Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Министрлик учак кырсыгынан 36 адам каза тапканын билдирди


Авиакырсык.
Авиакырсык.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектин четиндеги учак кырсыгынан 36 адамдын курман болгонун аныктады. Мекеменин соңку маалыматы боюнча, аты-жөнү такталган 36 сөөктүн 13ү жаш балдардыкы.

Чүй облусундагы аба кырсыкты иликтөө үчүн Эл аралык авиация уюмунун өкүлдөрү бүгүн Бишкекке келишет. Биринчи вице-премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев 16-январдагы маалымат жыйын учурда билдиргендей, кырсыктын чоо-жайы биргелешкен иликтөөлөрдүн жыйынтыгынан кийин гана белгилүү болот.

"Боинг-747" үлгүсүндөгү Түркиянын жүк учагы 16-январда таңга жуук Чүй облусунун аймагында эл жашаган конушка кулаган, каза тапкандардын төртөө - экипаж мүчөлөрү, калганы - Дача Суу айылынын тургундары. Азыр ондон ашуун киши ооруканада. Жыйырмадан көп турак жай кыйраган. (NT)

XS
SM
MD
LG