Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Стилист Замира Молдошева Кыргызстандагы этностиль жана анын жайылышы тууралуу ой бөлүштү.

“Азаттык”: Соңку учурда Кыргызстанда оюу-чийме чөгөрүлгөн улуттук кийим кийгендер көбөйүп жатканы байкалат. Муну эмне менен түшүндүрсө болот? Мисалы экс-президент Роза Отунбаева мындай кийимдерди ырасмий, мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү иш-чараларда да кийип чыкса болоорун далилдеди.

Замира Молдошева: Бул кызыгуу мени чындап сүйүндүрүп жатат. Себеби улуттук кийим эбак эле кийилип башташы керек болчу. Экс-президентибиз Роза Отунбаева бул жаатта жакшы жол баштады. Башка улуттардыкына караганда биздин кийимдер абдан кооз. Оймолор, түстөрдүн айкалышы, кийизден жасалган кийимдер аябай кооз.

Роза Отунбаева бизге улуттук кийим кооз, саркечтүү, ден-соолукка да жакшы экенин чоң үлгү кылып көрсөтүп кетти.

Улуттук кийимдерге кызыгуу феномен деле эмес. Бул эртеби, кечпи боло турган эле нерсе болчу. Кыргызстандык дизайнер, модельерлер көптөн бери эле улуттук кийимдерге басым жасап, саркеч кийимдерге улуттук орнаменттерди кошуп, бирок аны элге жеткире албай, кеңири тарата албай жүргөнбүз. Анткени биз буга чейин улуттук кийимдерди артисттер эле кийгенине көнгөнбүз да. Аларды артисттерди кийимдери деп коюшчу. Бирок азыр биз, дизайнерлер бул кийимдерди кадимки жашоодо, кеңседе, тойдо ушул эле биздин улуттук кийимди аябай жакшынкай кылып кийип алса кооз, саркеч болоорун көрсөттүк.

“Азаттык”: Улуттук кийимдерди кийгенде аша чаап кеткен учурлар бар деп айтышат. Мисалы кийим-кечеге шырдактын ою-чиймесин түшүрүп алышат. Мурунку президент Роза Отунбаева кыска чыптама менен көйнөк кийип чыкканда кыргыздын орто жашка барып калган айымы мындай кийген эмес дегендер да болгон. Ушундай жол-жоболорун айтып көрсөтүп берген этностиль боюнча адистер барбы?

Замира Молдошева: Туура суроо бердиңиз. Негизи оймого өтө этиаттык менен мамиле жасоо керек. Себеби ар бир оймонун өзүнүн тарыхы, мааниси бар. Илгери кыргыздарда ар бир боз үйгө киргенде төрдө калкан илинип турчу. Ал калканда сенин тукумуң, жети атаң, колдоочуң, коомдогу ордуң жазылып турчу. Оймо деле ошондой эле. Мисалы үчүн, жүрөк тушка, баш калпакка, шымга жана чапанга тартылчу оймолор ар башка болот. Улуттук кийимдерге кызыгуу агымы эми эле башталып, элдин көзү эми ачылып, оймонун да өзүнүн мааниси бар экен деген түшүнүктөр жаңы башталды. Бул кубандырат. Буга чейин оймо кооз болсо эле маанисине карабай жайнатып тагып алышчу. Мисалы шырдакка салынчу оймолорду мойнуна салып алышчу.

Бизде Канат деген жалаң оймо менен иштеген оймочу бала бар. Ошол бала мага көп нерсе айтып берип көзүмдү ачкан. Бул да кудайдан келген талант. Ал ар бир адамдын колдоочусун ар бир адамдын оймосун өзү менен сүйлөшүп отуруп чийип берет.

“Азаттык”: Мода келет, кетет, ал эми стиль калат деп айтылат. Адис катары кеңеш берип кетесизби, стилди тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?

Замира Молдошева: Ооба, мода келет кетет, бирок биздин этностиль калат, мен буга ишенем. Бара-бара улуттук кийимдер кадимки турмушта кеңири кийилген кийимдерге айланат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG