Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

КАРООЛ ЧОКУНУ КАЗГАНДАР ЧЫНДАП ЭЛЕ БРИЛЛИАНТ ИЗДЕШЕБИ?


Кароол чокуну казуу иштери токтотулдубу же дагы эле казылып жатабы? Дал ушул маселенин чын-бышыгына жеткени Таласка барган демилгелүү топ кайтып келип, маалымат жыйын өткөрүштү.

Бейөкмөт жана комерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева, Кароол чокуда дале казуу иштери токтотулбагандыгын, соңку бир жума ичинде грузиндер тарабынан казылган оюк өтө эле аңырайып- чоңойгондугун, атайын уюштурулуп коюлган кайтаруучулар эч кимди ал жакка өткөрбөй жаткандыгын баяндап келип буларга токтолду:

- Бизге грузиндер эч кандай документ, уруксат кагазын көрсөтө алышканы жок. Парламенттин сертификаты чөнтөгүбүздө, алар уруксат берген деп айтышканы менен – эч нерсе көрсөтүшпөдү. Дагы бир нерсе, ал жерде менчик кароолдор уюштурулуп, аны Чолпонбек Абыкеевдин агасы Жалын Абыкеев жетектейт экен. Башкача айтканда, Абыкеевдердин үйбүлөсү уюктап алган.

Токтайым Үмөталиева андан кийин Кыргызстандын бирден-бир ыйык жерин каздырбай коргоого алуучу кыймыл түзүү чечимине келгендигин, ага депутат Шерниязов, кино режиссёр Абдыжапаров жана башкалар кошулуп жатышкандыгын, бул Кыргызстандагы “манкуртизм” саясатына каршы чыныгы күрөш болорун белгиледи.

Жогорку Кеңеш депутаты Болот Шерниязов казуу иштери башталганда Кыргызстанда болбой калгандыгын, болбосо ага каршы коомчулукту көтөрүп чыкмактыгын айтып келип, 12 жыл мурда ошол Кароол чокунун алдында “Манас” эпосунун дүңгүрөгөн тою өтүп, түркий мамлекеттердин Демирел, Алиев сыяктуу президенттеринен бери катышкандыгын, азыр да Кыргызстанда дүйнөнүн бир катар өлкө жетекчилери келээрде Кароол дөбө минтип аңырайып казылып жаткандыгын өкүнүч менен салыштырып сүйлөдү. Депутат андан аркы сөзүндө буларга токтолду:

- Манас ордодогу музей – Манас атабыздыкы эмес, “Манас” эпосунуку. Манас атабыздан калган эстеликтердин бири – дал ошол Кароол чоку. Ошондуктан мурда Кароол чокунун башына Манастын эстелигин курабыз дешкенде каршы чыгып - курдурбай койгонбуз. Анан кайра азыркыдай иштер болуп жатат. Мындай ишти Манастын эмес, Коңурбайдын урпактары да жасабайт эле. Ал эми “капателдердин” башында Президент акимчилигинин бөлүм башчысы Чолпонбек Абыкеев деген неме туруп атпайбы. Ошону билип туруп билмексен болгондор мамлекетти башкарып турганына таң калам. Тешик Кароол чокуда гана калбайт, тешик мамлекеттин, кыргыз элинин жүрөгүндө да калат...

Кинорежиссёр Эрнис Абдыжапаров, Президент акимчилик кызматкеринин ошол жерде жетекчилик кылышы - жалпы эле азыркы мамлекеттик бийликке болгон ишенимди таптакыр жоготуп жатат деген ойдо. Жыйында казууга каршы жаштар да көтөрүлүп жаткандыгы тууралу маалыматты угуп, “Жебе” кыймылынын мүчөсү Жоомарт Сапарбаевге кайрылдык. Ал жаштар Таласка жөнөп жатышкандыгын, айрыкча таластык жаштарды, жалпы эле жергиликтүү эл-журтту казууга каршы үгүттөп, атайын акция уюштуруу максаты бар экендигин жашырганы жок.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева казууну жетектеп аткан доктор Рони Гокисванидзе Кыргызстандан чыгып кеткендиги тууралу кабар тарап жаткандыгын да жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG