Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:16

“Кармина Бурана” кыргыз сахнасында


Хормейстр Карагул Тиленчиевди концерттен кийин күйөрмандары куттуктап жатышат.

Хормейстр Карагул Тиленчиевди концерттен кийин күйөрмандары куттуктап жатышат.

Опера жана балет театрынын башкы хормейстри Карагул Тиленчиев немис композитору Карл Орфтун “Кармина Бурана” кантатасын Кыргызстанда биринчи жолу сахнага алып чыкты.

Немис композитору Карл Орфтун (Karl Orff) дүйнөгө белгилүү болгон “Кармина Бурана” кантатасын Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын сахнасында башкы хормейстр Карагул Тиленчиевдин жетекчилиги астында курамы 200гө чукул хор жамааты биринчи жолу аткарды. Хорду белгилүү дирижер Рахат Осмоналиев жетектеген Асанкан Жумакматов атындагы мамлекеттик симфониялык оркестри коштоду.

Карл Орфтун бул чыгармасы музыка дүйнөсүндө өтө табышмактуулугу менен айырмаланганы менен негизинен классикалык концерттерде көп аткарыла бербейт. Аны мыкты хор коллективине же мыкты оркестрге таянган таланттуу хормейстрлер гана даап ишке ашырат.

Тарых барактарына көз жүгүртсөк, 1935-жылы немис композитору Карл Орфтун колуна XIII кылымга таандык “Кармина Бурана” деген орто кылымда латынча жазылган поэманын кол жазмасы тиет. Кыркка чукул поэтикалык ырдан турган бул чыгарма 1803-жылы Бавариядагы Бойерн монастырында табылган болчу. Анда монахтардын адамзаттын жашоосуна карата философиялык ой жүгүртүүлөрү камтылып, композитор бул чыгармадан өмүр менен өлүмгө жана тагдырдын жазмышына, карапайым дыйкандар менен кол өнөрчүлөрдүн жашоосуна, сүйүү темасына байланыштуу түбөлүктүү суроолорду көрүп, поэманы музыка менен шөкөттөп, кереметтүү сахналык кантата жаратат.

Ошентип үч ырчы кошотогон хор үчүн кантата 1937-жылы Франкфурт шаарындагы опера театрында даярдалып, бет ачары абдан чоң ийгилик менен өтөт. Бирок ошол кездеги Адольф Гитлердин бийлигиндеги улутчулдар “Кармина Бурана” кантатасын немис элине коркунуч туудурган чыгарма катары кабылдашып, катуу сынга алышат. Ошого карабастан кантата Европа эле эмес жалпы жер шарына тарап, мен деген мыкты театрларда коюлган. Музыка иликтөөчүлөрдүн айтымында, Карл Орфтун бул шедеври жалпы адамзат үчүн жазылган түбөлүктүү чыгарманын бири. Ал азыр да актуалдуулугун жоготпой келет.

Опера жана балет театрынын башкы хормейстри Карагул Тиленчиев өзүнүн 50 жаш куракка чыккандыгына байланыштуу чыгармачылык кечесинде ушул “Кармина Бурана” кантатасын эки жүзгө чукул ырчылар менен өтө жогорку деңгээлде Кыргызстанда биринчи жолу сахнага алып чыкты. Маэстро эмне үчүн бул чыгарманы тандап алганынын чоо-жайын мындайча чечмеледи.

- Карл Орфтун "Кармина Бурана" кантатасына токтолгонумдун себеби, муну сценалык кантата деп коет. Анда балет дагы колдонулуп абдан жандуу, кызыктуу кыймылдардын коштоосунда өтөт. Тилекке каршы каражат жоктугунан балетти колдоно албай калдым. Тек гана кантатаны концерттик номер катарында пайдаландым. Экинчиден, бул кантатанын ар бир номери өзүнчө бир концерттик программа кылып алып чыгууга абдан ылайыктуу. Ар бир номер өзүнчө шедевр.

Шедевр демекчи “Кармина Бурана” поэтикалык чыгармасы кырк ырдан турса композитор Карл Орф анын 24 ырына музыка жараткан жана алар ар кыл теманы камтып, прологу менен үч бөлүктөн турат.

Пролог – Жер жүзүнүн өкүмдары (Fortuna Imperatrix Mundi), андан кийин биринчи бөлүк – Эрте жазда (Primo vere) жана Көпүрөдө (Ûf dem Anger ) деген сценаны камтыйт. Экинчи бөлүк – Кабакта (In taberna), үчүнчү бөлүк – Сүйүүнүн ушак - айыңы (Cours d’amour) деп аталат. Мына ушул чыгармалардын баары Карагул Тиленчиевдин чыгармачылык кечесинде толугу менен академиялык опера жана балет театрынын хору, Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын, Бейшеналиева атындагы искусство университетинин, Кыргыз-Түрк Манас университетинин консерваториясынын, Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын хор коллективдери жана Бишкектеги №4 искусство мектебинин окуучулары тарабынан жогорку чеберчиликте аткарылды.

Концерттен кийин Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов “Кармина Бурананын” кыргыздын опера жана балет театрында зор чеберчиликте аткарылганына бир укмуштай таасирленип, көзүнө жаш алганын жашыра алган жок. Ал эми Бейшеналиева атындагы искусство университетинин доценти Калдыбек Нурматов болсо Тиленчиевдин талыкпаган эмекчилдигин жана анын жогорку профессионал экендигин айтып, ал Кыргызстандагы №1- хормейстр деген баасын берди.

Мына ушундай сейрек кесипти аркалаган хормейстр Карагул Тиленчиев өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан бери хор өнөрү эле эмес, жалпы маданиятка жогорку бийлик тарабынан такыр эле көңүл бурулбай калганына зээни кейип отурду:

- Маданияттын деңгээлин мамлекеттин жардамы менен эле көтөрбөсө биздин, көркөм өнөрдү аркалаган адамдардын жеке аракетинен эч бир майнап чыкпайт. Мына жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери бийлик башындагылар маданиятты көтөрөбүз деп айтканы менен ал убадалар кагазда калып, иш жүзүндө финансылык, моралдык жактан мамлекет тарабынан эч кандай колдоо жок. Бул көйгөйлүү маселени жылыга эле көтөрүп, маданият министрлигине айтып эле келатабыз же бир министр кыйратып иштебейт.

Маданият десе эле бийлик башындагылар ырчы-чоорчуларды, театрды түшүнөт. Ал эми жүрүм-турум маданияты, саясаттын маданияты, экономиканын маданияты, үй-бүлөнүн маданиятынын башаты мына ушул көркөм өнөр экенин бир дагы атка минер эске албай койду. Шайлоо башталганда эле артисттер кадыр-барктуу болуп саясий партияларга керек, анан шайлоо бүткөндөн кийин эле эмне болсоң ошол бол деген эле мамиле. Байыртадан кыргыз эли өнөрлүү адамдарды барктап-сыйлап келген. Өнөрлүү адамдар аркылуу "Манас" эпосу бүгүнкү муунга жетти. Манас бар – кыргыз улуту, мамлекети бар.

Тиленчиевдин айтымында, опера жана балет театрынын хорунда 60 адам эмгектенет. Алардын айлык маянасы төмөн болгону аз келгенсип, социалдык жактан дагы колдоого муктаж.

- Хордун солисти төрт-беш миң сом айлык алат. Азыркы заманда 5 миң сом деген эмне деген акча. Базарга бир барса түгөнөт. Анан үй-бүлөсүн багыш үчүн ар кайсы жакка чуркап, эки-үч жерде иштешет. Анан аларда кайдагы чыгармачылык, кайдагы энергия. Солисттер бардыгы жогорку билимдүү, таланттуу адамдар, бирок социалдык жактан колдоого муктаж. Себеби аларга мамлекет тарабынан үй-жай, батир берилген эмес. Алар эле эмес опера жана балет театрынын мен деген солисттерине үй берилбейт. Сөзүм эки болбосун, 23 жылдан бери бир-эки кишиге эле батир берилбесе, башкасына батир түгүл, жер тилкеси берилген жок.

Мына мен бойго жеткен үч балам менен искусство университетинин жатаканасында жашайм. Батир алуу үчүн Бишкек мэриясына кайрылганбыз. Мына берилет дегенде эле бийлик алмашып кетет. “Багы жокко дагы жок” болуп отуруп калабыз. Кредит алып үй салып алайын десең проценти кымбат. Анын үстүнө айлыгыбыз аз болгондон кийин үй салууга дагы мүмкүнчүлүгүбүз болбой жатпайбы. Кыскасы “асман ачык, жер дүлөй, арманымды ким угат” деген биз болдук.

Мамлекекеттик наам же үй-жай берилбеген зор талант Карагул Тиленчиев жыйырма жылдан бери опера жана балет театрынын башкы хормейстри. Ал дүйнөлүк классикалык чыгармалар “Аида” , “Риголетто”, “Кармен”, “Травиата”, “Трубадур” баш болгон жыйырмага чукул спектаклдин жана “Манас” , “Ажал ордунда”, “Ак мөөр”, “Аста секин, колукту”, “Көр оглы” операларынын хорун мыкты даярдаган Кыргызстандагы бирден-бир көзгө басар хормейстр.

Ал 1979-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Ичке-Жергез айылындагы мектептен 8-классты аяктагандан кийин Каракол шаарындагы музыкалык окуу жайдын хор бөлүмүнө тапшырып, 1983-жылы устаты Токтомуш Турдумамбетовдун жетекчилигинде окууну ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун хор бөлүмүнө окууга өтүп, бир жылдан кийин Советтик Армиянын катарына чакырылып, Сибирь округунун дивизиясынын музыкалык оркестринин командири болуп, кларнетте ойнойт. Аскерден кызматын өтөп бүткөндөн кийин Мамлекеттик искусство институтун ийгиликтүү аяктап, ошол эле окуу жайда окутуучу болуп иштеп калат. Бир эле мезгилде Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы хормейстринин жардамчысы болуп дайындалат.

Устаты, Кыргыз эл артисти, таланттуу хормейстр Кеңеш Алиев опера жана балет театрынын башкы хормейстрлигин 2000-жылы шакирти Карагул Тиленчиевге өткөрүп берген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG