Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Бексултан Жакиев жана театр


Драматург Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" спектаклинен бир көрүнүш.
Драматург Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" спектаклинен бир көрүнүш.

Драматург Бексултан Жакиевдин 75 жылдыгына арналган бир катар маданий иш-чаралар азыр өлкөнүн ар тарабында өтүп жатат.

Жазуучунун “Атанын тагдыры” драмасындагы Жеңишбектин образын жараткан Кыргыз Эл артисти Искра Раимкулова бул ролду кеминде отуз жыл аткарганын "Азаттыкка" айтып берди:

Искра Раимкулова Жеңишбектин ролунда.

- Алгач баланын образын жаратууга макул болбодум. Себеби мен өзүм назик, 24 жаштагы кыз элем да. Бирок болбой эле берип коюшту. Бет ачаары болгон күнү эл өтө көп келди. Айтор, ойноп атам, мушташчу жерден мушташып, чуркачу жерден чуркап... Анан эле оюн бүттү. Көшөгө жабылды, мен ыйымды токтото албайм. Карасам, ыраматылык Муратбек Рыскулов (Акылбектин ролунда) да көзүнөн жашын агызып, "Жекен, Жекен, сен мыкты аткардың", - деп кучактап алып ыйлай берди. Экөөбүз көпкө ыйладык. Мен так ошондой калыпта бул ролду отуз жылдан ашык ойнодум.

Азыр “Атанын тагдыры” драмасын алгач сахнага алып чыккандардын ичинен 74 жаштагы актриса Искра Раимкулова гана калды.

Бексултан Жакиевдин бул чыгармасын жөн жеринен кеп кыла калган жокпуз. Жазуучу адамдык психологиянын ары татаал багыттарын ичине камтыган нечен чыгармаларын бүгүн дагы жазып атат. Бирок “Атанын тагдыры” драмасы кыргыз искусствосуна 21 жаштагы жаш драматург Бексултан Жакиевдин келгенин сүйүнчүлөгөн алгачкы чыгарма.

Ал чыгарманын артыкчылыгы канча муун алмашса да, башкача боёк, башкача түс менен кайрадан өз күйөрмандарын тарта алган түбөлүктүү чыгарма экенинде. Бул туурасында кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору Мелис Шаршенбаев “Азаттыкка” буларды айтат:

- Азыр кыргыз драматургиясында классика деген түшүнүк пайда болду. “Атанын тагдыры” ошол классикага кирет. Ал эми классиканын өмүрү чектелбейт. Бирок Бексултан Жакиев кийин ал чыгармасынан да мыкты чыгармаларды жаратты. Анан эгемендүүлүк алган жылдардан баштап, драматургдарга калем акы берүү токтоду, ошо менен Бексултан Жакиевдин да, анын артынан келе турган жаштардын да чыгармалары театрда коюлбай калды. Өнөрдү баалабаган башаламан учур бүгүн да кендирди кесип турат.

Жогоруда маектешибиз белгилемекчи, чынында бүгүн жеңил-желпи, оңой нерселерге көбүрөөк ыктап, түбөлүктүү темаларды жазган Бексултан Жакиев өңдүү калемгерлерди мүмкүн жаштар тааныбай да калгандыр? Бул азыр кыргыз искусствосуна күйүп-бышкандардын жүрөгүн өйүгөн негизги көйгөй экенине биз ушул берүүнү даярдап жатып да күбө болдук.

Бирок айрымдар акыркы учурда өзгөчө калемгерлерди сүйүндүргөн саамалыктар болуп жатканын айтууда. Бул соңку кездер кыргыз президентинин поэзия угуп, чыгармачылык кечелерге катышып, “Манас” дастанын талдап, мамлекеттик тилди үйрөнгүлө деп жар салып анан Бексултан Жакиевдин драмаларын көргөнү менен байланыштуу.

Маселен, президент Роза Отунбаева бир курдай мындай деген эле:

- Британияда айтылат, “Шекспир өзүнүн чыгармалары аркылуу канчалаган театрларды иштетип, канчалаган актёрлорго иш таап берип атат”,- деп. Анын сыңары Бексултан Жакиевдин чыгармалары эми нечен-нечен кылым далай театр актёрлоруна иш таап берет. Бексултан аганын чыгармалары түбөлүктүү, алардын өмүрү узун.

Адатта кыргыз коомундагы жердешчилик арбын сынга алынат, бирок акыркы учурларда жердешчиликтин бир пайдасын кыргыздын мыкты акындары, жазуучулары көрүп атат го деген ой жаралат.

Бул дегенибиз мындан бир аз мурун эле акын Шайлообек Дүйшеевдин кечеси өтүп, өздөрү айтмакчы Теңир-Тоонун кулундары Шакеге мамлекеттик деңгээлде жасалбаган сыйды кылганы ого эле көпкө айтылды эле.

Бексултан Жакиев.

Кечээ болсо жазуучу Бексултан Жакиевдин жердештери алдына темир тулпар тартып, сый көрсөткөнүн драматург өзү тамаша аралаш мына мындай деп түшүндүрө кетти:

- Мен эски машинамды айдап жүрүп, эми качан жердештерим машина алып берет деп жүргөм. Рахмат сыйыңарга. Бирок бул ынтымак, намыстуулук, биримдик өтө жакшы көрүнүш. Биримдик үйдөн, айылдан, район, облустан башталып, анан мамлекетке жетет. Ылайым биримдик орносун. Бардык жакшы иштердин башаты биримдикте. Кыргыз түбүндө мыкты эл!

Бексултан Жакиев 1936-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, "Манас-1000" мамлекеттик дирекциясынын башчысы жана 1994-жылдан бери Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комитеттин төрагасы.

XS
SM
MD
LG