Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Казакстандагы кыргыз режиссеру


Батырбек Шамбетов "Азаттыктын" студиясында. Февраль, 2012.
Батырбек Шамбетов "Азаттыктын" студиясында. Февраль, 2012.

Ысык-Көлдүн Тору-Айгырында төрөлүп, Балыкчыдагы орто мектепте билим алган Батырбек Шамбетов учурда Казакстандын Петропавловск шаарындагы Сабит Муканов атындагы музыкалык-драма театрында башкы режиссер.

Петропавловск шаарындагы музыкалык-драма театрынын башкы режиссеру, кыргыз жигити Баатырбек Шамбетов жакында Кыргыз эл жазуучусу Насирдин Байтемиров менен Эл артисти, композитор Насыр Давлесовдун “Аста секин колукту” опереттасын казак тилинде аталган театрга койду. Ал буга чейин кыргыз, казак, орус драматургдарынын чыгармаларын сахналаштырган

Баатырбек 1999-жылы Алматыдагы театр жана кино институтун аяктап, Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрына кызматка орношот. Бирок жаш адистерге шарттын жоктугунан улам Казакстанга кетүүгө мажбур болгон.

- Мен ошол кездерде Ысык-Көл облустук театрынын режиссерунун кабинетинде үй-бүлөм менен бир жыл жашадым. Театрдын директору Токтобек байке, режиссеру Жумабек байке жакшы эле колдоо көрсөтүп, “жаштар театрды көтөргүлө, чыгармачылык менен иштегиле”,- деп айтышты. Ошол театрда иштесем деген менин деле тилегим болду. Бирок ошол кездерде айлык маяна 390 сом болчу. Ал акчага бир кап ун келчү. Келинчегим да актриса, анын маянасы да 390 сом. Анан ошол акчага кант, май, туз, кумшекер, самын-сумун эле сатып алчубуз. Картошка, сабиз, алманы ата-энелерибиздикинен алчубуз. Анан кийин менин Алматыдагы мугалимим Оразалы Акжарык Сарсенбек “Петропавловскиде жаңы театр ачылып жатат, келип иштөөгө мүмкүнчүлүгүң барбы”, - деген сунушун айтты. Айлыгы жакшы, жаш таланттарга камкордук бар экен деп, келинчегим менен бул жакка көчүп келе бердик.

Баатырбек Шамбетов 2000-жылдардын соңунда Казакстандын Петропавловск шаарындагы Сабит Муканов атындагы музыкалык-драма театрына кызматка орношуп, ондогон спектаклдерде мыкты образдарды жаратат. Кийинчерек режиссура өнөрүнө кызыгуусу артып жети-сегиз спектакль койду. Кыргызстанга караганда Казакстанда жаш таланттарга моралдык-материалдык жактан колдоо көрсөтүлөт экен дейт Баатырбек.

- Чынында Казакстанда маданият кызматкерлерине, театрга жакшы эле көңүл бурулат экен. Мисалы мен жети-сегиз спектакль койдум. Сүрөтчү менен спектаклге керектүү декорация жасатуу үчүн канча каражат сурасак, дирекция таап берет. Бир дагы жолу “мындай экен, андай экен, каражат жок”,- деген шылтоону уккан жокмун. Анан келинчегим экөөбүздүн айлыгыбыз кудайга шүгүр, үй-бүлөнү бакканга жетет.

Ал ушул жылдар аралыгында келинчеги Аида Супатаева менен казак театрында чыгармачылык менен эмгектенип, эки элдин театрларынын ортосунда айырма бар экенин баамдаганын белгиледи.

- Казак театрларынын көпчүлүгү тарыхый драмаларга жакын болот. Аларды эпостук, пафостук театр деп эсептесек болот. Ал эми Кыргызстандагы театрлар заманга шайкеш өсүп келатат. Эксперименталдык спектаклдерди байма-бай коюшат. Мисалы, “Күчүк” деген спектакль Татарстандагы фестивалга катышып, башка театрлардан айырмачылыгын көрсөтө алышты. Режиссер Нурлан Абдыкадыровдун койгон спектакли убагында Алматыда көрсөтүлүп, замандын оош-кыйышына үндөшкөн чыгарма болчу. Чындыгында казак театрларына караганда кыргыз театрларында учурга карата изденүүчүлүк, жаңы бир нерселерди алып чыгууга далалат күчтүрөөк деп ойлойм.

Баатырбек Шамбетов коңшу мамлекетте кыргыз менен казактын ортосундагы маданий байланышты арттырууга далалат кылып жүргөнүн да айтты:

- Кыргыз менен казак “төскөйдө малы, төшөктө башы” кошулган, илгертен бир тууган эл эмеспи. Ырлары бири-бирине оошуп кете берген. Бир ырды кыргыздын ыры деп жүрсөм, ал казактын ыры экен. Мына ушундай учурда талашып калабыз. “Биздики-силердики”,- деп. Негизинен казак боордоштор кыргыздын ырларын өтө жакшы көрөт. Сагынып угат. Мына ушундай мамилелерден улам мен эки элдин ортосундагы маданий байланышты өркүндөтүүнү иш жүзүндө далилдегим келди. Далилдеп да жатам. Былтыр жаңы жыл алдында биздин улуу таланттарыбыз Эл жазуучусы Насирдин Байтемиров менен Эл артисти, үлкөн композитор Насыр Давлесов агайыбыздын “Аста секин, колукту” музыкалык комедиясын Петропавловск театрына койдум. Көрүүчүлөр аябай жакшы кабыл алышты. Анан белгилүү драматург Мар Байжиевдин “Төрт адам” мелодрамасын ушул учурга, заманга шай кылып сахналаштырсамбы деген тилегим бар.

Режиссер келечекте Казакстандын Петропавловск облустук музыкалык театрын Кыргызстанга алып келип, чыгармачылык сапар уюшутруу максаты бар экенин, эки элдин ортосундагы маданий байланышты арттырууга колдон келген аракетин жасарын да кошумчалады.
XS
SM
MD
LG