Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:55

“Шырылдаң” берүүсүнүн мейманы академик Жамин Акималиев. Ал элүү жылдан бери илимий иштери менен өнөрдү дагы айкалыштырып келет.

Академик Жамин Акималиев обон чыгарып, комузда кол ойнотуп, коңур үнүн кошуп ырдагандан башка кээ бир обондорду комузда кайрадан иштеп чыккан.

Кезинде айтылуу Молдобасан манасчы комузда шаңдуу обонду ойноп берип, “кеминдик Мусакан дегендин обону”, деген экен. Ал обон Жамин Акималиевге жагып калып, комузда кайрадан иштеп чыгат.

-1960-жылдары Молдобасан аксакал шаңдуу обонду чертип “Мусакандын обону” деп калды. “Мусакан кайдан чыккан комузчу?”, десем. “Сары-Өзөн-Чүйдүн Кемин деген жеринен чыккан чоң комузчу эле”,- деп калды. Анан өзү шартылдатып черте баштады. Ал күүнү укканда мага Нарын дарыясынын күргүштөп аккан агымы көз алдыма тартыла түштү. Ошондо күүнү кулагыма илип алып, Нарын дарыясын элестетип кайрадан иштеп чыктым. Ушул Мусакан деген комузчу тууралуу эч бир жерде маалымат жок. Атаңкөрү, ушул адамды бирөө жарым изилдеп көрсө дагы бир залкар комузчунун бейнеси ачылмак беле?

Жамин Акималиев Ак-Талаа районунун Үгүт айылында туулуп-өсүп, Нарын дарыясынын жээгинде, Орто-Сырт, Чалк-Өйдө, Арпа, Жайсаң жайлоолорунда балалык чагы өтөт. “Аккан арыктан суу агат” дегендей анын өнөргө жакын болуп калганына ата-энесинин таасири тийген.

- Менин атам, апам экөө тең музыкага абдан шыктуу эле. Атам комуз чертип ырдабаса дагы кыргыздын элдик ырларын укумуштуудай жакшы көрчү. Ал эми апам болсо укумуштуудай кошокчу эле. Кошоктун сөздөрүн өзү жазып, кошокту салмактуу үнү менен кошкондо аны угуп тургандардын арасынан ыйлабаган киши болчу эмес.

Жамин Акималиевдин комузда кол ойнотуп чертип, обон чыгарган шыгына шык берген Үгүт айылына коңшу Байкөнчөк деген айылда туулуп өскөн айтылуу Муса Баетов болуптур. Жамин агай он эки жашында Мусакедей ырчы болгусу келип, атасына комуз таптыртат. Ал Мусакенин окуучусу Жумакадыр Айтпаевден үч күндүн ичинде комуз черткенди үйрөнөт. Атасы дагы Муса Баетов менен кыйышпас курдаштардан экен. Кийин бой жетип өнөр адамы болом дегенде атасы каршы болуп, башка кесипти танда деп кесе айтат.


- Мен мектепти он беш жашымда бүттүм. Анан атама музыкалык окуу жайга же ырчылар иштеген мекемеге киргиз дедим. Анда атам кичине ойлонуп туруп, ачуусу келе ,”Эмне үчүн сен артист болом дейсиң. Артист болбой туруп деле алардын ырын угуп, ара-чолодо ырдап жүрө бер. Мен сага эки нерсени айтам. Биринчиси, соодагер болбойсуң, экинчиси артист болбойсуң”, - деп айтты. “Ата кандайча, сиз артисттерди үйгө алып келип, Мусакем менен дос болуп жүрбөйсүзбү?”- дедим. “Артисттеридин иши башка, сенин ишиң башка”, - деп кагып койду. Атам катуураак киши эле. Анын айткан сөзү эки болчу эмес. Ошентип музыка дүйнөсүнө аралашам деген максатым кыял боюнча калган.

Жамин агай кийин аспирантурада окуп жүргөндө улуу манасчы Молдобасан аксакалдын үйүндө жашап, залкарлар Карамолдо Орозов, Саякбай Каралаев, Алыкул Үсөнбаев, Ысмайыл Борончиев, Осмонкул Бөлөбалаевдин ырларын угат.

Кийинчерек партиялык жооптуу кызматтарда иштеп жүргөндө жогору жактан ырдаганга тыйуу салынганын эскерди.

- Коммунисттик партиянын системасы абдан катаал эле. Менин ырдап жүргөнүмдү угуп калган жетекчилер “Бул эмне деген шумдук, жетекчи дагы ырдайбы” дешип, мени ырдаганга катуу тыйуу салышкан. Себеби мен райкомдун биринчи катчысы, айыл чарба министринин орун басары болуп жооптуу кызматтарда иштегем. Мына ошондо менин чыгармачылыгым абдан эле аксап калды. Бирок жоро-жолдоштордун арасында черден чыкканча ырдап алаар элем.

Жамин Акималиев өткөн дордун алытымышынчы жылдары Эл акыны Аалы Токомбаевдин сөзүнө обон жазып, ал ыр “Жалжалым” деген ат менен эл арасына кеңири тарайт.

- Ошол кезде уялып обонду элдики деп койгом. Кийин ачыкка чыкканда менин обонум экени тастыкталды. Алгач обонду чыгарып алып сөзүн издедим. Китепканага барып алып Алыкул Осмоновдун жана башка акындардын ырларын окудум. Ошол жерде Аалы Токомбаевдин ырлар жыйнагында “Назбүбү” деген ыры бар экен. Анан мен ”Жалжалым” деп кошуп койсом куп эле жарашып калды. Кыргыз радиосуна берсем дароо эле жаздырып алышып, эл арасына тарап кетти. Бул ыр чындыгында махабаттын сыры, махабаттын күчтүүлүгү деп ойлойм. Андан кийин дагы “Чын көңүлүң бар болсо” жана башка он чакты обонду чыгардым. Ошолордун арасынан “Ак кептерим” деген ырым менен “Жалжалым” обону өзүнүн деңгээлине жетти го деп ойлойм.





Жамин Акималиев кесиби боюнча агроном, окумуштуу, легендарлуу парламенттин мурдагы депутаты, коомдук ишмер болсо дагы комуз чертип, ыр ырдап көңүлүн көтөрүп алат. Илимий иштерине чыгармачылыктын оң таасири тийгенин белгилеген академик, зирек адам бардык жагынан жөндөмдүү болуш керек дейт.

Ал мурдагы жылы Кыргыз улуттук телерадиосу уюштурган “Кош жылдыз” деген теле сынакка катышып, ырчы Гүлзат Батырканова менен “Жалжалым”, “Ак кептерим” аттуу өзүнүн ырларын ырдап, үчүнчү орунга ээ болгон.



Жамин Акималиев профессор, ондогон монографиялардын, жүздөгөн илимий макалалардын да автору. Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын, Орусиянын академиги, Республиканын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери, бир нече жолу республиканын Жогорку Кеңешине шайланган депутат, коомдук ишмер. Азыр жетимиш бешке келип калса дагы баскан турганы жеңил, көңүлү шайдоот, келечекке оптимисттик көз карашта.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG