Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

14-майда Улуттук китепканада “Айкөл Манас” дастанынын казак тилине которулган 1-томунун бет ачары өттү. Дастан англис тилине да которулууда.

Кыргыз элинде ар бир доорго, мезгилге ылайык өзүнүн дастанчы, манасчылары болгон. Кеңеш доорунда да залкар манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Манас” дастаны коомчулукка жеткен.

Учурда өлкөдө ондогон манасчылар бар. Бардык манасчылардын айтуусундагы дастанда негизги тема - элдин эркиндиги, эгемендүүлүк, мекенди коргоо, эл достугу болуп келген. Бул “Айкөл Манас” дастанында дагы казак элине тиешелүү кызыктуу маалыматтар камтылып келген.

Жумгалдык Бүбүмариям Муса кызы Манастын 40 чоросунун бири - Көкчө баатыр казак болгонун, Майра Керим кызы айыкпас оорусуна карабай “Айкөл Манас” дастанынын 1-томун казакчага которгонун айтып берди:

- 1995-жылдан бери кайыптан же тактап айтканда Жайсаң ата аркылуу маалымат алып, аалам тамгасы аркылуу мага сырдуу белгилер берилип, мен аны кагазга түшүрүп, Жайсаң Үмөт уулунун автордугун менен “Айкөл Манас” дастанынын он китебин жазып, жарыкка чыгардык. Былтыр орусча, быйыл казак тилинде биринчи тому чыкты. Жайсаң атанын айтуусундагы дастанында улуттук идеологияны, медицинаны, тарыхый чындыкты, педогогиканы, кыргыз рухуна, каада-салтына байланыштуу баарын тапса болот.

Былтыр дастандын кайрадан кыргыз тилинде 10 томдугу жарык көргөн. Былтыр орус тилине которулган биринчи тому чыкты. Казак тилине да маркум төкмө акын Майра Керим кызы которуп, быйыл жарык көрдү. Ошондой эле биринчи тому англис тилине да которулуп жатканын “Бийиктик” басмасынын жетекчиси Жумадин Кадыров “Азаттыкка” билдирди.

Президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин айтымында, дастандагы негизги идея- элдин эркиндиги, эгемендүүлүк,биримдик, мекенди коргоо болуп келген. Ал ЮНЕСКО уюму менен "Манас" үчилтиги кыргыз элинин дастаны катары кабыл алуу маселеси макулдашылганын кабарлады.

- “Манас” дастанында айтылган улуу мурастар, ой-максаттар учурда, мындан кийин кыргыз мамлекетинин улуттук идеологиясына айланышы керек. Идеологиянын өзөгүн улуу дастаныбыз “Айкөл Манас” дастаны түзүүсү зарыл. Ал эпостун ичинде камтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев “Манас” эпосунун Саякбай Каралаевдин айтуусунда тасмага биринчи түшүргөн казак окумуштуулары болгонун, учурунда Мухтар Ауэзов “Манас” боюнча биринчи кандидаттыгын коргогонун айтты. Ал маркум Майра Керим кызы которгон дастан эки элдин ынтымагына дагы данакер болоорун билдирди.

- Буйруса, бул баян жалпы кыргыз-казак окурмандарынын жүрөгүнөн өз ордун таап, боордош эки элдин руханий адабиятынын жазма үлгүсү катары Улуу сөз казынабызга кошулду.Эпосту терең изилдеп окуган, иликтегендер “Манас” дастанын алгачкы автору Жайсаң десе, айрымдары Ырамандын ырчы уулу деп келишкен. Дастандын алгачкы автору Жайсаңды эң биринчилерден болуп тааныган казактын залкар жазуучусу Мухтар Ауэзов болгон. Ал кандидаттык ишин да 1930-жылдары "Манас" эпосу боюнча коргогон.

Дастандын автору катары айкөл Манас баатыр менен жанаша жүрүп, бардык окуяларына күбө болгон 40 чоронун бири Жайсаң Үмөт уулу экенин ар бир жолугушууда, маектешүүдө, маалымат жыйындарында Бүбүмариям Муса кызы да айтып, баса белгилеп келет.

“Айкөл Манас” дастанынын биринчи томун раматылык Майра Керим кызы казак тилине эркин которгонун, казак боордошторго дагы рухий күч-кубат берээрин журналист Назарбек Байжигитов “Азаттыкка” айтып берди:

- Бул дастандын казакча вариантын негедир жан дүйнөмө, жүрөгүмө терең сиңирип кабыл алдым. Анан казакча тизмеги керемет күчтүн касиети менен өзүнө тартып алды. Дастандын казакча чыгышы эки элдин боордоштук сезимин дагы ойготот.

“Айкөл Манас” дастанын бет ачаарына маданият министрлигинин жетекчилери, маданият тармагын тейлеген өкмөт мүчөлөрү келбей кайдыгерлик кылышканын сүрөтчү Алмазбек Кудайбергенов сынга алды.

Дастандын текстин казактын белгилүү төкмө акыны Майра Керим кызы которгон. Казак тилине которулган бул дастан анын акыркы иши болуп калган, себеби 2009-жылы Майра Керим кызы катуу оорудан көз жумган. Майра Керим кызы 1962-жылы Алматы облусунун Кеген районунун Жылуу-Суу айылында туулган. 1988-жылы тоңдук кыргыз жигити Канатка турмушка чыгып, Ысык-Көл облусунда жашап өттү. Майра Керим кызы бир нече эл аралык айтыш сынактарында биринчиликти алган. Бир нече обондуу ырларды жараткан. Сөөгү Тоң районунун Ак-Сай айылында коюлган.
XS
SM
MD
LG