Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

"Шехeрезада" - жыйырма жыл ичиндеги үчүнчү премьера


"Шехeрезада" балетинен бир көрүнүш, 16-октябрь.
"Шехeрезада" балетинен бир көрүнүш, 16-октябрь.

16-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында жаңы коюлган бир актылуу эки балеттин бет ачары болду.

Ошентип жекшембиде Кыргызстанда жыйырма жылдан бери жаңы коюлган үчүнчү балет спектаклинин бет ачары болду.

Орустун атактуу композиторлору Николай Римский-Корсаковдун чыгармасынын негизинде “Шехeрезада” аттуу бир актылуу балеттин жана Александр Бородиндин “Князь Игорь” операсынын негизинде “Кыпчактардын ордосу” балетинин либреттосун жазган балетмейстер-режиссер Кубанычбек Сыдыков жыйырма жылдан бери театрдын сахнасында каражат бөлүнүп жаңы коюлган үчүнчү спектаклдин бет ачары болуп жатканын билдирди.

Оюндан бир көрүнүш.
Оюндан бир көрүнүш.
- Мына ушул жыйырма жылды санаганда буга чейин Уран Сарбагышовго “Венский лести” койгонго каражат бөлгөн. Анан мен үч жыл мурда “Доктор Айболитти” койдум. Мына ошондон бери ушул бир актылуу балетке акча бөлүнүп, сахнага чыгардык.

Кубанычбек Сыдыков белгилегендей, балет өнөрүнө көңүл бурулбай, көлөмдүү спектаклдер коюлбай калгандыгынан, айлык маянанын аздыгынан улам таланттуу жаш бийчилер коңшу мамлекеттерге, чет өлкөлөргө кетип жатышат.

- Бизде айлыктар аз болуп жатпайбы. Окууну бүткөн таланттуу жаш бийчилер театрда көп болсо бир жыл же жарым жыл иштеп, анан Казакстанга, Орусияга кетип жатат. Биз маданият кызматкерлеринин айлыгы абдан эле көтөрүлөт экен деп ойлогонбуз. Тескерисинче аз болуп калды. Убада кылгандай маянаны эки эсе жогорулатканда жаш артисттер сыртка кетпей калмак. Ошол агым токтомок.

“Шехeрезада” бир актылуу балети чыгыш элдеринин “Миң бир түн” баяны боюнча коюлган лирикалык чыгарма. Атактуу орус композитору Н.Римский-Корсаковдун эң мыкты чыгармаларынын бири саналат. Мазмунуна келсек, Хамид-Ал-Рашид аттуу жигит падышанын кызы Жамиляга ашык болуп калып, далай азап-тозок менен сүйгөнүнө жетет. Шехерезаданы ойногон балерина Асел Айдарова, Хамид-Ал-Рашиддин образын бий аркылуу алып чыккан эл аралык сыйлыктардын ээси Талант Осмонов жана Жамиляны – Зарина Мухаметшина жогорку деңгээлде аткара алышты.

Ошондой эле Александр Бородиндин “Князь Игорь” операсынын негизинде “Кыпчактардын ордосу” балетинде дагы жаш бийчилер жогорку чеберчиликтерин көрсөтө алышты.

Бул эки спектаклдин тең сахналык жасалгасы абдан жупунураак болгону менен, артисттердин костюмдары көз жоосун алып, абдан кооз тигилген экен. Декорацияларга каражат азыраак берилгенин сүрөтчү-коюучу Кубан Өмүров акчанын тартыштыгы менен түшүндүрдү.

Оюндан бир көрүнүш.
Оюндан бир көрүнүш.
- Бул демөөрчүлөрдүн акчасы менен коюлду. Анан ал берген акчалары кийим-кечеге эле жетип, декорациялар эски спектаклдерден чогултулду. Кийин каражат табылганда сахнадагы декорациялар мыкты эле болот.

Жаны коюлган балетти көрүшкөн көрөрмандар кайдыгер калышкан жок. Оюнга келген өлкө башчысы Роза Отунбаева да спектакль жакканын айтып, балет өнөрүнө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.

- Балет искусствосун өнүктүрүшүбүз керек. Көңүл бурушубуз керек. Мына ушундай жаңы коюлган кичинекей бир актылуу балеттер театрдын азыркы колунан келип жаткан нерсе. Чынында толук форматтык спектакль болушу керек эле. Театрдын планында “Чолпон” балетин, Чайковскийдин “Ак куу көлү” балетин коюу бар экен. Бирок ошого каражат жетишпей жатат. Бул балетти кармап туруу абдан эле кымбат нерсе. Мен бүгүн оюнду көрдүм уктум, көрүүчүлөр ушунчалык жакшы кабыл алышты.

Бул күнкү премьера "Мегаком" уюмунун 450 миң сомдук жардамы менен даярдалып коюлганын театр жетекчилиги оюндун соңунда сахнадан жарыялап, дагы жаңы долбоорлор талкууланып жатканын кошумчалады.

Көптөн бери опера, балет оюнун көрүүнү суусап калган коомчулук, классикалык өнөрдү баалагандар, чет өлкөлүк жарандар көп келип, жекшембинин кечинде Бишкектеги эски театрлардын бири шаңга бөлөнүп турду.
XS
SM
MD
LG