Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:05

“Шырылдаң” берүүбүздүн мейманы филология илимдеринин кандидаты, профессор Санарбек Карымшаков. Ал комузда кол ойнотуп “Чайкама”, “Кара өзгөй, “Шыңгырама” сыяктуу чоң күүлөрдү ийнине жеткире аткарат.

Окуу менен өнөрдү бирге аркалап

Филология илимдеринин кандидаты, профессор Санарбек Карымшаков 1959-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп жүргөндө окуу жайдын комузчулар ансамбли менен Москвадагы Кремлдин съезддер залында бир нече жолу концерт беришип, бир ай Монголияда кыргыздын комузун таанытып келгендердин бири.

Санарбек агай өнөргө кандайча аралашып калганы, комузду кантип үйрөнгөнү тууралуу кыскача буларга токтолду.
Санарбек Карымшаковдун жаш кези.

- Биздин үйдө комуз черткен бир дагы киши жок болчу. Байкем дагы бар эле, эжелерим дагы бар эле бирок алар комуз чертүүчү эмес. Атам деле комуз черткен жок. Ал кишинин угуу сезими (слух) абдан күчтүү эле. Ошол киши “Кара молдо менен Ыбырайга киши жетпейт. Булар жанда жок. Алар залкар комузчулар”, - деп баа бергенин угуп калчумун. Комузчулардын черткенине так, туура баа берүүчү.

Анан Жумгал районуна караштуу Жаңы-Арык деген айылда. Мурда Базартурук деп коюучу. Мына ошол биздин айылдын ар бир үйүндө комуз илинип туруучу. Ар бир үйдө комуз черткен киши болоор эле. Эсимде, биздин айылда Усубаалы деген аксакал бар болчу. Эми ойлосом ошол атабыз абдан чоң талант экен. Себеби ал колунан көөрү төгүлгөн уста, комуздан баштап боз үйдү дагы жасачу. Бүркүт, куш таптаган мүнүшкөр, көзгө атар мерген болчу. Мергенчилик менен согуш учурунда бир айылды багып, ачкачылыктан сактап калыптыр.

Мына ошол киши комузду черткенде “Насыйкат”, “Шыңгырама”, “Керме тоо”, “Камбаркан” сыяктуу чоң күүлөр, кудай салбасын укумуштуудай угулуучу. Кочкордогу кадимки Төрөгелди баатырдын небереси Кудайберген деген чоң комузчу болгон экен, Усубалы аксакал ошол кишиден күүлөрдү үйрөнүптүр. Биздин айылда дагы Асанбек Базаров деген атабыз бар эле. Ал дагы чоң комузчу болчу. Анан кадимки “Комузум” деген ырдын автору Сатар Жумаев деген атабыз 30-жылдан баштап Жумгал райондук театрында иштеген. Мен мына ушундай таланттуу адамардан комузду үйрөнгөм.

Санарбек агай мына ошол Жумгалдагы Жаңы-Арык айылындагы таланттуу адамдардын таасиринен улам адабиятка ыктап, орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, эмгек жолун 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиосунун музыка редакциясында редакторлуктан баштаганын, Кыргыз Илимдер Академиясынын философия жана укук институтунда аспирантурада окуганын, кийинчерек «Кыргызстан маданияты» гезитинде сын бөлүмүн жетектегенин, «Кыргызфильм» киностудиясында иштегенин айтып, ошондо дагы комузун таштабай бош убактысында кара күүлөрдү чертип жүргөнүн белгилеп, Ыбырай Тумановдун “Боз салкын” деген күүсүн терип кирди.





Комуз эне тилдей эле ыйык

Санарбек Карымшаков “комузга азыркы жаштар көп кызыкбай калды, комуз күүлөрү бара-бара унутулуп калат”,- деген ойдон алыс. Анын айтымында кыргыз улуту барда комуз эч качан унутулбайт, тескерисинче залкар күүлөр күч кубат берет.

- Комуз, темир комуз, кыл кыяк – бул бизге эне сүтү менен бирге келген, эне тилибиз сыяктуу касиетке ээ. Комуздун дагы өзүнчө аурасы бар. Бала кезден комуздун күүсүн угуп чоңойдук. Комуздун добушу каныбызга сиңип калган. Азыр бош боло калганда комузда кол ойнотуп чертип алсам, бийик тоонун чокусуна таза абага же кең жайлоого чыккандай сергип калам.

Санарбек Карымшаков окуу жайларда, мектептерде комузчулар ансамблин кайрадан жандандырып, комузчулардын кароо-сынагын байма-бай өткөрүп туруу зарылдыгын белгилеп, Айдыралынын “Көйрөң күүсүн” шартылдатып чертип отурду.





Адабиятчы, сынчы, котормочу, окумуштуу, комузчу

Профессор Санарбек Карымшаков Жумгал районунун Жаңы-Арык деген айылда (мурдагы Базартурук) 1941-жылы 20-октябрда туулган. 1962-жылы КМУнун филология факультетин бүтүрүп, эмгек чыйырын Кыргыз мамтелерадиосунун музыка редакциясында редакторлуктан баштайт.

1962–1966-жж. Кыргыз ССР ИАсынын философия жана укук институтунда аспирантурада окуп, 1967-жылдан «Кыргызстан маданияты» жумалыгында сын бөлүмүнүн башчысы, 1970-жылдан Кыргыз ССР ИАсынын философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер, 1975-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясындагы «Көрөгөч» сатиралык киножурналынын башкы редактору, «Кыргызстан» басмасында бөлүм башчы, Кыргыз ССРинин маданият министрлигинде башкы редактор, 1986-жылдан «Экран», «Коммунист» журналдарында жана Кыргызстан КП БКнын алдындагы партия тарыхы институтунда улук редактор болуп иштеген.
Санарбек Карымшаков (оңдон биринчи) Москвадагы декадада, 1958-жыл.

1989-жылдан КМУУнун басмасында улук редактор, кыргыз адабияты кафедрасында ага окутуучу, 1994-жылдан ошол кафедранын доценти, филология илимдеринин кандидаты (2002). 2003-жылдан баштап Кусейин Карасаев атындагы БГУнун Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, 2005-жылдан ошол кафедранын профессору болуп эмгектенүүдө.

2000-жылдары “Азаттык” үналгысы менен кызматташып, адабият жана илим, билим жаатындагы көйгөйлүү маселелерди козгогон макалаларды байма-бай берип турган.

Санарбек Карымшаков адабият жана эстетика маселелри боюнча 300гө жакын макалалардын, “Турмуш саптары”, "Толкундар арасында", "Көркөм образдардын табияты", "Көркөм сөз күчү", "Азыркы кыргыз адабиятындагы социалдык проблемалар" аттуу адабий-сын жыйнактарынын, “Качкынбай Артыкбаевдин илимий-сынчылык ишмердиги” монографиясын, “ Сын дүйнө жана көркөм нарк” деген окуу куралын, «Кызарып баткан күн» пьесасын жазган.

Ал ошондой эле А.П.Чеховдун «Алчалуу бак», пьесасын, С.Цвейгдин «Магеллан» тарыхый романын, К.Симоновдун, Л.Кассилдин, аргентин жазуучусу Л.Юнкенин, эстон жазуучусу X.Пукктун, өзбек жазуучусу У.Умарбековдун ж.б. аңгемелерин жана көптөгөн илимий макалалар менен кинофильмдерди которгон.

Карымшаков 1973-жылдан СССР Жазуучулар союзуна, 1981-жылдан СССР Журналисттер союзуна мүчө. Жазуучулар союзунун сын секциясында, «Адабият» басмасында, «Кыргызфильм» киностудиясында, маданият министрлигинде, театр коомунда көркөм кеңештердин, сценардык-репертуардык коллегиялардын мүчөсү болуп иштеген.

Ал Кыргызстан ЛКЖС БКнын грамоталары, КМУУнун Ардак грамоталары менен сыйланган. КР эл агартуу отличниги. Мустафа Кемаль («Ата-Түрк») эл аралык маданият жана илим фондунун Алтын медалы менен Ардак Грамотасынын ээси (2005).
XS
SM
MD
LG