Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Котормочу көрдүңүзбү?


Султан Раев (солдо), Талип Ибраимов, Турусбек Мадылбай Парижде, февраль, 2013-ж.

Султан Раев (солдо), Талип Ибраимов, Турусбек Мадылбай Парижде, февраль, 2013-ж.

Котормочулук элди китепке кантип жуукташтырат? Мына ушул теманын айланасында кыргызстандык жазуучулар Париждеги Русофония Фестивалынын чегинде "Азаттык" менен ой бөлүштү.

Алар орус тилинен французчага мыкты которгон котормочуларды даңазалаган бул фестивалдын катышуучулары - драматург жана премьер-министрдин кеңешчиси Султан Раев, орусча жазып, Орусияда атак күткөн Талип Ибраимов, көп тилди билгени үчүн Кыргыз Гиннес китебине кирген Турусбек Мадылбай.


Жаңыл Жусупжан: Парижге силердин келгениңердин себеби, бул жерде Русофония деген фестиваль өтүп жатат, мына бүгүн акыркы күнү. Жалпы таасирлериңиздер кандай?

Талип Ибраимов, сценарист, "Периште" ж.б. повесттери үчүн "Орус сыйлыгын" алган. Париждеги ресторандан сүрөт, феврал, 2013-ж.

Талип Ибраимов, сценарист, "Периште" ж.б. повесттери үчүн "Орус сыйлыгын" алган. Париждеги ресторандан сүрөт, феврал, 2013-ж.

Талип Ибраимов: Француздар деле бизден бай эмес экен. Русофонияны уюштурган өкмөттүк эмес Франция-Урал деген коомдук уюм экен. Бийик деңгээли таң калдырды. Кечээ мен сценарийин жазган “Свет аке” тасмасын көрсөтүштү. Баары кунт коюп, угуп отурушту. Бул француздардын маданий бийик деңгээлин көрсөтөт. Адатымча жарым саат сүйлөп, анан “мен бүтөйүнбү, кинону көрөсүңөрбү?” десем, “Жок, сиз сүйлөй бериңиз” деп угуп отурушат. Кыргыз киносунун тарыхын айттым. Зал толтура болгон жок, бирок баары көңүл коюп, тымтырс олтурушту. Мен тажрыйбалуу редактормун, кулагым баарын угуп турат, баары жымжырт болуп, угуп отурушту. “Кетпейсиңерби эми, мен эртең учат элем, эс алышым керек” десем күлүп жиберишти. Ачык эле айттым, бизде келсе беш киши келет, кинонун жарымы бүтө электе качып кетишет деп.

Жаңыл Жусупжан: Качып кетишеби же сөгүнүп кетишеби?

Талип Ибраимов: Сөгүнүп да, качып да кетишет. Булардын эстетикалык деңгээли бөлөк. (“Свет акедеги”) жылаңач кыздан булар метафара көрүп жатышат. “Өзүңөрдүн революцияны, тарыхыңарды сатып атасыңар” деп, метафора катары түшүнүштү.

Жаңыл Жусупжан: Бир коомдо эки бөлөк дүйнө бар экенин түшүнүп жатышат?

Талип Ибраимов: Ооба.

Жаңыл Жусупжан: Талип Ибраимовдун бир канча повесттери, "Русская премия" деген орус сыйлыгын алган. Алардын ичинен "Периште" повестинин француз тилиндеги котормосунун бет ачаары ушул Русофонияда өттү. "Русская премия" бул орус тилинде жазган орусиялык эмес жазуучуларга бериле турган сыйлык. Ушул эле сыйлыкты алган Турусбек Мадылбай мырза, сиз да таасирлериңиз менен бөлүшө кетсеңиз.

Турусбек Мадылбай: Менимче, биз үчөөбүз тең бактылуу адамдардан экенбиз. “Миң укканча, бир көр” дейт. Париж аябай укмуш шаар деп китептерден окуганбыз. Франциянын адабияты, тарыхын бир кыйла үйрөнүп калганбыз, бирок...

Жаңыл Жусупжан: Францияга биринчи жолу келишиңизби? Жердин баарын кыдырып эле жүрөсүз го!


Турусбек Мадылбай: Кыдырып жүрөм, бирок Парижге биринчи келишим. Баарын окуп, билип жүрчүбүз, бирок келип Парижди өз көзүбүз менен көрсөк, чыныгы сонун шаар экен. Азыр Талип Ибраимов айткандай, француздар абдан улуу эл экен. Булардын көрбөгөн нерсеси калган эмес. Ошондон кийин дагы бир нерсеге кызыгып, бир нерсеге умтулуп, изденип, жердин түбүнөн бизди чакыртып, алып келип, ынтаа кылып, ынтызарлыгын көрсөткөндүгү, бул улуу элдин карыбаганы, жаштыгы. Анткени карып калганда эчтеке кереги жок болуп калат эмеспи. Булар ынтызарлыгы менен дүйнөнүн баардыгын билип жатышат да.

Жаңыл Жусупжан: Кыргызда айтат эмеспи, “Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет” деп, ошол сыңарында болот турбайбы. Султан мырза, сиз бүгүн эмне жөнүндө ойлонуп жатасыз?

Султан Раев: Азыр биздин аксакалдарыбыз жакшы сөздөрдү айтып кетишти. Чындыгында Париж, Франция бул дүйнөлүк маданияттын, цивилизациянын эпицентри. Бул жерге өзүнүн дүйнөсүнүн гана эмес башка дүйнөнүн эстетикасын сыйлай билген адамдар келе алат. Кыргызстандан үч жазуучу келдик. Турусбек айткандай, тээ тоонун арасында кичинекей мамлекетте жашап жаткан жазуучулардын булар үчүн кандай кызыкчылыгы бар? Бирок бул жерде кыргыз адабиятын дүйнөлүк маданияттын бир бутагы катары карашып, бизди чакырышты. Руханий керектөөнү жогору койгон, абдан окурман, коом маданият аркылуу өсүп-өнөөрүн сезген эл экен. Француздардын орус адабиятына өзгөчө сүйүүсү бар. Кыргыздын Чынгыз Айтматовдон кийинки адабиятынын күрөө тамырып кармап көрөлү дешкен окшойт. Дүйнөнүн бир бутагы боло турган чыгармачыл потенциалыбыз, күчүбүз да бар деп айта алам.

Жаңыл Жусупжан: Тил демекчи, силердин чыгармалар орус тилинде жазылган. Кыргыздар окуйлу десе китеп жок. Мына Талип Ибраимов аксакал, сиз баарын орусча жазасыз. Кыргыздар эмне кылыш керек?

Талип Ибраимов: Менин жазган китептерим деңгээли бийигирээк, аларды кыргыздар окубайт. Ошон үчүн которбой эле койгула дегем. Ошол эле убакта, кыргыздардын 70 проценти орусча сүйлөп калышты. Көчөдө баратканда баары эле орусча сүйлөшөт. Кааласа орусча деле окушса гана!

Жаңыл Жусупжан: Сиз орусча сүйлөп өстүңүз. Ал убакта советтик система болчу. Ошол эле убакта эгерде ойлоп көрсөңөр, кыргыздар кичинекей эл, биз өзүбүздү өзүбүз ойлобосок, кыргызды кимдер ойлойт?. Ошон үчүн сиздин чыгармаларыңызды кыргыздар окуса жакшы болбойт беле. Ал үчүн эмне кылыш керек?



Султан Раев:
Талип байке жазуучу катары өзүнүн миссиясын аткарып, жогорку көркөм эстетикалык деңгээлде чыгармаларын жазып келатат. Бул жазуучунун күнөөсү эмес, системанын күнөөсү болуп жатат.

Жаңыл Жусупжан: Сиз иштеген системанын?

Султан Раев: Биз иштеген системанын дагы. Биз анализдеп көрдүк, Кыргызстанда үч жүз миң адамга бир китеп дүкөн араң туура келет. Кыргызстан боюнча жети гана көзгө көрүнөөр китеп дүкөн бар. Ошондуктан, бул авторлордун күнөөсү эмес. Биз системаны талкалап алдык. Азыр кыргыздар таптакыр китеп окубайт деп айтууга болбойт. Кыргызга китеп жетпейт.

Жаңыл Жусупжан: Кыргыз тилинде жакшы китеп жазылбаса, тарбиялай турган же ээрчите турган, ойлондура турган чыгармалар аз болсо, бул дагы жазуучулардын маселеси. Силер азыр Русофонияга келдиңер, бул француз тилине жакшы чыгармаларды мыкты которгон котормочуларга берилет экен. Кыргызстанда котормочулук кандай жолго коюлган? Турусбек мырза, сиз отуз тил билесиз. Кыргыз Гиннес китебине киргенсиз, өзүңүз бир нерсе котордуңузбу?

Турусбек Мадылбай: Менин деле чамам чакталуу. Өзүм которуп аракет кылдым. Англис тилинен “Том Сойердин жоруктарын” котордум, “Гекилбери Финдин жоруктарын" котордум.

Жаңыл Жусупжан: Алар мурун орусчадан которулган да?

Турусбек Мадылбай: Мен анлис тилинен түз котордум. Алар таратылды, 1000, 1500 нуска менен чыгып, китепканаларга берилди. Америка элчилиги кыргыздар сатып алганга жарабайт экенин түшүнүп, бекер таратты. Бирок 1000 китеп аз. Акыркы маалда котормочулук менен алектенип калдым. Талип агайдын китептерин которуп чыгарса болот. Мен жана айтып жаткан француздардын ынтаасы, умтулуусу, аракети керек. Бирок азыр бизде китептин кереги эмне деген апатия, жалган постулат бар. Ириде экономиканы көтөрүп алалы, анан түзүп алабыз деген. Мен барган жерде какшап айтып жүрөмүн, экономиканы көтөрүп, анан маданиятты көтөрөбүз дей беришсе, анда экономика эч качан көтөрүлбөйт. Биз өзүбүз көрүп калдык, бул жагынан курганды, эл бул жагынан талкалап өрттөй берет.

Жаңыл Жусупжан: Сиз маданияты жок эл деп кимди айтып жатасыз ?

Турусбек Мадылбай: Менин айтып жатканым, ириде экономиканы көтөрөлү анан маданиятты дегеним. Мен агын ак, караны кара деп айтып көнүп калгам. Менин айтайын деп жатканым, экономика менен маданиятты бир алып кетиш керек...

Уландысы бар.

Кошумча маалымат: Русофонияда кыргыз жазуучулары, башка сүрөөнчүлөр менен катар, literatura.kg сайтынын колдоосу менен катышууга мүмкүндүк алышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG