Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

Токомбаева: Жылдыз болуп төрөлүү керек


Айсулуу Токомбаева Чолпонбек Базарбаев менен "Жизель" балетинде. Бишкек, 1980-жыл.

Айсулуу Токомбаева Чолпонбек Базарбаев менен "Жизель" балетинде. Бишкек, 1980-жыл.

Учурда Түркияда иштеп жаткан белгилүү кыргыз балеринасы, СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаева “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Сөздү сиз Түркияга кантип барып калганыңыздан баштасак.

- Менин Түркияга келишим кокустук эмес болсо керек. Апам, кыргыз музыкалык театрынын түптөөчүлөрүнүн бири, опера ырчысы Минжия Эркинбаева Стамбулду көрсөм деп өмүр бою кыялданчу. Себеби анын атасы, менин таятам молдо болчу. 1927-жылы репрессияга туш болгондо качып кеткен. Апам бир туугандары менен жетим калыптыр. Атасы кайсы жерге көмүлгөнүн да билчү эмес. Биз бала кезибизде апам: “Истамбул-Константинополь” деген ырды созуп калчу. Анын кыялы орундалган жок. Бир жолу, 1969-жылы Болгарияда Варнадагы “Алтын кум” курортунда эс алып жүргөндө Кара деңизде сүзүп баратып, Стамбул тарапты көргөзүп калды. Сиңдим Гүлмира экөөбүзгө: “Мен ал жакка бара албайм, бирок силер барасыңар”, - деп айтканы эсимде. Апамдын интуициясы күчтүү, атүгүл көзү ачыктык касиети бар болчу.





Көп жылдан кийин, СССР кулап, Түркиянын ал кездеги президенти Сулейман Демирел Кыргызстанга келгенде анын жардамчысы Кемал Зейбек искусство ишмерлерин чогултуп калды. Ошондо ал “Түркияда 60 миллион кыргыз жашайт” деп айтканы бар. Жолугушуудан кийин мен Кемал Зейбектин жанына барып: ошол 60 миллионго дагы бир кыргыз барып кошулса эмне дейсиз? - деп сурадым. Ал мага: “Проблем йок”, - деп жооп берди. Ошентип бул иш башталып калды. Анан Кыргызстан менен Түркия ортосунда маданий тармакта кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийин Түркияга келгенбиз. Ал кезде Даниял Назарматов маданият министри болуп турган. Мен ошол макулдашуунун алкагында Анкарага келгем. Хожатепе университетиндеги консерваториянын балет бөлүмүндө сабак берем. Мына 17 жылдан бери классикалык бийди үйрөтүп жүрөм.

- Түркияда иштеген сизге жагабы?

- Мен иштен эч качан качкан эмесмин. Эмгектенгенди жакшы көрөм. Кайсы жерде иштебейин күчүмдү да, мүмкүнчүлүгүмдү да аябаймын. Ленинграддагы Ваганова атындагы академиялык хореографиялык училищедеги педагогдорум эмнени үйрөтүшсө, ошону жаштарга үйрөтүүгө аракеттенем. Мен ал окуу жайын тээ 1966-жылы бүтүргөм. Чынында эле мыкты мугалимдерибиз бар болчу. Кийин биздин Опера жана балет тератында дээрлик 30 жыл иштедим.

Айсулуу Токомбаеванын архивинен

Айсулуу Токомбаеванын архивинен


- Айсулуу эже, 30 жыл иштеген театрга кайтып, ошол жерде сабак бергиңиз келеби?


- Ооба, андай каалоом бар. Анткени апам айткандай, киндик каның кайда тамса, ошол жакка кайткың келет. Өзгөчө жаш өткөн сайын ошондой туулган жериңди эңсөө пайда болот экен.

- Грузия президенти Михаил Саакашвили айтылуу прима-балерина Нина Онаниашвилини чакырып, Тбилисидеги театрды жетектөөнү сунуш кылган. Сизге Кыргызстандан ошондой сунуш түшсө макул болот белеңиз? Кандай шартта келет элеңиз?

- Жок, мен эч качан кимдир бирөөнү башкарууга умтулган эмесмин.

- Анда жөн гана жаштарга чеберчилигиңизди үйрөтүүнү сунушташса?

- Күнүмдүк жашоого жеткендей эле акчага макул болот элем. Мен бул жагынан алганда анча деле талап кылбаймын. Эч качан чоң бир сарайда жашасам деп, же ошол өңдүү көр оокаттын артынан түшкөн эмесмин. Мен үчүн андай нерселер маанилүү эмес. Бирок адам баласы нормалдуу жашай турган шарт болушу керек. Мен пенсияга чыгып атканда ошол маал үчүн жакшы эле акча алчумун. Бирок кийин заман өзгөрдү, пенсия болсо ошол эле бойдон калды. 17 жылдан бери Кыргызстанда иштебейм. Демек социалдык фондго акча которулбайт. Азыркы пенсиямдын көлөмү нормалдуу жашап иштеш үчүн жетиштүү эмес.

- Түркиядагылар СССРдин эл артисти сабак берет деп сыймыктанса керек?

- Аны алар жакшыраак билишет ко. Анан буларда СССРдин эл артисти деген түшүнүк жок. Мен бул жакка келгенде эски сыйлыктарыма, наамдарыма таянбастан, колуман эмне келээрин көргөзүшүм керек эле.

- Сиздин шакирттериңиз кимдер? Түркияда балетке көп кызыгышабы?

- Азыркы театралдык труппадагы артисттердин бардыгы эле менден сабак алышкан. Кээ бирлери азыр театрда иштешет, арасында алдыңкы артисттер, корифейлер, кордебалетте бийлегендер да бар. 17 жылдан бери иштеп жүргөндөн кийин дээрлик бардыгын ар кайсы жылдары мен үйрөткөм. Азыр көрүп калганда жаныма келип, кучактап, ыраазычылыгын айтып калышат. Окуп жүргөндө жаштык кылыппы, айтор, көп нерсени баалашчу эмес. Эми чоңоюп, акыл-эс кирип, сахнага башкача көз караш менен карашат. Мен сабак бергенде “эмгектенгиле, педагогдун айткандарын, үйрөткөндөрүн жакшылап сиңирип алгыла, кийин кеч болот”, - деп улам-улам айта берчүмүн.

- Шакирттериңиздин арасында жылдыз болуп калгандар барбы?

- Мен өзүм эч качан жылдыз болом деп умтулган эмесмин. Ар бир адам жарык дүйнөгө кайсы бир максат менен келет экен. Жылдыз болуу мүмкүн эмес, жылдыз болуп төрөлүш керек. Азыр болсо, Юрий Григорович айткандай, орточо адамдардын доору болуп калды. Илгери жаркыраган инсандар көп эле. Бара-бара андайлардын катары суюлуп баратат. Майя Плисецкаядай бийчилер жокко эсе. Алардын ысымдары да өзгөчө угулчу – Екатерина Максимова, Владимир Васильев, Михаил Лавровский, Давид Ольстрех, Рихтер. Кимди алба, бардыгы чыныгы жылдыздар болчу. Азырчы... Билбейм, балким заман өзгөрдү.

- Кыргызстандын маданий турумушундагы, өзгөчө балеттеги жаңылыктарга кызыгып турасызбы?

- Барган сайын албетте, театрга баш багамын, спектаклдерди көрүп кетем. Бирок эки жылга жакын убакыттан бери Кыргызстанга бара элекмин. Азыр абал кандай экенин айта албаймын. Ага чейин билгенимен жумасына 2 спектакль коюшчу. Биз болсо күн алыс бийлечүбүз. Жекшембилерде болсо 2 спектакль коюлчу. Репертуар абдан кеңири эле.

Айсулуу Токомбаева Чолпонбек Базарбаев менен (өздүк архивден)

Айсулуу Токомбаева Чолпонбек Базарбаев менен (өздүк архивден)


- Түркияда опера жана балетти мамлекет колдойбу?

- Ататүрк Түрк мамлекетин түптөгөндө Англиядан Немет Валуаны чакырган. Ал түрк балетинин негиздөөчүсү болуп саналат. Ататүрк Түркия светтик, башкалардан артта калбаган, өнүккөн өлкө болсун деп далалаттанган. Ошон үчүн мамлекет кам көрчү. Азыр дүйнө ушунчалык өзгөргөндүктөн, жетекчилер опера менен балетке мурункудай көңүл бурбай калышкан.

- Балеттен бир аз алыстасак. Сиз Кыргызстандагы саясий окуяларга албетте байкоо салып турасыз. Искусствонун адамдары андай нерселерди жүрөгүнө өзгөчө жакын кабыл алышса керек. Анын үстүнө алыста жашайсыз...

- Атам депутат болчу, БКнын идеология боюнча катчысы, кийин “Советтик Кыргызстан” гезитинин редактору, БКнын бөлүм башчысы болуп иштеген. Акыркы 25 жыл Теле жана радио боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болчу. Мен ошол чөйрөдө чоңойгом. Өзүм да коммунисттик партияга мүчө болчумун. Апабыз идеалист эле.

Биз окуп жүргөндө каттарында: “Жакшы окуп, күнөстүү, тоолуу жумуриятыбыздын маданиятын көтөрүү үчүн иштешиңер керек !” - деп жазчу. “Элиңерге кызмат өтөшүңөр керек” - деп үйрөтчү. Кыскасы, ушундай идеологияга сугарылып өскөнбүз. Ошон үчүн азыркы абалга аябай арданам, ызаланам. Мен Акаевге ишенчүмүн. Үй-бүлөбүздүн атынан ага а түгүл куттуктоо телеграммасын жибергенбиз. Интеллигенттүү, өтө билимдүү, окумуштуу адам деп саначумун, “Кыргызстан – экинчи Швейцария болот” деген сөздөрүн ишке ашырат деп ишенчүмүн. Анан бардыгы башкача болгондо, албетте, түңүлдүм. Азгырыкка жетеленбеш үчүн абдан күчтүү адам болуш керек.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG