштогу филармониянын ички жасалгаларындагы негизги темалар улутубуздун руханий дүйнөсү, байыркы бабаларыбыздын каармандыгы жана патриотизми, жоокерчилиги жана айкөлдүгү, талыкпаган эмгеги жана төккөн тери болду. Ошол аркылуу, дагы тагыраак айтсак, улуттун руханий космосун аңдап-таануу аркылуу Жоомарт - сүрөтчү өзүнүн жеке стилин, жеке темаларын таап, санжыргалуу сүрөтчүлүк ааламын жаратты. Кыргыздын Сикейросу боло алды.

Жоомарт Кадыралиевдин ошол көркөм дүйнөсүн сүрөттөгү эпос, полотнодогу Руханий космос десек туура болот го. Ал эпос - Жоомарт Кадыралиевдин эпосу, анын колунан, залкар антынан жаралган өзгөчө бир көркөм дүйнө, санжыргалуу санаттар, нарк менен насили эле.

"Мана ордо" комплекси

"Мана ордо" комплекси

Эми Жокебиздин “Манас-1000” мааракесиндеги жана эл аралык Тоо жылындагы (2003) чыгармачылык эрдиктерине аз да болсо токтоло кетели.

1995-жылкы “Манас-1000” мааракесин, ал мааракеде кыргыз эли түп көтөрө Таласты көздөй жол тартканын, ал сапар элибиз үчүн өзүнчө бир руханий жактан баюунун, тазалануунун сапары болгонун эскерип отурбайлы. Бирок ошондо “Манас ордо” комплекси курулбаса, ал комплексти Жоомарт Кадыралиев баштаган монументалисттер, сүрөтчүлөр кооздобосо, азыр жалпы улуттун ыйык мазары атанган “Манас ордо” көркүнө чыгат беле? Чыкмак эмес.

Бирок Жокенин эл аралык Тоо жылында биздин Ак үйдүн чоң залы үчүн тарткан “Кыргыз теңири” аттуу панорамасы анын эң эле маанилүү эмгектеринин бири го. Залкар сүрөтчү ошол узундугу 20, бийиктиги 12 метр келген зор панораманы төрт айдын ичинде бүтүрдү. Бүтүрүп, аны Ак үйдүн жыйналыш залына илгенде, анын керемети бүт баарыбызды таң калтырганы азыркыга чейин эстен кетпейт.

Ал эми Бириккен улуттар уюмунун эл аралык Тоо жылындагы негизги иш-чарасы ошол залда башталганда ЮНЕСКОнун башкы директору Кичиро Матсура, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан келген маданият менен саясаттын ишмерлери далайга чейин Жоомарт Кадыралиевдин панорамасын карап, таңдайларын такылдата маашырланып отурганын эч качан унутууга болбос.

“Манас” орденинин кавалери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, залкар инсан жана патриот Жоомарт Кадыралиевдин ысмы кыргыз маданиятынын көрүнүктүү ишмери катары тарыхта сөзсүз калат. Өзү өтсө да, атын түбөлүк калтыра турган асыл дөөлөттөрү далай замандарга жашай берет деп ойлойм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG