Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

"Ыр тагдыр": "Фаридам" кимдики?


Түрмөктүн бүгүнкү чыгарылышында ырчы Асылбек Өзүбековдун репертуарындагы «Фаридам» деп аталган ырдын тарых-таржымалы туурасында сөз болот.

Адатта кайсы ыр болбосун анын авторлору экинчи планда калып, ырды аткарган аткаруучуга баарын энчилеп, «ошонун ыры» деп алмай адатыбыз бар.

Көпчүлүк сыяктуу биз да «Фаридам» деп аталган ырды Асылбек Өзүбековдуку деп ойлоп алыппыз. Көрсө, бул ыр 1970 жылдары жазылып, 50 жылга жакын өмүр сүрүп койгон экен. Ал эми «Фаридам» ырчы Асылбек Өзүбековдун колуна 1975-жылдары тийип, бирок анда ырдын аталышы да, сөзү да такыр башка болгон.







Асылбек Өзүбеков: 1975-жылдары жагып калып жаттап алдым. Мунун обону Ош театрынын белдүү актёрлорунун бири болгон Тынарбек Амановго таандык. Бирок ырдын сөзү мага жакпай жүрдү.

Мен акын Шайлообек Дүйшеев менен коңшу жашаар элем. Бир күнү кечинде Шакемен ушул ырга жакшы сөз жазып берүүнү өтүндүм. Болжолдуу баяндап бердим. «Гүлмира», «Элмира» деген ырлар толтура биз жалпылаштырып эле «Фаридам» деп алалы десем, Шакем эртең менен ырды дайын кылып мага берди. Сөзү мен ойлогондон да мыкты болуптур. Ар биринин балалыгын эске салат. Ушул ырды ырдап жатканда дээрлик көп угармандар өздөрүнүн Фаридаларын көз алдыларына элестетип олтурушат болуш керек. Анан ушундай керемет ыр жаралып, мен элге таратып жибердим.

Фаридам

Коңшулаш айылдан кезиккен,
Коңгуроо үнүңдү эшиткем.
Корооңо кире албай коштошуп,
Кол булгап калчу элем эшиктен.

Агымын турмуштун кече элек,
Анда сен кыз элең секелек.
Кош булак өңдөнүп экөөбүз,
Кошулуп бир аксак дечү элек.

Аттиң ай өкүнөм эмгиче,
Адырдан гүл терип бергиче.
Алтыным башкага кеттиң сен,
Алыстан кайрылып келгиче.

Азапка бактысын байлаган,
Армансыз жашоодо барбы адам?
Жоготкон күндөрдү эстетип,
Неге сен жолуктуң кайрадан?

Балбылдап көздөрүң карагат,
Басчу элең жүрөктү жаралап.
Бактылуу боло көр, кош эми,
Балалык ак сүйүүм аманат.

"Азаттык:" Соңку кездери бул ырыңызды көп аткарбай калдыңыз го?

Асылбек Өзүбеков: Азыр досторум 40 жыл «Фаридам, Фаридам» деп жүрүп мына эми келиниңдин аты «Фарида» болуп калды, эми ырдай бер дешип тамашалап калат. Ошентип бул ырды ырдагандан уялып калдым. Азыр Фарида деген керемет келиним бар. Тагдырдын тамашасы деген ушул экен да.
XS
SM
MD
LG