Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

Бүгүн кыргыздын салттуу музыка күнү белгиленип жатат. Ага байланыштуу Бишкекте бир катар маданий иш чаралар өткөрүлөт.

Аны уюштуруп жаткан “Салттуу музыка” фондунун жетекчиси, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин консерваториясынын башчысы Роза Аманова “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Бүгүн кыргыздын салттуу музыкасынын күнү белгиленет экен. Анын алкагында кандай иш-чаралар өткөнү жатат?

Роза Аманова:
Сиздердин радиоңуздар аркылуу мен жалпы кыргыз элин, ошондой эле Кыргызстанда жашап жаткан ар бир улуттун өкүлүн, деги эле кыргызстандыктарды бүгүнкү салттуу музыка майрамы менен куттуктайм. Себеби дегенде, буга чейин 2004-жылдан бери карай, кыргыздын гана салттуу музыкасынын күнү катары белгилеп келгенбиз. Мына буйурса, бул жолу кыргыздын жана Кыргызстанда жашаган этностордун салттуу музыкасынын майрамы катары, бүгүн ошо өнөр майрамы катары, жалаң эле музыка эмес, деги эле салт болуп келаткан, ата-бабадан бери келаткан, мына салбуурун болобу, кол өнөрчүлүк, ошол эле мүнүшкөрлүк өңдүү бүт өнөрлөрдүн башын бириктирип, бүгүн ошо өнөр майрамы кылып олтурабыз.

Элибизде, деги эле биздин борбордук аянтта жакшылыктын ыр-күүнүн гана майрамы болсунчу деген ниетте өнөр майрамына чакырып олтурабыз. Ачык-асман алдында кечки саат беште кыргыз элинин салттуу музыкасын даңазалаган чыгармачыл топтордон баштап, диаспоранын өкүлдөрү катышкан чоң концерт болот.

“Азаттык”: Азыркы тапта кыргыздын салттуу музыкасы менен алек болгондор, таланттуу манасчылар, комузда кол ойноткон таланттуу адамдар азайып бара жатат дегендер бар? Сиз мындай тенденцияны байкай алдыңызбы?

Роза Аманова: Абдан да, абдан. Мына кечээ эле арабызда жүргөн алп таланттар кетти го. Эстебес агай, Асек аба, Тууганбай ага, Ашыралы ага, биз ушуларды да жаныбызда жүрүп алдырдык. Ушуларды да жеткиликтүү түрдө сактап калган жокпуз. Жазып алган жокпуз. Видео, архивдик материал катары биз эч нерсе жасаган жокпуз. Биз азыр сен жаса, мен жаса деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Азыр бардыгыбыз биргеликте бул өнөрдү сактап калышыбыз керек. XX кылымда устат-шакирт өнөрканасы жоготууга учураган. Мындан ары кандай болот? Биз деле анчалык деңгээлде эчтеке билбейбиз да. Ошол себептен ошо улуулардын көзүн көргөн адамдарды сактап, жазып алып калыш керек.

Мына бүгүн Уркаш аба, Замирбек ага, Самара эжеге окшогон кишилерден жазып баарын алып калыш керек да, бүт чыгармалар боюнча. Бир эле багытты айтып жатам. А бул дегенди кенен караш керек. Илимий-теориялык маселелери дегендей.

“Азаттык”: Азыр өзгөчө жаш муундар арасында кыргыздын салттуу музыкасына кызыккандар аз деп эле айтылып жатпайбы? Буга эмне себеп болууда, жаштардын арасында салттуу музыканы алып кете турган таланттуу жаштар жокпу?

Роза Аманова: Ага жаштар эмес, биз өзүбүз күнөлүүбүз. Себеби дегенде угармандарыбызды качырдык. Массалык маалымат каражаттарынын керелден кечке берген чыгармаларын өзүңөр жакшы билесиздер. Алып карагыла, мисалы радиолор, ошол эле телевидениелер. Же сөзүнүн нугу жок, же бир обонунун мааниси жок чыгармаларды берип жатат. А илгери деген дастандарды, күүлөрдү айылдап кыдырып чыгарчу. Ошол сыяктуу иш-чаранын баары токтоп калган да.

Мен ушул учурда көбүрөөк айтып жатам. Маданият минитрлигинин алдында салттуу музыканын ишин алып бара турган өзүнчө бөлүм болушу керек. Муну биз беш жылдан бери суранып келе жатабыз. Бирок беш жылдан бери чечилбей келе жатат да, таң калычтуу.

“Азаттык”: Айрым улуттарда салттуу музыка бир гана улут чегинде таралбастан, керек болсо дүйнөгө таралган учурлар бар. Мисалы, тывалыктардын көмөкөй менен ырдөө ыкмасы дүйнө элине белгилүү болгон. Кыргызстанды да тааныта турган азыр салттуу музыканын кайсы түрү бар?

Роза Аманова: Мен сизге өзүмдүн жеке жообумду айткым келет. Мына 2003-жылы биздин салтуу музыканын айтуучулук багыты ЮНЕСКОнун материалдык эмес байлыгынын шедеври аталган. Айтуучулук багыт деген эмне? Айтуучулук багыт салттуу музыканын бир чоң олуттуу тармагы болуп эсептелет. Бул манасчылар, дастанчылар, төкмөлөр, акындар бардык жомокчулардын бардыгы айтуучуларга кирет. Ал эми ушул 2003-жылы алган шедеврди андан ары өркүндөтө алган жокпуз да. Себеби тывалыктардын көмөкөй менен ырдоо өнөрүндөй эле, бизде деле жаш балдар, биз билгенден көп эле адамдар жеке, коммерциялык жол менен чет өлкөлөргө барып жүрүшөт. Эми ошону мамлекеттик деңгээлде карап, атайын ошондой уюмдарды түзүп, костюмдарды жасаса болот эле да.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG