Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

К. Кулматов: Кыргызды дүйнөгө тааныткан Манастан кийин эле Чыңгыз болду


Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен учурунда бирге жүргөн мамлекеттик ишмер, элчи, Орусия ТИМинин дипакадемиясынын профессору, азыр ушул академия алдындагы эл аралык мамилелер боюнча институттун жеткчилеринин бири Кеңеш Кулматов залкар инсандын чыгармачылыгы, өз ара мамилелери тууралуу кеп салып берди.

- Кеңеш мырза, Чыкемдин туулган күнү болуп атат. Ал залкар жазуучубуз туурасында эсиңизде жүргөн учурларды айтып берсеңиз.

- Чыңгыз менен биз көп жылдар бирге болуп, бирге иштеп, жакшы-жаман баарын ортобузга салып жүргөнбүз. Үй-бүлөсүн дагы, балдарын мен жакшы билемин. Нагипа апа - Чыңгыздын, Илгиздин апасы ушундай назик, ушундай жөнөкөй, акылдуу апа болгон. Ошол кишини тиги дүйнөгө узатып, Токтогул көчөсүндө баратканыбызда, Чыңгыз: «Кеңеш, энеден артык кишиге жакын эч нерсе болбойт экен, энеден жакын – бул мекенибиз го, элибиз го» - деп айткан сөзү эсимде.
Чыңгыз Айтматов элүү жаш курагында, 1978-жыл.

Чыңгыз бул дүйнөгө келген улуу адамдардын бири. Менимче, биздин татынакай баатыр элибизди алды болуп Манас дүйнөгө таанытса, Чыңгыз Манастан кийин элин көтөрүп, баркын көтөрүп, талантын арттырып, дүнүйөгө ушундай кыргыз деген эл бар экен, Ала-Тоонун тегинде, Ысык-Көлдүн кылаасында дедирип таанытты.

Эне-Сайдан бери келген улуу тарыхы бар эл экен дедирип кетти. Ушунча кылым жол басып өзүнүн тарыхын жоготпой, адабиятын, маданиятын сактап, улууну сыйлаган элиндеги адатын көтөрүп келген элибизди дүйнөгө тааныткан Чыңгыз болду.

- Мырза жазуучулар, маданий ишмерлер арасында, айрыкча сынчылар арасында дайыма айтылып келаткан пикир бар. Алар айткан кепте, Чыкем бийликке чукул жүргөн, Кремлдин колдоосун тапчу. Ошол себептен анын чыгармалары советтик, башкача айтканда, соцреализмдин чегинде болуп калган дешет. Ушул ойго кандай жооп айтасыз?

- Менимче, Чыңгыз бийликтеги адамдарга ийилген адам эмес. Жазуучулугу, эми азыр ар кандай айта берсек болот... Бир жолу мага Чыңгыз келди. Телефон чалды, жолугайын дедим эле деп. Кел, жолугалы десем, "мени Ысык-Көлгө жиберип койсоң үч айга" деди. Анда кинематографтык союзду башкарчу. "Бир эмгегим даяр болуп турат, үч айда бүтчүдөймүн" деп суранды.

Анан Чолпон-Атада үч ай жатып «Кылым карытар бир күн» деген романын жазды. Мен кол жазмасын бир апта ичи окуп, экөөбүз жолугуп, мен оюмду айтып, кандай экенин билдирдим. Экөөбүз акылдашып, анан мен 10 миң нуска менен полиграфкомбинаттан чыгарып жибергенмин.

Ошондо да бир топ сөз болуп басылган. Дегинкиси улуу чыгарма дайыма ушундай болот. Ар ким аны ар кандай түшүнөт.

Мындай чыгармалар Чыңгызда көп. Ошон үчүн Чыңгызды бийликке карата, өзүнүн кызыкчылыгына карата жазган чыгармалары бар деген бул таптакыр туура эмес. Чынгыз бул бир жаралып калган улуу жазуучу. Улуу окумуштуу, улуу философ да.
Улуу жазуучу жаш окурмандарына кол тамга калтырууда.

- Чыкемдин көзү өткөндөн кийин ал кишинин аты менен Бишкекте паркты аташты. Орус драмалык театрын аташты. Олуттуулары дейличи, андан бөлөк да иш чаралар болуп атат, албетте. Жакында мен Чыкемдин үй-бүлөсү менен, Мария Урматовна менен сүйлөшсөм, алардын бир тилеги бар экен. Ушул Маскөөдө, Чыкем жашаган үйдө, ал окуган Адабий институтта мемориалдык такталар тагылса жакшы болор эле дешет. Ушу багытта кандай ой айтасыз?

- Менимче, бул абдан туура ой. Чыңгыз жеке эле кыргыздын уулу эмес. Бүтүн дүйнө уулу. Азыр Чынгыз десе эле анын чыгармачылыгы жөнүндө сөз болот. Мындай жазуучулар турмушта аз кездешет.

Эгер ушундай жыйынтыкка келип, буякка маселе коюлса, менимче, Маскөө абдан колдойт муну. Эмне дегенде Чыңгыз Орусия үчүн, көп улуттуу мамлекет үчүн чоң жазуучу, акылман. Ошондуктан, жакшылап ойлонуп туруп, ушул жакка маселе койсо, менимче, абдан туура болот.

Чыңгыз турган үйгө, окуган жерине, Кинематографтар союзунун имаратына илинсе жакшы болот. Ушуларды ойлонсок болот, мен колуман келишинче баардык үлүшүмдү кошууга даярмын. Кандай болсо да бул жердеги, орусиялык жетекчилер менен сүйлөшүп берүүгө даярмын.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG