Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Австрия-Кыргызстан: скрипка ыргактары


Райхан Айзенхут Бишкектеги концерт учурунда. 31-июль, 2012.
Райхан Айзенхут Бишкектеги концерт учурунда. 31-июль, 2012.

Райхан Айзенхут-Карагулова Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептен скрипка боюнча тарбия-таалим алып, Москвадагы консерваториядан билим алган. Учурда Австрияда музыкалык мектепте эмгектенет.

Эл аралык сыйлыктардын лауреаты Райхан Айзенхут Австрияда 1996-жылдан бери жашайт.

- Азыр Авcтриянын батыш жагында, Швейцария менен чек аралаш жеринде жашайбыз. Ал жерде музыкалык мектепте мугалим болуп иштейм. Балдарды скрипкага жана оркестрде ойногоо үйрөтөм. Ошондой эле өзүм жана жолдошум экөөбүз оркестрде жана ансамблдерде ойнойбуз.

Райхан Айзенхут-Карагулова Бишкекте төрөлгөн. Ата-теги Ат-Башынын Ак-Моюн деген айылынан. 1973-жылы Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке кирип, 1981-жылга чейин музыкалык билим алып, 8-классты аяктагандан кийин Москвадагы Петр Чайковский атындагы консерваториянын атайын окуу жайына кабыл алынат.

Райхан алыскы Австрияда жүрсө дагы жылына бир жолу Кыргызстанга келип кеткенге аракет кылат.

- Бул жактагы тууган-туушкандарымдан башка дагы мени тарткан бир магнит бар. Ошол магнит мен окуган Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебим. Жолдошум Андреас экөөбүз колубуздан келишинче жылына ушул жакка келип, музыкалык мектептеги окуучуларга кеп-кеңешибизди айтып, тажрыйбабызды үйрөтүп, күч-кубат берип, конкурстарды уюштурганга аракет кылып турабыз.

Райхан Карагулова Москвада чогуу окуган австриялык Андреас Айзенхут менен баш кошкон. Андреас дагы скрипкада кол ойнотуп, бир катар эл аралык сыйлыктардын лауреаты болгон.

Музыкант айым Австриядагы музыкалык мектептер менен Бишкектеги музыкалык мектептердин ортосунда чоң айырма бар экенин белгиледи:

- Австриядагы музыкалык мектептерде бир эле аспапты үйрөнөт. Көп болуп кетсе экинчи аспапты үйрөнөт. Ал эми Бишкектеги Абдраев атындагы музыкалык мектепке кирген бала сөзсүз түрдө өзүнүн адистик аспабынан башка фортепиано үйрөнүп, сольфеджио, музыка теориясы боюнча бир жуманын ичинде кеминде алтыдан он саатка чейин кошумча сабак алат. Бул абдан кеңири, ар тараптуу билим алуу болуп эсептелет. Эгерде Батышта ушундай ыкма менен окуткан мектеп ачса аябай көп акча төлөп балдарын окутушмак. Менин оюмча, Абдраев атындагы мектепте окуган балдар өздөрүн бактылуу санаса болот. Ошол эле кезде окутуучулардын маянасын жакшы төлөп, жакшы жашоосуна шарт түзүп берүүнү өкмөт же шаар бийлиги эске алуусу зарыл.

Райхан Айзенхуттун Австрияда тарбиялап, окуткан шакирттери скрипка боюнча эл аралык конкурстарда байгелерге жетсе, Абдраев атындагы музыкалык мектепте андан кеңеш, устаттык таалим алышкан окуучулары Москва консерваториясынан билим алышып, чет мамлекетте иштеп жүргөндөрү дагы бар.

Ал жакында өткөрүлгөн “Мекендештер” форумуна келип катышып, Кыргызстанда маданиятты, көркөм өнөрдү өнүктүрүү багытындагы ойлорун да ортого салды.
XS
SM
MD
LG