Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Аксы каргашасы адабият, маданият тармагындагы чыгармачыл инсандарды да кайдыгер калтырган эмес.

Боспиекте бейкүнөө набыт болгон азаматтар жөнүндө музыка, ырлар жазылып, спектаклдер коюлган.

Композитор Сталбек Бактыгулов 2002-жылы 17-мартта Аксынын Боспиегинде кырчындай жигиттердин бийликтин огунан бейажал набыт кеткенине, алардын артында калган үй-бүлөсүнүн, жакын туугандарынын кайгы-муң, көз жашына жаны кейип, фортепианолук пьеса жазат.

Кийин 2010-жылдагы Бакиев бийлигинин куралсыз элге аткан огунан кыйылган 90дон ашуун азаматтын өлүмү, Оштогу июнь коогалаңында набыт болгон карапайым адамдардын кейиштүү тагдыры композитордун жан дүйнөсүн эңшерип, “Өмүр жана көз ирмем” деген көлөмдүү симфония жазат. Бул чыгарманын алгачкы ноталары Аксы окуясында пайда болгон.



Композитор Акимжан Жээнбаев Аксы окуясынан кийин көп өтпөй “Аза күтүү” деген хорду жазган. Бирок ал хорду коомчулук укпай калган. Анын себебин композитор мындайча түшүндүрдү:

- Кандуу Аксы окуясынан кийин “Аза күтүү” деген хор жазгам. Анан музыкалык чыгармалардын республикалык кароо-сынагы болуп, ошол конкурска хорду бердим. Комиссиясы карап чыгып, “абдан кайгылуу экен” деп, кабыл албай койгон. Балким ошол кездеги саясаттан корктубу, билбейм. Ошону менен ал хор эч бир жерде жарыкка чыкпай калды.

Композиторлор музыка жазышса, акындар ыр чыгарышкан. “Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгүнөн өтөт” дегендей, мына ошол Боспиектеги кандуу окуя болгондун эртеси эле Эл акыны Анатай Өмүрканов баш болгон жазмакерлер оппозициялык маанайдагы бирден-бир гезит “Агымдын” бетине ачуу чындыкты айтып чыгышкан.

Акын Зайырбек Ажыматов да Аксы окуясына үн кошкон болчу.

Аксым ай, көп азапты жеңдиң эле,
Арызданбай өзүңдү ичтен эздиң эле.
Тирелип турса дагы көзүң жашка,
Тилиңди тишке басып келдиң эле.

Кыргыздар чыдайт курсак ачканына,
Көп түйшүк бел жоорутуп басканына.
Бир гана чыдай албайт намыс-арын,
Хан, беги кордоп турса чакчарыла.

Алдырып бөтөндөргө жериңерди,
Ал бийлик басам деди демиңерди.
Намыска тийген кезде жаалданып,
Калкым ай, бар тобокел дедиңерби.

Төккөн кан ай өткөндөн, жыл өткөндөн
Калкынын кайрат, күчүн бүлөп келген.
Далилдеп кыргыз эли кул болбошун,
Ойготкон эркиндикти жүрөктөрдөн.

Аксы окуясын жеринде көрүп, жүрөгү сыздаган Эл акыны Анатай Өмүрканов арманын позия аркылуу айтып, мына ошол тарыхта кандуу так болуп калган мезгил тууралуу жазылган чыгармаларга кароо-сынак уюштурууну да сунуштаган экен.

- Топчубек Тургуналиевге "силер Аксы окуясы боюнча жакшы репортаждарга, мыкты ырларга, сүрөт тарткандарга, музыкаларга конкурс уюштурбайсыңарбы. Бул тарыхый окуя" десем, макул болуп, "Бекназаровго айтам”,-деген. Ошол боюнча бул маселе эч бир көтөрүлгөн жок. Дагы жакшы, азыр президент Алмаз Атамбаев демилге көтөрүп, эскерилип жатат. Тарыхка кара так калтырган бул окуя боюнча көлөмдүү чыгармаларды жазбаса, кийин бара-бара унутулуп калат. Бул деген укумуш чоң окуя да. Аны биздикилер азыр түшүнбөй жатат.

Ал эми кесиптешим, Эл акыны Шайлообек Дүйшеев ошол кезде “Агым” гезитинде иштечү. Ал мындан он жыл мурда болгон окуя тууралуу жазганын эскерди.



Ошол кездеги коомдогу теңсиздикке жаны кейиген маркум режиссер Алмаз Сарлыкбеков Аксы окуясы боюнча спекакль койсомбу деген максат менен драматург Жаныш Кулманбетовго идеясын айтып, пьеса заказ берет. Анын негизинде “Аксыдагы атуу, же Боспиектеги каран түн” деген аталыштагы трагедия жазылат.

Бирок аны Сарлыкбеков белгисиз себептер менен койбой калып, автор Жаныш Кулманбетов өзү Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында сахналаштырган. Театрдагы каражаттын тартыштыгынан улам “Аксыдагы атуу, же Боспиектеги каран түн” спектакли аксылыктарга көрсөтүлбөй, жаштар театрынын репертуарында да көпкө сакталбай калган.

Аксы окуясы боюнча кыл калем чеберлери да сүрөт тартышып, полотно бетине чагылдырышкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG