Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

ЖАРЫМ КАШЫК МУЗЫКА: Унутулган ырлар


Көлдүк шайырлар. Иштван Санта тарткан сүрөт, 1994-жыл

Көлдүк шайырлар. Иштван Санта тарткан сүрөт, 1994-жыл

Кыргызстан жаңы көз карандысыздык алган жылдары элдин маанайы кандай эле, алар кандай ырларды ырдап, кандай күүлөрдү угушкан? Ошол кризис колкодон алып турган замандарда кыргыздын ыр-күүлөрүн уксам деп алыскы Венгриядан жаш этнограф ат арытып келет.


Бул аудио каcсета колума тийгенине 10 жылдан ашыптыр. Сыртында латын ариби менен «Киргиз Непзене –Исик-Көл» деп жазылган касcетанын тексти бүт мен билбеген тилде болгондуктан, андагы музыканын тарыхы мага беймаалым бойдон кала берген.

Радио-программаны бул жерден угуңуз:




Мына эми кечээ жакында Венгрияда кыргыз музыкасын изилдеген киши бар деп угуп, Иштван Сантага Будапештте жолуктум. Жолуксам, ал мага дал ошол аудио касcетаны «өзүмкү» деп колума карматты!

Этнография институтундагы текчелерде миң түркүн китеп жыйылган чакан кеңседе Иштван тээ СССР кыйрагандан көп өтпөй көл кылаасында болуп, эл арасындагы ырчы, комузчу, шайырлар менен жолукканын эстеп отурду.

Иштван Санта Кыргызстанга 1994-жылы келет. Кейпи оруска окшош болгондуктан, аны уруп коё турган учурлар да болот. Өлкө өз алдынчалык алып, бирок советтик империя кулагандан кийинки оор экономикалык кризис элди белден басып турган кыйын кезең эле.

- Өтө оор кез болчу, жеке менчиктештирүүлөр болуп, кризис күчөп турган. Орустарды жек көрүшчү. Ошол оор мезгилде мен музыка чогултуп жүрдүм. Кыргызча билчү деле эмесмин. Бирок музыканы, анын ичинде кыргызча музыканы билгим келчү.
Иштван Санта Будапешттеги кеңсесинде, 2011-жыл


Европадан атайын ат арытып келген этнограф Дархан, Ак-суу, Тору-Айгыр өңдөнгөн айылдарын кыдырат. Үсөнбек Асаналиев, Шабы Тулукбаева, Орозобай Кенчинбаев өңдөңгөн көпчүлүк билген да, билбеген да өнөр адамдарына кезигет:

- Музыканттар менен той-топурга барганда таанышчумун. Кол өнөрчүлөрдүн устаканасына баш багып, аспаптарды кантип жасаарын карап отурчумун. Аз-аздап, кыргыз маданияты менен тааныша баштадым. Бул ырлар эмнени билдирет, шашылган деген эмне, шашпай, үндү пас чыгарып ойногон кимдер? Ушул жөнүндө ойлончумун. Көп деле сүйлөшчү эмеспиз. Чындыгында, дээрлик сүйлөшчү эмеспиз. Маанилүү иш менен алектенгендей өзгөчө маанай болчу. Бул мага өтө терең таасир калтырган.

Окууну жаңы бүткөн венгриялык окумуштуу эмне себептен Кыргызстанга келип калды? Муну түшүнүш үчүн тээ падышачыл Орусиянын мезгилинен кечээ жакынга чейин кыргыздарды тууган тутуп, Теңир-Тоону түрө кыдырган Армин Вамбери, Георг Алмаши, Мандоки Иштван Коңур өңдөнгөн венгриялык саякатчы-илимпоздорду эстешибиз керек.

Иштван Санта XX кылымдын башында жашап өткөн Алмашинин «Азиянын жүрөгүнө сапар» деген китебин окуп, кыргыздын музыкалык чыгармачылыгы тууралуу кабар алат, советтик мезгилде чыккан пластинкалардан Токтогул, Саякбай, Эстебес Турсунов өңдөнгөн залкарларды тыңдайт.

Мына эми Кыргызстанга келип, комузчу, ырчыларды ээрчип жүрүп, алардын ыр-күүлөрүн жаздырат. Бир гана өкүнгөнү, изилдөөчү Алмаши жазган кыл кыяк ойногон эмчи-домчуларды кездештире албайт:

- Манасты, комуз, ооз комуз (күүлөрүн жаздырдым). Бирок кыл-кыякты көргөн жокмун. Алмаши бул туралуу жазып калтырган. Ысык-Көлдүн Түп тарабында мал базар болгон экен. Казакстанды көздөй бараткан жолдо Каркыра деген ашууда шаман, бакшылар сыйкырчы деп саналган (жана) кыякта ойношкон.

Kөлдүк темир комузчу, Иштван Санта тарткан сүрөт, 1994-жыл.
Музыка аркылуу адамдар тез эле түшүнүп кетишет. Иштван Сантанын өз айтымында, ал үчүн да ыр-күү чогултуу биринчи кезекте адам таануунун кайталангыс мүмкүнчүлүгү.

Ал эми кассетасына жаздырган ырларды ал кандай шарт менен тандаган? Көрсө Иштван Санта муну шайырлардын өздөрүнө коюптур:

- Мен жандуу музыкага кызыктым. Шайырлардан дайыма «каалаганыңды аткар» деп суранчумун. Манасты да айтышчу, ар кандай ырлар ырдалчу. Элдер өздөрү каалаган, өздөрү адатта аткарган ыр-күүлөр ошентип чогулган.

Мындан дээрлик 16 жыл мурдагы оомал-төкмөл заманда жылдыздуу чет элдик конок жаздырып алган, кыргыздар көңүлүндөгүсүндөй ырдаган ырлар жазылган аудио кассета бүгүн да менин китеп текчемде сакталып турат.

Кээде аны эски магнитофонго салып угуп калам. Ошондо жер тамда курама төшөктүн үстүндө малдаш токунуп, комузун кыңгыратып отурган кишилер, уй саап жүрүп өңү бозоруп калган чапандын жеңин түрүп алып, темир комуз каккан аялдар көз алдыма тартылат. Ошондо, «Айылдык бул шайырлардын тагдыры кантти, алар азыр кайда жүрөт болду экен?» деп ойго чөмүлөм.
XS
SM
MD
LG