Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:12

Китеп жана китепканалардын орду, ролу туурасында акын, Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты Абдырашит Урбаев “Азаттыкка” ой бөлүштү.

- Бүгүн Бишкекте “Китепкана – тынчтык жана улут аралык ынтымак аймагы” деп аталган III республикалык форум өткөнү жатат. Азыр көп деле жаштар китепканаларга барбай калды. Анан кантип тынчтык, биримдик аймагы боло алат?

- Тынчтыкты камсыз кылуу бир эле китеп менен чектелбейт да. Ар тараптан жүргүзүлгөн иш аракеттер керек. Кептин бардыгы башкада турат, биздин адамдардын ички дүйнөсү жарды болуп, ички маданияты төмөн. Андай болгон учурда ар кандай окуяларга тез берилип кетет. Бир жагынан рухий жардылык элдердин ортосундагы мамилелердин курчушуна да алып келет деп ойлойм.

- Жаштар китеп окубай калды деген сөздөр көп айтылат. Негизи чыгармачылык, китеп гумандуулукка чакырат да. Соңку окуялар, адамдардагы агрессия ошол китеп окубай калгандан чыгып жаткан жокпу?

- Ал негизги себеби эмес. Улуттук жаңжалдын негизги себеби - ал сепаратизм. Аны менен байланыштырбай эле адабиятты, рухий байлыкты өзүнчө карашыбыз керек деп эсептейм. Мамлекет эгемендүү болгондон бери 20 жыл болду. Ошондон бери элдин рухий турмушуна көңүл бурулбайт, мамлекет жетекчилери, өкмөт, президент дагы бир гана экономика менен алек болуп калышты.

Жыйырма жылдан бери кыргыз элинин жаңы мууну өсүп келди. Китеп да, гезит да окубайт. Рухий байлыктарга кызыкпайт. Ошондуктан алардын акыбалын, ой жүгүртүүсүн, коомго, адамга жасаган мамилесин карап отуруп жаштар ушундай болсо, келечекте элибиздин деңгээли кандай болот деп чочулайсың.

Ошондуктан мамлекет биринчи кезекте адабият менен искусствого көңүл буруп, каражат бөлүп, толук каржылаш керек. Адабияты, искусствосу жок мамлекет дүйнөлүк аренада эң бир артта калган өлкө болуп, бийик деңгээлде тааныла албайт. Анткени мамлекетти тааныткан эң биринчи кезекте жазуучулар, акындар, сүрөтчүлөр, артисттер, искусство адамдары жана спорт чеберлери болот.

Мамлекет болсо болор-болбос акчасын аяп, мисалы жазуучуларды толугу менен камсыз кылыш үчүн 25 млн. сом керек экен. Бизде мамлекеттик бир жылдык бюджет 60 млрд. сомдон ашып атат. Чыгармачылыкка көбүрөөк көңүл бурулса жазуучулар коомду бириктире алат болчу.

- Соңку кездерде китепканаларда эмес көп жаштар компьютердик клубдарда отурат, ар кандай кинолорду көрөт. Мурда жаштардын башын бириктирген китепкана болчу эмес беле? Кантип китепкананын кадыр-баркын көтөрсө болот?

- Эгерде жазуучулар азыркыдай эле коомдук турмуштун чет жакасында калып кетсе, китепканалар да иштебейт, ага адам да барбайт. Анткени китепканага киши барыш үчүн жазуучулардын жаңы китептери болуш керек, ошол жерде жазуучулар окурмандар менен жолугуш керек, сүйлөш керек. Анда бир гана адабият жөнүндө сөз болбойт, мамлекеттин, элдин тагдыры сөз болуп, элдин ички дүйнөсүн, мүнөзүн, мамлекетке болгон мамилени калыптандырат. Бул акчадан бир нече эсе жогору, кымбат турат. Мамлекет жетекчилери мына ушуга көңүл бурса дейм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG