Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Бишкек шаардык маданият башкармалыгы уюштурган “Ырдаган Кыргызстан” аттуу кароо-сынакка 6 жаштан 80 жашка чейинки курактагы өнөрпоздор катышты.

Хор искусствосун кыргызча шыгыр өнөрү деп коёт. Бишкекте 12-майда өткөн бул фестивалга шаардагы музыкалык окуу жайларынан башка татар, украин, орус, казак жана башка улуттардын өздүк көркөм чыгармачылык жамааттары катышты. Алардын жаш курагы алты жаштан сексен беш жашка чейинкилер болду.

Шаңдуу ырдын ыргагында кыймылдары шайдоот ардагерлер сахнага чыкканда бери жактагы көрүүчү жаштар кошулуп ырдап турушту.





Украиндердин “Зачаривна писня” деген шыгыр жамаатынын катышуучусу 79 жаштагы Елена Филиповна жыйырма эки жылдан бери ырдап келатканын, ыр анын өмүрүн узартып, саламаттыгын чыңдап, көнүлүн куунак кыларын айтты.

- Мага ыр күч кубат берет. Кээ бирде чарчаганда ырдап алсам, өзүмчө эле учкум келип калат. Анын үстүнө ийримдеги курдаштарым менен баарлашып черим жазылат. Мына мени көрүп турбайсызбы, жаш бойдонмун. Ырдап-бийлеп көңүл ачкандан дагы өмүрүмдү узартып жатам...

Сексенди таяп калган Елена Филиповна алардын шыгыр жамаатында алтымыштан секесен беш жашка чейинки байбичелер катышарын, алар ар бир ишембиде чогулушуп, жаңы ырларды даярдашып, майрамдарда, үйлөнүү тойлорунда концерт беришерин кошумчалады.

Славян улутундагы ар бир шыгыр жамааты кыргызча ырларды да ийнине жеткире аткарып атышты.





Ыр, музыка адамдын жан дүйнөсүн тазартат деген белгилүү композитор Акимжан Жээнбаев ардагерлердин шыгыр тобунда жалаң башка улуттун өкүлдөрү экенин белгилеп, кыргыз боордоштор эмгек эс алуусуна чыккандан кийин, “кой, уят” дешип үйлөрүнөн чыкпай отурат дейт.

Анын баамында, акыркы мезгилде шыгыр жамаатары кайрадан жандана баштады.

- Хор искусствосун кыргыздар шыгыр деп коюшат. Ушул шыгыр өнөрү эмнегедир заманга жараша, ар түрдүү шартка байланыштуу жоголуп кетти эле. Азыр кудай буюрса кайрадан жанданып атат деп ойлойм. Кыргыз композитолору дагы хор үчүн көп эле чыгарма жазышкан. Эгерде биз шыгыр жамааттарын көбөйтсөк композиторлорубуздун ырлары ырдалат. Мындай фестивалды алыскы аймактарда дагы өткөрсө жакшы болот эле.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы хормейстри, калыстар тобунун мүчөсү Карагул Тиленчиев болсо Кыргызстандагы шыгыр өнөрүн өнүктүрүү жана колдоо багытында бир гана Бишкек шаардык маданият башкармалыгы жакшы иш-чараларды өткөрүп келатканын айтат:

- Мурда Союз мезгилинде хорго өзгөчө көңүл бурулчу. Ар бир район, айылдарда хор жамааттары бар эле. Кийин эгемендик алгандан кийин хорго маани берилбей калбадыбы. Азыр Маданият жана туризм министрлиги дагы хор өнөрүн өркүндөтүү боюнча эч кандай иш-чара өткөрүшпөйт. Баарын каражатка шылташат. Эгерде министрлик тараптан демилге болсо азырак каражат менен деле хор жамааттарынын кароо-сынактарын өткөрүп турса болот. Бул багытта Бишкек шаардык маданият башкармалыгы жакшы иш-чараларды уюштуруп келатат.

Карагул Тиленчиев белгилегендей, жер-жерлерде шыгыр жаматтары түзүлсө, ыр кесе сыяктуу маданий иш-чаралар уюштурулса карапайым калк алаксып, ыр-музыка менен (стресс) көнүл чөгүүдөн арылып, саясатка аралашпай, митинг-пикеттерге чыкпайт болчу.

Бишкек шаардык маданият башкармасынын жетекчисинин орун басары Малик Ракишевдин айтымында, кароо сынакка жыйырмадан ашуун чыгармачыл жамаат катышты. Ал фестивалдын максаты шыгыр өнөрүн өркүндөтүү, таланттуу жамааттарга көмөк көрсөтүү жана хор ырларын жайылтуу болуп эсептелерин белгиледи.

- Өздүк көпкөм чыгармачылыгынын жамааттарынын хор ансамблдеринин ортосунда IX жолу “Ырдаган Кыргызстан” деген фестиваль өткөрүлдү. Буга эки профессионалдык жамаат, Улуттук консерваториянын жана Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын хор коллективи катышты. Андан сырткары Бишкектеги музыкалык 8 окуу мектептин тобу жана 16 өздүк көркөм чыгармачылык жамааты катышты. Биз бул фестиваль аркылуу хор искусствосун өркүндөтүүгө жана жайылтууга аракет кылып жатабыз.

Хор жаматтарынын “Ырдаган Кыргызстан” аттуу кароо-сынагына катышкан жыйырмадан ашуун топтун мыктылары калыстар тарабынан тандалып, акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

1937-жылы кыргыз музыкалык драма театрында Жоомарт Бөкөнбаевдин “Алтын кыз” драмасы коюлуп, анын музыкасын москвалык композиторлор В.А. Власов менен В.Фере элдик ыр-күүлөрдүн негизинде жазышып, алгачкы жолу музыкалык спектакль коюлуп, анда хор коштоп турган. Ошентип кыргыздарда биринчи жолу профессионалдык хор өнөрү пайда болгон.

Ал эми кыргызда илгертен “Бекбекей, “Шырылдаң” сыяктуу жаштардын чогуу аткарган ырларын шыгыр деп аташчу экен.
XS
SM
MD
LG