Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

“Шырылдаң” берүүcүнүн мейманы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Сулайман Кайыпов. Ал жамакчылык, комузчулук өнөрдү аздектеп келет.

Аккан арыктан суу агат

Белгилүү фольклорчу, профессор Сулайман Кайыпов ичкилик кыргыздардын күү кайрыктарын комузда иштеп чыгып, өзү дагы күү чыгарып, бир нече обон жаратыптыр. Бирок ал күүлөрүнө, обондоруна анчейин маани бербей, нотага түшүрбөй же үн жазгычка жаздырып койбой жаралган чыгармалары жарыкка чыкпай келет.

Анын дагы бир «чымыны» жамактатып, «сөз жамгырын» төгүп да жиберет.

- Чоң атам Кайып деген киши кошуп, жамактатып ырдоочу экен. Улуу баласы Болотту он беш жашында эле үйлөнтөм деп уюн жетелеп, уулун учкаштырып алып Аксынын башынан баштап жамактап ырдап жөнөптүр. Жанында бараткан туугандары бир жерден өргүү алышканда «ырыңыз жакшы экен, дагы ырдап бериңиз угалычы?»-деп сурашыптыр. Ошондо чоң атам, «Болот деген уулум бар, жетелеген уюм бар, белимде беш миң пулум бар», - деп баштап, кыйлага төгүп бериптир.

Ошентип чоң атасы Кайып кудаларына барып аларды мактап-жактап жамактатып ырдап, уулуна келинчек алып бериптир.



Жамакчы акын катары эл арасына таанылып калган Кайып аксакал кээде төкмө акындар менен айтышканда кызуу кандуулукка алдырып, оозго алгыс сөздөрдү кошуп жибергенинен улам ага-тууганы аны ырдатпай коёт.

«Аккан арыктан суу агат» дегендей чоң атасынын өнөрү Сулайман агайга жукканбы, айтор көңүлү жайдары кезде профессор дагы жамактатып, сөздүн кыябын келтирип кошуп жиберет. Анын өнөргө шыктуулугу бала кезинен эле калыптаныптыр.

- Мен бала кезде 1-2-класста окуп жүргөндө көзүмө көрүнгөндү уйкаштырып эле айта берчүмүн. Жамакчылык өнөр экенин деле билген эмесмин. Менин ырымды уккандар «ой, сен акын болот экенсиң, жазуучу болот экенсиң» - дей беришчү.

Анан бой тартып мектепти бүтүргөндө Бишкекке келип акын-жазуучу болот экенмин деп Кыргыз мамлекеттик университетинин филфагына тапшыргам. Айылдан жаңы келип көп нерсени билбейбиз. Шаарда бизден кыйындар бар экен. Ырды кыйын жазгандар бар экен. Анан мен да бир паста уйкаштырып бир дептер ыр жазып салам. Чыныгы акындар отуруп алып бир күндө төрт сап ыр жазышат экен. Алардын төрт сап ырын окуп көрсөм, менин миң сап ырыман өйдөрөөк. «Кокуй мен акын эмес турбаймынбы» - деп, ыр жазбай койдум.

Анан кара сөз жазып көрөйүн десем, ал деле менин кесибим эмес экен. Карап көрсөм менин кесибим фольклорчу экен. Мен туура жолго түшүптүрмүн.

Сулайман Кайыпов студент кезинде франсуз адабияты боюнча адис болом деп франсузча үйрөнүп, «Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен бирге кыргыз адабияты эч нерсеге жарабайт»,-деп чыгат.

Франсуздардын белгилүү жазуучусу, Нобель сыйлыгынын ээси Ромен Ролландын Кола Брюньон деген повестинин кыргызча которулушу деген дипломдук иш жазат.

Жамакчы илимпоз

Эне сүтү менен элдик чыгармаларды оозанып, бала кезинен өнөргө жакын Сулайман агай барып-келип фольклор изилдөөчүлүккө баш оту менен киришет. Кийин Москвада аспирантурада окуп жүргөндө ошол жактагы кыргыз жаштары жердештердин жолугушуу кечесинде Сулайман Кайыповду фольклорчу болсоңуз «Манас» эпосунан үзүндү айтып бер дешип кыйнашат.

- Мен жоро-жолдош көңүлүн ачып, бир күлүп алсын деп уйкаштырып, пародия кылып айта берем. Мисалы мен аспирант кезде Москвадагы кыргыз балдар сурап калды. «Байке сиз фольклорчу экенсиз, эмне кыласыз? "Манастын" жаңы главасын жазасызбы?»-деп калышты. Мен ооба дедим. «Анда майрамда бир главасын айтып бербейсизби?» - дешти. Макул айтып берейин дедим.

Анан майрамдык кече башталганда «Байкебиз диссертациясын бүтүп калыптыр. Азыр бир главасын айтып берет»,-деп тамада мени жарга такап калды. Көңүлү калбасын деп, Каныкейдин Семетейди Таласка узаткан жеринен анча-мынча билет элем. Айтып бердим. «Дагы, дагы айтыңыз»-деп сүрөп калышты. Анан клишелер бүттү. Болуптур деп, өзүбүздүн айылдан түшүп алдым.

«Айланайын кулунум,
Андан ары сен барсаң,
Көк-Арт деген бели бар.
Көк-Арт жерин жердеген,
Басыз деген эли бар.
Басыздарды башкарган,
Сулайман деген беги бар.
Ал дагы көргөн атаңды,
Анын ааламга чыккан чатагы.
Аныкына конуп кел,
Ага конок болуп кел.
Андан ары сен барсаң,
Ээлеп жатат жап-жалгыз,
Калың токой колотту.
Көрбөй келбе кулунум,
Кайыптын уулу Болотту. (Болот өзүмдүн абам эмеспи)
Көпкөлөңдүк жайың бар,
Көтөрбө балам мурдуңду.
Көрбөй эле көрбөгүн,
Кайыптын уулу Турдуну». (Ал өзүмдүн атам да.)

Ошентип келатам-келатам. Биздин айыл тоонун башында. Жогору жагында биз үй бар. Ошондон төмөн келатам. Анан тээ Кара ингенден өтүп, Муктар Борбугуловдун үйүнө келип калганда билип калышты. «Ой, өзүнүн айылын кошуп атат. "Манасты" бузуп коюптур», деп чарылдап жиберишти. Мен камырабай, «өзүңөр айтып бер дедиңер, айтып бердим»,- деп кутулгам.


Окумуштуу, жыгач уста

Сулайман Кайыпов комуз черткенде манжалары ийкемдүү, үч кылды иргеп басып, жумшак жорголотуп, жеңил шилтейт экен. Комуз черткенди баккан атасы Таштан аксакалдан үйрөнүптүр.

- Атам менен бир тууган абам Таштан мени баккан. Азыр мектеп ошол кишинин атында. Өмүр боюу мугалим болуп, агартуу тармагында иштеди. Ал киши комузду катыра чертчүү. Комуз чапчу. Мен ошол Таштан атамдан комуз черткенди үйрөндүм. Комуз чапканды үйрөндүм.

Негизинен мен жыгач устамын. Азыр дагы устачылык кылайын дейм, шарт жок. Кабат үйдө каяктагы шарт. Мынабу комуздун кулактарын жасаганда бүткүл денеңден тер чыгып, жыргап жасайсың да. Бир комуздун кулагын жасайт деген, менимче бул өзү он беш күндүк курортто жаткандай эле күч кубат берет. Анан эс алдырат.

Устачылык кылганда бүтүндөй проблема, маселе, чаташкан нерселер өзүнөн-өзү орду-ордуна туруп калат. Айылга барганда жыгачтан чөмүч, күрөк чаап, жөн тура албайм. Жыгачты көргөндө айланчыктап жанында ары-бери баса берем.

Москвада кызыл карагайдын кесиндисинен комуз чапканда

Сулайман Кайыпов 1983-жылы Москвада аспирантурада окуп жүрүп, көчөдөн кызыл карагайдын кесиндисин көрүп калып, жатаканасына сүйрөп барып комуз чаап алыптыр. Ал комуз азыр өзү жетектеген «Кыргыз-Түрк «Манас» универистетиндеги иш кеңсесинде турат.

-1983-жылы аспирант болуп жүргөндө кароолчу да болуп иштеп калдым. Эки кичинекей балам бар. Аларга акча жибериш керек. Анан жумуштан келатсам Москванын Ленин проспектиси деген чоң көчөсүнүн жээгинде кызыл жыгачтын кесиндиси жатыптыр.

Жакшы жыгачты көргөндө мен кыя өтүп кете албай калам. Жолдун четинен зым таап алып, карагайдын кесиндисин сүйрөп кетип баратам. «Эмне кыласың?»- деген киши жок.


Ошентип жатаканага алып келип, музун ээритип, ушул комузду чаап алгам. Кичинекей чакан комуз болуп калды. Муну ар дайым жанымда алып жүрөм. Түркияда он жыл иштеп, жашап жүргөндө да жанымда алып жүрдүм «Москвадан чапкан комузум», деп.

Жаштайынан өнөрдү аздектей билген илимпоз Сулайман Кайыпов азыр жетектеп жаткан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде көзү өтүп кеткен кыргыз искусствосунун залкарларынын чыгармачылыгы, өмүр жолу тууралуу илимий конференцияларды, чыгармачылык кечелерди өткөрүп, Маданият жана маалымат министрлиги аткарбаган иштерди жасашууда.

Белгилүү фольклорчу, филология илимдеринин кандидаты, профессор Сулайман Кайыпов 1952-жылы 15-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ак-Тоок айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1975-жылы бүтүрүп, эмгек жолун республиканын китеп палатасынан баштаган.

Улуттук илимдер Академиясынын тил жана адбият институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштеп, үч жылдан кийин СССРдин илимдер Академиясынын МаксимГорький атындагы дүйнөлүк адабият институтунда стажер-изилдөөчү, бир жылдан кийин ошол эле институтта аспирантурада окуйт.

1985-жылы аспирантураны ийгиликтүү аяктап келип илимдер Академиясында улук илимий кызматкер, кол жазмалар бөлүмүн жетектейт.

1993-1995-жылдары Бишкек гуманитардык университетинин түркология факультетинин деканы, кийинчерек биринчи проректорлук кызматты аткарат.

Чүй университетинин профессору болуп, кафедраны жетектейт. 1997-жылы Түркияга чакырылып, Ван шаарындагы Жүзүнчү жыл (Йузунжу Йыл) университетинде он жыл профессор болуп иштейт.

Орус, түрк, өзбек, казак тилдеринде эркин сүйлөйт. Бул тилдерде бир нече монография, макалаларын жазган. Англис тилинде сүйлөй билет. Эки томдук «Кыргыз адабиятынын антологиясын» түзгөн.

Сулайман Кайыпов 2007-жылдын февраль айынан бери «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, «Кыргыз фольклору жана адабияты боюнча эмгектер» иши үчүн Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Европанын ректорлор клубунун мүчөсү, Сократ атындагы эл аралык сыйлыктын ээси.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG