Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:28

Бул жолу Сакы, сап, салбуурун деген сөздөрдү талдайбыз.

Кыргыздын байыркы элдик ырларынын биринде:

Сабаттуу болсоң кат жакшы,
Сараңдык кылган бакылдан,
Сакылык кылган март жакшы.
Баркыңды билбес баатырдан,
Мамиле кылган сарт жакшы,-деген саптар бар. Биз эми ушул ырдагы – бакыл, сакы, сарт деген сөздөрдүн маанисин чечмелейли.

Бакыл-сараң, колунан жакшылык келбеген, пейили тар дегенди түшүндүрөт.

Сакы- март, берешен, жоомарт дегенди түшүндүрөт.

Сарт- ( cарт деген кайсыл бир этникалык топту же элди түшүндүрбөйт). Сарт деген алып сатар, бактысын тыйындан башкадан издебеген, баарынан, алтургай Кудайдан да тыйынды бийик койгон жан дегенди түшүндүрөт.

Кыргызда сап деген сөздүн да бир канча мааниси бар.

Сап - балтанын сабы, камчынын сабы, кетмендин сабы, д.у.с.

Жоокерлердин сабы. Мисалы: “ Аскерлер сап-сап болуп, катарга тизилди” дейт.

Үчүнчү бир мааниси: -Жүрөгүнөн кап кетти,
Билегинен сап кетти,-дейт.
Жүрөгү түшүп, коркуп, күчү кетти, кайраты качтыы деген мааниде.

Төртүнчү мааниси: “Айрыларсың бир күнү,
Алманбеттен сап болуп” дейт же “Ал тигилердин өмүрүн сап кылбадыбы” дейт. Өмүрүн кыйып, жок кылбадыбы деген маанини билдирет.

Жообанып деген сөз бар. Бул сөз да унутулуп калды. Мисалы “Ал бечера сага жообанып келсе, куру сөз менен жолго салбадыңбы” дейт. Жообанып деген - үмүттөнүп, кубанып, сүйүнүп келсе деген мааниде.

Көөнө - эски, эзелки, мурдагы,-деген маанини туюндурат. “Көөнө тарых” дейт. Эски тарых, мурдагы тарых дегенди билдирет.

Тулаңдуу жерге туудурбай,
Кышында кагын куудурбай,-дейт. Мындагы “кагын” деген сөз карын шамал учуруп, карартып кеткен жер. Кыргыз малын кышында ушундай кагын жерлерге жайган.

Касаба-туу деген мааниде. Манаста “касаба колдо калкылдап” деген сап бар.

Аттын жол жоргосун же жорго жүрүшүн– шайбыр деп койгон. “Ал шайбырлап бастырып келди” дейт.

- Мийзат бергиле?- деген сөз бар. “Мөөнөт бергиле?”-деген мааниде.

“Өтө жумшак” дегенди туюндурган “күдөрүдөй” деген сөз бар.
Мисалы: Күндөй бети жаркылдап,
Күдөрүдөй балкылдап,-дейт элдик ырда.

Мар - жылан деген сөздүн бир мааниси.

Салбуурун - көп адам чогуусу менен аңчылык кылганды кыргыз ушул сөз менен билдирген.

Үдө деген сөз бар. Маселен: “Үдөй албай калдык” дейт. “Аткара албай калдык” дегенди туюнтат.

Илгери Кокон хандыгынын тушунда ордодо иштеген аткаминерлерди “үдөйчү” деп атаган.

Ал эми “үдөө” деген – максат, тилек дегенди түшүндүрөт. “Бул ишти ага тапшырсаң сөзсүз үдөсүнө чыгат” дейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG