Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:57

Кыргыз музыкасына эбегейсиз зор салым кошкон көрүнүктүү обончу Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болгондо 12-январда 70 жашка чыкмак.

Музыка таануучулар Абдыкадыровдун обондорундагы башкаларга окшобогон лирикалуу маанайды айтып бүтпөй келатышат.



Бул элдик ырга айланган “Издейм сени” аттуу чыгарма ар бир кыргыздын жүрөгүнөн орун алып, аны уккан бөлөк улуттагы адамдарды да кайдыгер калтырбайт.

Анткени мукамдуу лирикалуу кайрыктар коштогон обон мааниси терең сөздөр менен айкалышып турат.

Көрүнүктүү акын Жолон Мамытовдун “Издейм сени” деген ырында айтылгандай, “Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, Мен ааламга дайым сени издөө үчүн келгемин”,-деген сыяктуу кыска-нуска, ойлорго бай, сезимге бүлүк салган лирикалык саптар Абдыкадыровдун ар бир обондуу ырларында орун алган.

Өнөрүнө чыккынчылык кылбаган обончу

Абдыкадыровду жакындан билген, убагында ага-ини болуп үзөңгүлөш жүргөн композитор Түгөлбай Казаковдун баамында Рыспай эч кимге окшобогон оригиналдуу композитор болгон. Ал музыкант эле эмес, торгойдун үнүндөй кубулжуган ырчылыгы, аккордеондо мыкты ойноо өнөрү, обонго тексттерди төп тандоого кудуреттүүлүгү менен айырмаланган.

- Дагы бир жакшы сапаты бул киши өнөрүнө чыккынчылык кылган жок. Өнөрүн баалабай койгон жок. Өмүр бою ушул “жаш баланынын жалгыз оюнчугундай” өнөрүнө жел тийгизбей көкүрөгүнө кысып жүрдү. Өмүрүнүн акырына чейин иштеди. Андай-мындайга айнып кеткен жок. Ушул бир гана өнөрдүн артынан түштү. Анын өтөсүнө чыкты. Эми Рыспай акедей болуп кийинки отуз-кырк жылда катуу чыккан обончу болгон жок. Өнөрдүн сересинде булбул болуп сайрап турган кишини табыш да кыйын.


Түгөлбай Казаков ошондой эле Рыспай Абдыкадыров өзүнүн өнөр мектебин түзүп, артынан жүздөгөн ырчы, аткаруучуларды, обончуларды өстүрүп, тарбиялап, кыргыздын музыкалык маданиятына зор салым кошконун белгиледи.

"Эгерде Рыспай Батыштын композиторлору Шопен, Шуберт сыяктуу музыкалык билим алганда, дүйнөлүк атактагы композитор болоорунан шек жок эле. Себеби Рыспайдын фантазиясы бай, жан дүйнөсүнүн баары муза ээлеп алгандай жан болчу",-дейт Т.Казаков.

Бир чиновниктин кесепети миң жылдык талантты алсыратат



Мына ушул Рыспай Абдыкадыровдун “Түгөйүм” деген ырында бир добуштан экинчи добушка өтүү (диатоникалык) мүнөздөгү кичинекей кайрык менен чектелсе да, аны аккордеондо (варияциялап) кооздоп ойногон түзүлүштөгү обонду пайда кылып, андан киийнки обондору улам татаалдашып чыкканын Рыспай Абдыкадыровдун досу, белгилүү журналист Бөкөнбай Боркеев эскерди.

Анын айтымында, таланттуу обончунун ырлары ошол кездеги мамлекеттик бир кызматкердин карөзгөй мамилесинен улам жыйырма жылга чукул убакыт элге уктурулбай, өзү эл алдына ырдап чыга албай калган.

- Рыспай Ошто иштеп жатканда Ош обкомунун үчүнчү катчысы Барпы Рысбаев деген бир тойго чакырып барып, эл былчылдатып май чайнап, эт жеп атканда Рыспайды “ырда” деген экен. Рыспай аккордеонун алып ырдай баштаганда тамак жеп жаткандардын эч кимиси көңүл бурбайт дейт. Анан аларга ачуусу келип, аккордеонун таштап басып кетиптир. Артынан “токто”,-деп кыйкырганына карабай кетип калыптыр. Ошондон кийин жанагы Барпы Рысбаев деген жыйырма жылга жакын Ош облустук телесинен көрсөттүрбөй, радиодон ырларын уктуртпай койгон.

Ошол кезде Рыспайга Ошто мүмкүнчүлүк берилбей, болгону жыйырма ыры эле радиого жаздырылыптыр. Кийин аны Бөкөнбай Боркеев Бишкекке чакырып бирден, экиден ырларын акырындан теле-радиого жаздырып отуруп, Абдыкадыровдун кыркка чукул обону жаздырылып калган.

Ал жалпысынан 200гө чукул обон жараткан. Өмүрүнүн акыркы мезгилинде чыгарган "Делбирим", акын Эгемберди Эрматовдун "Махабат дастаны" деген обондору өзүнүн аткаруусунда аткарылбай калды.

"Махабат дастаны" анын чыгармасындагы жаңы бийиктик эле. Андагы аваздык кайрыктардын өзгөчөлүгү, ар бир сөздү кайталабай, он алты сапка чейин музыкалык ойду бере алган. Мындай обонду өз мезгилинде Атай Огонбаев өзүнүн "Ой, булбул" деген ырында кыргыз музыкасында ачылыш жасаган.

Бөкөнбай Боркеев белгилегендей, Рыспайдын мүнөзү жаш баладай, кыялы жазгы күнкү жаанда "жарк" дей түшкөн чагылгандай болчу. Ичинде кири жок алабарман, ак көңүл, кээде "ооздугу жок азоодой" алып учкан жан эле.

Макулатурага тапшырылган "Рыспай"

Бкөнбай Боркеев улуу таланттын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу “Рыспай” деген аталыштагы роман жазып, полиграф комбинаттан эки миң нускада насыяга чыгарат.

Бирок комбинат банкротко учурап, “Рыспай” романынын 1500 нускасын “Промстройбанкка” күрөөгө кармата беришет.

Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин командасы “Промстройбанкты” алып, Михаил Надель башында турган “Азияуниверсалбанкы” түзүлүп, алар күрөөгө “Рыспай” романын макулатурага өткөрүп жиберишет. Ошентип китеп өз окурмандарына жетпей, орто жолдо жок болот.



Өзгөчө лирик обончу, ырчы катары Рыспай Абдыкадыровдун “Жүрөккө жүрөк сыр берет”, “Алмашым”, “Алтынчы күнү кечинде”, “Туулган жер”, “Издейм сени”, “Эсиңдеби”, “Түгөйүм”, “Жоолугарың билгемин” жана башка ондогон ырлары элдик ырларга айланган.

Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, композитор Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында төрөлгөн.

1994-жылы 12-сентябрда 53 жашында каза болуп, сөөгү Оштогу Сулайман тоосунун этегинде коюлган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG