Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:24

24-августта "Ала-Арча" жаратылыш паркынын жанында бард багытындагы автордук ырлардын фестивалы өттү.

Фестиваль өткөрүлүп жаткан жер кооз жаратылыштын койнунда, "Ала-Арча" жаратылыш паркына кире бериштеги жолдун сол тарабындагы карагайлуу бактын арасына чакан чатырлар тигилип, башкача бир чыгармачыл маанайда өттү. Гитара менен кубулжутуп ырдаган ырчылар менен кошо жаш акындар жаңы жазган ырларын шаңданып окуп жатышты.

Бард багытындагы автордук ырларды аткарган чыгармачыл инсандардын башкалардан өзгөчөлүгү - алар сөзүн да, музыкасын да өздөрү чыгарышып, өздөрү аткарышат.

Бул иш-чараны уюштуруп жаткан “Юнона ПроМедиа” жаштар уюмунун
жетекчиси Роман Харченконун айтымында, бард багытындагы автордук ырларды кайра жандандырууга чыгармачыл жаштардын демилгеси түрткү болгон.

- Биз Кыргызстанда бард багытындагы автордук ырларды кайра жандандыралы деп чечтик. Бул фестивалда жаш аткаруучулар менен кошо улуу муундун өкүлдөрү да бар. Жаштар улуу муундагылардан тажрыйба үйрөнөт, чыгармачылыгы өсөт. Мындай иш-чараны узак жылдарга үзбөй өткөрүп турабыз. Анткени автордук ырларга эч ким кайдыгер карабайт.

Кыргызстанда бард багытындагы автордук ырлар өткөн кылымдын 70-жылдары пайда болгон. Николай Марусич сыяктуу славян улутундагы өнөрпоздор өздөрүнүн жазган ырларын көрөрмандарга тартуулап келишкен. Азыр жетимиштин кырына келип калган Анэс Зарифьян Совет мезгилинде автордук ырларды аткарып жүргөнүн, ал кезде бард багытына тымызын кысым болгонун белгиледи.

- Автордук ыр Фрунзе шаарына келгенде биздин муундун өкүлдөрү ошол бард багытындагы чыгармалар менен жашадык. Анткени Совет мезгилинде өз оюңду эркин билдирүүгө өтө катуу тыйуу салынган мезгил эле. Ошого карабай биз айтайын деген оюбузду чыгармаларыбызда чагылдырып, КГБнын тизмесине да алынганбыз. Ошол мезгилде бардды түзүүчүлөрдүн бири Булат Окуджава “акын өзүнүн ырларынын таасирин күчөтүү үчүн ырдашы керек”, - деген. Ошондуктан муну ырдалуучу саптар, ырдалуучу сөздөр деп бекер айтышпайт. Бард – чындыктын, эркиндиктин жарчысы.

Бард автор-аткаруучу деген маанини берет. Акын ырды да, музыканы да өзү чыгарып, гитаранын же фортепианонун коштоосунда өзү аткарат. Бул жанр XX кылымдын экинчи жарымында Италияда пайда болуп неаполитандык, болондук жана миландык автордук аткаруучулар мектеби түзүлгөн. Алар коомдогу оош-кыйыштарды таасын-так айтып, поэзия тили менен жаңыланууга үндөгөн.

Андан кийин бард Франция, Нидерланды, Англия, Түндүк Америкага жайылат. Ал эми Орусияда бард өткөн кылымдын 50-60-жылдары пайда болуп, Булат Окуджава, Александр Галич, Владимир Высоцкий, Юрия Визбор сыяктуу акын-аткаруучулар тез эле өз угармандарын тапкан.

"Ала-Арча" паркында өткөрүлгөн автордук ырлардын фестивалына славян улутундагылар менен кошо Талант Жолдошбеков, Эрик Шүкүров, Мурат Сакишев да катышып, чыгармаларын орус тилинде аткарып беришти.

Фестивалдын баш байгесине татыктуу болгон Талант Жолдошбеков орус тилинде ыр жазып, музыкасын өзү чыгарып, чыгармасын орус тилинде аткарат. Ал автордук ырга жергиликтүү кыргыз улутундагы акын-музыканттар анча маани беришпестигин белгиледи.

- Кыргызда бард деген жокко эсе. Чынында бул багытты пропаганда кылып өнүктүрсө болот. Кыргыздын мыкты акындары бар. Алар ырларын китеп кылып чыгарып коюп, ошого куштар болуп отуруп калышат. Эгерде гитара үйрөнүп, ырларына обон жаратып, өздөрү аткарып чыкса, элге тез тарамак. Ансыз деле бизде комуз менен төкмө акындар популярдуу эмеспи. Ошондой эле мектептерде канчалаган улан-кыздар ырларын ачыка чыгара албай ичтерине катып жүрүшөт. Эгерде бардды жандандырса, бир топ таланттуу жаштар өсүп чыкмак. Ушуну колго алган киши жок болуп жатат.

Талант Жолдошбеков ошондой эле бард багытындагы автордук-ыр аткаруучулар кыргыз тилинде өнүктүрсө, аты чыкпаган акындар элге тез таанылып, поэзия жанрынын кадыры көтөрүлөт деп эсептейт.

Фестивалга катышкан Андрей Фомин композитор Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр” деген ырын орус тилине которуп, келинчеги экөө аткарганда көрөрмандар дүркүрөтө алакан чабышты.

Калыстар тобунун төрагасы А.Зарифян баш-аягы отузга чукул бард ырчылардын көпчүлүгү жаштар болгону менен деңгээли ортозаар экенин белгилеп, автордук ырлар кайра жанданып атканы жакшы жышаана деди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG