Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Ата мурасын улаган Марат Ибраев


Марат Ибраев атайын музыкалык билим алган эмес. Бирок ошого карабай 2011-жылы Москвада өткөн эл аралык романсиада сынагында баш байгени жеңип алган. Ушу тапта ал режиссерлук кесипке да кызыгып жүргөн чагы.

Орустун улуу акыны Александр Пушкиндин “Я помню чудное мгновенье...” аттуу ырын Марат Ибраев дароо эле тандап алган экен. Анда Москвада өтчү эл аралык романсиада сынагына даярданып жаткан. Ички туюм алдабаптыр, аруу махабат баяны Маратка ийгилик алып келип, чоң сахнага жол ачат.

- Пушкиндин ырларын баарыбыз эле мектептен жаттадык да. Кулакка сиңип бүткөн, тааныш. Сынакка барганда биринчи эле ушуну угузду. “Мен муну билем, ырдайм” деп дароо тандап алдым. Анын үстүнө орус мектепте окугам да. Тургеневдин, Толстойдун чыгармалары менен чоңойгом. Жакшы билген нерсеге жан дилиңди төшөйт экенсиң. 2011-жыл ошол сынакта жеңүүчү болгонум менен эсте калды.

“Я помню чудное мгновенье...” Марат Ибраевдин аткаруусунда



Романс кыргыз сахнасында анчейин жаңыра бербейт. Аны аткарган ырчылар да саналуу. Тенор үндүү ырчы Марат Ибраев алардын катарында.

- Элдик ырга окшошуп кетет. Бирок романсты ыр деп айтканга болбойт. Чакан роман дегенибиз оң го. Бир сүйүүнүн убактысы. Минтип башталган болчу, ушинтип аяктады дегендей. Ырдап атканда үндү сезим кооздоп турушу зарыл. Бир сөз менен айтканда, романс - бул орустун ички дүйнөсү. Аны туура сезе билип, дал өзүндөй аткарсаң гана көркүнө чыгат. Саал эле калпыстык кетирсең, бузулат. Кыргызча жазылган романстар деле бар. Тилекке каршы, алар көп ырдалбайт. Эл да анча кабыл албай калды.

Марат чыгармачыл үй-бүлөдө туулган. Атасы театр режиссеру Бообек Ибраев, апасы белгилүү ырчы Гүлсүн Мамашева. Анткен менен ал чыгармачыл чөйрөгө кеч, 40 жашында келди.

- Мен чоң ата, чоң энемдин колунда чоңоюп калдым да. Ата-энем болсо иштеп жүрүштү. Бул кесиптин ысык-суугун жакшы эле тартышкандан уламбы, айтор бизди бул чөйрөдөн алыс тарбиялашты. Бирок атам менден үмүт кылса керек, “сенден жакшы режиссер чыгат” деп айтып калчу. Аскерден келгенде “Москвага барып, театралдык окуу жайга тапшыр” деп кеңеш берди. Жакшы эле көңүлдөнүп жаткам. Ойдо жок жерден чоң атам ооруп, барбай калдым. Кийин политехке тапшырып, башка кесипти тандадым.

"Бакытым"



Анткен менен жүрөктө бир эңсөө калат тура. Марат дагы 30 жаштан кийин ырдасам деп дегдеп жүрдү. Акыры тилегине жетип, Кыргыз эл артисти Улукмырза Полотовдон сабак алат.

- Бир ирет апама 30 жаштан кийин сахнага чыксам кантет деп айтып калдым. Апам “жашың өтүп калды, кой” деп болбой койгон. Бирок жүрөктө чоң үмүт бар да. Өз алдымча ырдап жүрдүм. Бир күнү апам угуп калыптыр. Ошондон кийин гана “ой, сенде үн бар турбайбы” деп кеп-кеңеш бере баштады. Анан Эл артисти Улукмырза Полотовго барып сабак алдым. Адегенде элдик ырдан баштаганбыз. Үн калыпка түшкөндөн кийин операга өттүм. Азыр Эл артисти Талгар Жакшылыков менен иштешип жатам. Бул кишиден көптү үйрөндүм десем болот. Кыргыз сахнасында бас үндүү ырчылар аз. Алардын бири Талгар агай.

Марат Ибраев акыркы убакта режиссерлук кесипке кызыгып жүргөнүн айттык. Айрыкча, Шекспирдин “Отелло”, “Король Лир” чыгармаларын коюуга ынтызар. Сөз арасында атасы Бообек Ибраевди да эскерип өттү.

- Бир жолу театрга барып калдым. Репитиция болуп аткан экен. Ошондо атамдын артисттерге кыйкырганын көрүп, аябай таң калгам. Үйдө таптакыр башка киши эле. Жумшак, мээрман. Жакындарынан башына кыйын иш түшсө чуркап келип, биринчи кол созгон айкөл адам болчу. Дагы бир кызык мүнөзү бар эле, “жээнди эл кылам, желкени тон кылам” дечү. Далай студентти үйгө жаткырып окутту. Атамдын жардамы менен канчасы Москвадан билим алды. Азыр алардын көбү элге төбөсү көрүнгөн инсандар. Өзүм болсо ата-эне колуна эс тартып калганда келгем. Тарбия башка болгондон кийин жатыркап калат экенсиң. Ата-эне кадырын минтип жаш өйдөлөгөндө билип олтурам. Атамдын тилегин азыр орундатсамбы дейм. Сахнага кайсы спектаклди алып чыгышты ойлоно элекмин. Классикадан эле баштайм го.


"Гранада"


Марат бала күнүнөн бери эле опера ырчыларын угуп чоңойгон экен. Сыягы операга болгон сүйүүсү ошондо ойгонгон окшойбу:

- Америкалык Марио Ланса деген опера ырчысы болгон. Ошол ырчыны илгертен эле жактырам. Эмнегедир ал экөөбүздүн ырдаганыбыз да, жан дүйнөбүз да окшошуп кетет.

Марат учурда эл аралык компаниялардын биринде иштейт. Ырга бош убактысында эле кайрылат. Таланттуу үй-бүлөдөн чыккан уул ата-энеден мураска алган өнөрүн ушинтип улап келет.
XS
SM
MD
LG