Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

“Жомоктон кийин” Жалал-Абад театрында


Оюндан бир көрүнүш, Жалал-Абад театры
Оюндан бир көрүнүш, Жалал-Абад театры

Жалал-Абад облустук Барпы атындагы театры эл аралык театр күнүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме » повестинин негизинде даярдалган “Жомоктон кийин” аттуу спектакли менен тосуп алды.



Оюнду койгон режиссер жана инсценировканын автору республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыз улуттук консерваториясынын проректору Акимбек Текешовдун белгилешинче, философиялык терең маанилүү бул чыгарманы элеттик артисттер он төрт күндө сахнага алып чыгышты. Кыйла чеберчиликти талап кылган мындай спектаклди профессионал артисттер 3-4 айда, же жарым жылда даярдашат. Инсценировка адегенде « Алаамат болоор» деп аталган, бирок былтыркы кандуу окуялар мындан ары кайра кайталанбасын деген аруу тилек менен режиссер спектаклди Чынгыз Айтматовдун повестинин баштапкы аты менен койгондугун билдирди:

- Биздин жүрөктү ооруткан нерсе жатат бу жерде - Баланы жоготуп атабыз. Келечегибизге балта чаап атабыз, ошо жөнүндө бул спектакль. Ушул таза, жакшылык сезим элибизден кетпесин, элибиз бир болсун, кан төгүлбөсүн . Келечегибиз - кең, ошого үмүттөнүп, сезимибиз ойгонсун деген үмүт менен койдук бул спектаклди. Маданият министрлиги каржылык жардам берди. Анан бул чакан , ынтымактуу труппага мен ыраазымын, оюнду профессионал артисттери болбосо дагы он төрт күндө алып чыкты сахнага.

Момун карыянын курагынан кыйла кичүү болгон эмгек сиңирген артист Бакыт Жумалиевге ичинде кири жок абышканын ролун аткаруу кыйла кыйынга турду. Ага айланасындагы кишилер адам ордуна санабаган карыянын ички муң-кайгысы менен жашоого туура келди:

- Момун аксакалдын бу чыгармадагы образы – өзгөчө образ да. Ал карыянын жаш курагы менден кыйла улуу болгондуктан карыянын образын жаратуу кыйла кыйын болду мен үчүн. Жаш болгондугумдан кыймыл-аракетим ийкемдүү болуп жаткансыды. Ошондуктан анын жүгү көп болду, мүнөзүн ачуу үчүн көбүрөөк иштедим. Момундун ички кайгысы менен терең оюн, эч кимге кара санабаган тазалыгын баштан-аяк ала жүрүүгө туура келди.

Жалал-Абаддагы маданият техникумунда окуган Нышанбай уулу Бактыбек бул спектаклде Баланын ролун ойноп, куулук менен арамдыктан кутулуу үчүн Ак кемени издеп жөнөп, өз айланасындагы адамдарга кайрылуу менен муун-жүүндү бошотуп, кыйла адамдын көз жашын агызды:

- Өзүм он тогуз жаштамын. Мектепке барчу жети жашар баланын ролун ойноо татаал болду. Ошо жаштагы инилерим бар, ошолордун кыймыл-аракетин карап,үйрөнүп аттым...

Маданиятка эмгек сиңирген актриса Шайырбү Мамбетова баланын тайэнеси менен майрык чаар жезкемпирдин образын тартуулады:

- Эки каарманды бирге ала жүрүүдө кыйналдым, анткени ал экөөнүн мүнөзү эки башка. Кемпирдики каардуу болсо, майрык чаар кемпирдики турмуштан азап тарткан, кайгы- капалуу. Чынгыздын айтайын деген философиясы, ою жатат , чаар кемпирдин айтып аткан монологдорунда...

Оюн калтырган таасирлер тууралу көрүүчүлөр ар түрдүү пикирлерин билдиришти. Спектаклди эл менен бирге көргөн президент Роза Отунбаева жалалабаддык артисттерге алкыш айтып, гүл тартуулап, ишине ийгилик каалоо менен кыйынчылыктарга карабай, өлкөдө театрлар иштеп жатканын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG