Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:17

Базарбаев - кыргыз балетинин чолпону


Чолпонбек Базарбаев Чезаре Пуньинин "Эсмеральда" балетинде Актиондун ролунда. 1976-жыл.

Чолпонбек Базарбаев Чезаре Пуньинин "Эсмеральда" балетинде Актиондун ролунда. 1976-жыл.

Борбор Азияда балет өнөрүндөгү жигиттердин арасынан жалгыз СССРдин эл артисти наамын алган атактуу балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевдин бейнеси.

1980-жылдары Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан композитор Петр Чайковскийдин “Ак куу көлү” балетин көргөм. Ошондо Зигфрид ханзааданын ролундагы бийчинин ийкемдүү кыймылын, ар бир окуяга байланыштуу каармандын кулк-мүнөзүн өзгөртүп турганын, балет термини менен айтканда Grand Fouetté деп коет, сол бутунун учу менен чимирилип айланганын көрүп абдан таң калгам. Көрсө сахнада бий кыймылы аркылуу Зигфрид ханзааданын образын ушунчалык ишенимдүү ачып берген Чолпонбек Базарбаев экен.

Ошондон кийин балет өнөрүн жактырып калып, андагы ар бир кыймылды, анын аткарылышынын татаалдыгын түшүнүүгө аракет кылып, ар бир образдын кайгысы, кубанычы, сүйүүсү дагы бий аркылуу толук ачыларына ынангам. Болбосо телевизордон көргөндө балет өнөрүнө анчейин маани берчү эмесмин.

Ошол “Ак куу көлү” балетинде Одетта-Одилиянын ролун СССРдин эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Айсулуу Токомбаева аткарган. Экөө тең кыргыз балетинин бийик жанган жылдыздары эле.

Айсулуу Токомбаеванын айтымында, Чолпонбек Базарбаев балет өнөрүндөгү зор чеберчиликке, атак-даңкка талыбаган эмгеги, өжөрлүгү менен жеткен.

"Жизель". Жизель менен Альберт. Айсулуу Токомбаева менен. 1980-жыл.

"Жизель". Жизель менен Альберт. Айсулуу Токомбаева менен. 1980-жыл.

- Чолпонбек менен кармашкан колубуз чыгармачылык жана турмуштук жолубузда бир болду. Чындыгында эле сахнада мен ага алаканымды сунуп, анын алаканы колума тийгенде ортодогу энергия экөөбүздүн жүрөгүбүзгө орноп, ошол касиетти көрөрмандарга тартуулачубуз.

Мен анын сахнадагы өнөктөшү эле эмес, үй-бүлөлүк досу катары дагы жашоодо бири-бирибизге жөлөк элек. Чолпонбек өтө эмгекчил болчу. Бий дегенде жанын дагы аячу эмес. Ал репетиция кылганда алка-шалка тер кетип,
Ballon, Ballote, Entrechat деген кыймылдарды тынбай кайталап, оор партияларды аткарганга жетишкен. Анын артистиги дагы күчтүү эле. Ар бир образдын кулк-мүнөзүн укмуштуудай чебер аткаруучу.

Айтылуу бийчи Айсулуу Токомбаева учурда Түркияда балет өнөрүнөн сабак берип жүрөт. Ал Чолпонбек Базарбаев экөө 1966-жылдан баштап 1987-жылга чейин опера жана балет театрында бирге бийлешип, акыркы гастролу Филиппиндин борбору Манилада австриялык композитор Людвиг Минкустун “Баядерка” спектаклин бийлөө менен аяктаган.

Бийдин генийи

Орусия Федерациясынын президентинин маданият боюнча кеңешчиси Михаил Швыдкой эскерүүсүндө Чолпонбек Базарбаевди “Бийдин кудайы” деп баасын берген.

"Жизель". Альберт. 1974-жыл.

"Жизель". Альберт. 1974-жыл.

- Чолпонбек Кыргызстандан чыккан жөнөкөй бийчи эмес эле. Анын өнөрүн, бийин көрүп француздар, англичандар дагы үлгү аларлык, кайталангыс талант эле. Күн нурундай жанган артист болчу. Мындайларды "бийдин генийи" деп коет. Чолпонбек улуттук балет өнөрүн дүйнөлүк бийиктикке көтөрүүгө салым кошконун тана албайбыз.

Михаил Швыдкой ошондой эле, Советтер Союзунун таш-талканы чыгып, мурдагы он беш республика сыяктуу Кыргызстан дагы кыйын кезеңде турганда Чолпонбек Базарбаев Маданият министрлигин жетектеп эле тим болбостон, чет жердеги тааныштарына кадыр-баркын салып, кыргыздын көркөм өнөрүн, маданиятын сактап калууга зор күч-кубатын жумшаганын белгилеген.

Надежда жеңе

Чолпонбек Базарбаев Маданият министри болуп турганда өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп, дүйнө жыйнайын, хан сарай салайын деп аракет кылмак түгүл, ойлоп койбогонун анын өмүрлүк жубайы Надежда Базарбаева эскерди:



- Ошол мезгилде жаңыдан тегереги курчалган кооз үйлөр салынып, чатырлары кызыл, жашыл болуп турганын көрүп “Мен мындай үйдө жашай албайм. Бир короодо отуруп алып эч кимди көрө албасам. Эч ким менен учураша албасам кантип жашайм? Андан көрө Совет көчөсүндөгү үйүм эле жакшы. Балкондон карасаң автобус, троллейбустардын, адамдардын кетип баратканын карап турам. Короого чыга калсам тааныштарым менен учурашам. Мага ушундай жашоо эле жакшы” деп калчу. Муну алайын, дүйнө жыйнайын деп такыр көңүл бурчу эмес. Акчам көп болсун деп ойлочу дагы эмес. Акча жөнүндө кеп кылмак түгүл, айлыгын алып келип мага тапшырчу. Чынын айтканда акчаны санаганды деле билчү эмес. Бул жагынан алганда өтө жөнөкөй болчу.

Тува жергесинен Бишкектеги хореографиялык окуу жайга 10 жашында окууга келген Надежда жеңе Чолпонбек Базарбаев менен чогуу бир партада отуруп окуган. Окуу жайды бүткөндө баш кошуп, өздөрүнчө түтүн булатышкан. Учурда Надя жеңе Кыргыз республикасынын мурдагы биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин мезгилинде берилген көп кабаттуу үйдүн төрт бөлмөлүү батиринде уул-келин, неберелери менен турат.

Бир туугандарына боор тартып...

Надежда жеңе Чолпонбек Базарбаев үй-бүлөсүнө эле күйүмдүү болбостон бир туугандарына дагы ата ордуна ата болуп, кичипейил, өтө сыйкор адам болгонун кошумчалады.

"Сүйүү жөнүндө баян". Ферхад.

"Сүйүү жөнүндө баян". Ферхад.

- Чолпон өтө жөнөкөй, кичипейил, боорукер адам эле. Бий окуу жайында окуп жүргөндө эле мүнөзү ошондой болчу. Кийин чоңойгондо СССРдин эл артисти болуп, атагы чыкканда деле жөнөкөй мүнөзүнөн жанган жок. Маданият министри болуп турганда мен министрмин деп бой көтөрбөдү. Бир калыпта жүрчү. Ушундай жакшы сапаттары бар эле. Эч качан өзгөрчү эмес. Элдин баарына тең карачу. Бирөөнүн көңүлүн оорутпаганга аракет кылчу. Үй-бүлөдө деле ушундай болчу. Балдарына, бир тууган инилерине абдан карамдуу эле. Атасынын ордуна атадай мамиле кылды.

Бир туугандар демекчи Улуу ата мекендик согуштун катышуучусу, мугалим Умиров Базарбай аксакал 58 жашында оорудан каза болуп калат. Алты бала менен жесир калган Атабекова Самар апа канаттууга кактырбай баарын бапестеп чоңойтуп, ага Чолпонбек дагы кол кабыш кылганын иниси Кудайберген Базарбаев эскерди.

- Биздин атабыз эрте каза болуп калды. Баарыбыз жаш калдык. Анан кийин атабыздын милдетин өз мойнуна алып, баарыбызга билим берип, тарбиялады. Ал туугандарга дагы абдан жакын, кайрымдуу эле. Союз кезинде чоң-чоң батирлер жок болчу. Чолпонбек байкемдин дагы кичинекей чакан батири бар эле. Ошол жерге таяке-жээн, бөлө дегендей, жакын туугандар болуп 16-17 адам жашачубуз. Ошондон уламбы айтор, азыркыга чейин ошол туугандар абдан ынтымактуубуз. Катышып турабыз.

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев агасы Чолпонбек кары-жашка кичипейил, ким болсо дагы колунан келген жардамын аябаган жоомарт, бирөөнү кемсинтмек түгүл үнүн чыгарып, катуу айтпаган өтө маданияттуу адам болгонун кошумчалады.

Ал эми улуттук опера жана балет театрындагы техникалык кызматкерлер, пол жуугучу болобу Чолпонбек Базарбаев жөнүндө жылуу пикирлерди айтышат. Анткени ал ар биринин саламаттыгын, акыбалын сурап, айрымдарына материалдык жардамын дагы аячу эмес экен.

Атына заты жарашкан кайран талант

Чолпонбек Базарбаев дайыма кабагым-кашым дебеген жайдары мүнөзү, тамашакөйлүгү менен жоро-жолдошторунун арасында дагы кадыр-барктуу болгонун, досчулукка бекемдигин аны менен жаштайынан бирге жүрүп, көзү өткөнчө бирге болгон белгилүү сүрөтчү жана коомдук ишмер Табылды Байбосунов эскерди:

- Досчулукка Чокемдей бекем кишини көрө элекмин. Үйүнө барып калганда анын конференция, жыйындарда сүйлөгөнгө даярданганын көрүп абдан таң калчумун. Анткени кайсы маселе боюнча жыйын боло турган болсо, кошумча материалдарды таап алып окучу. Анан жыйында алакандай бир кагаз албай такалбай сүйлөчү. Анын эс-тутуму мыкты эле. Укумуштуудай оратор болчу.

Чолпонбек Базарбаевдин борбордогу эстелиги

Чолпонбек Базарбаевдин борбордогу эстелиги

Эгерде Чолпонбек бийчи болбогондо ырчылык жагынан же актерлук жагынан деле эл артисти болмок. Илим жагынан кетсе сөзсүз философия илимдеринин доктору болмок. Чолпонбектин атына жараша заты дагы таңкы чолпон жылдызындай бир жаралган жигит болчу. Кыргыздын чоң казатка атанчу жигиттеринин бири эле.

Чолпонбек Базарбаев сөзгө чечен, тамашакөй адам эле. Улуттук опера жана балет театрынын башкы хормейстри Карагул Тиленчиевдин айтымында, 2001-жылы Швециядан режиссер Катерина Сечи Осбринк залкар композитор Вольвганг - Амадей Моцарттын “Сыйкырдуу флейта” деген операсын койгону келет. Ошондо Швециянын, Италиянын консулу, Германиянын элчиси баш болгон жоон топ мейман үчүн италия ресторанында сый тамак уюштурулат. Ошол жерден Чолпонбек Базарбаев бир ооз чет тилин билбесе дагы тамадалык кылып, чет элдик меймандардын боорун эзип, көңүлүн ачып, кечнин ээси болуп алат.

Табылды Байбосунов белгилегендей досунунадамды өзүнө тартып, жылуу энергиясы менен арбап алган касиети да болгон.

- Чокем, өзүнчө эле импровизатор болчу. Немис болобу, англис болобу кайсы улуттун өкүлдөрү отурган жерге кирбесин барынын көңүлүн буруп, кечеге ээлик кылып алчу. Маңдайы жарык, шар жүрчү. Жаштардын арасындабы, партиялык кызматкер же мамлекеттик кызматкерлер болобу барын өзүнө тартып алчу.

Кара боёк жылдызга жукпайт

Чолпонбек Базарбаев Театр ишмерлер союзунун төрагасы болуп турганда мүнөзүнүн жумшактыгынан имаратын алдыртып, мүлкүн талатып-тонотконго жол берген деген күдүк сөздөр көркөм өнөр чөйрөсүндө айтылып калат. Кезинде аны менен бирге иштешкен, коомдук ишмер Иса Токоев мындай пикирлерге караманча каршы экенин айтып, тескерисинче Чолпонбек Базарбаев кадыр-баркын салып атып, кыйын кезеңде маданият тармагын кыйроодон сактап калган деди:

- Советтер союзу таркаганда баары эле башаламан болуп калбадыбы. Ошондо тыягынан чоңдор киришип, биягынан жеп-жутарлар киришип бир топ залакасы тийип, запкы көрүп калган. Бул жерден жалгыз эле Чолпонбекти күнөөлөй бергенде болбойт. Бул жерде доор, ошол замана күнөөлүү болуп калды.

Баары тең тымтыракайы кетип, бардык союздар бөлүнүп чыгабыз дешти. Булардын арасынан (Театр ишмелер союзу авт.) дагы бөлүнүп-жарылышып ошондой маселе туулган. Аны четке кагып жок деп айта албайбыз. Буга ошол кезде иштеп турган биздин атка минерлер, ошол ишке аралашкан адамдар күнөөлүү.


Маданият жаатында абройлуу, коомчулукка таанымал адам мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда бир вице-премьер-министр айым Чолпонбек Базарбаевдин жеке өзүнө эрегишип, килейген Маданият министрлигин жойдуруп жибергенин айтып капаланганы бар.

СССРдин эл артисти, бир нече эл аралык сыйлыктардын лауреаты Чолпонбек Базарбаев өмүрүнүн акыркы мезгилинде Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрын жетектеп турган. Ал 2002-жылы 2-сентябрда Чоң-Арыкка бараткан кара жолдо авто кырсыкка учурап, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Быйыл тирүү болгондо 64 жашка чыкмак.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG