Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:04

Таланттарды таарынткан Токтогул сыйлыгы


Сүрөтчү Асан Турсункуловдун чыгармасы.

Сүрөтчү Асан Турсункуловдун чыгармасы.

Коомчулукта акыркы жылдарда мамлекеттик сыйлыктар туура эмес бөлүштүрүлүп келе жатканы айтылып жүрөт. Быйыл Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын тегерегинде ушуну менен экинчи жолу чыр чыкты.

Мындан эки жыл мурун өзүнүн чыгармасы Токтогул сыйлыгына көрсөтүлүп, бирок комиссиянын кароосунан өтпөй калган сүрөтчү Асан Турсункулов маалымат жыйынын өткөрүп, Токтогул сыйлыгы бир гана кишинин жеке менчиги болуп калганын, ал жең ичинен соодаланып жатканын айтып чыккан. Бул жолу да Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков аталган сыйлыкка көрсөтүлүп, бирок комиссиядан өтпөй калып, учурда бул окуя массалык маалымат каражаттарында кызуу талкууланууда.

Асан Турсункуловдун айтымында, аталган сыйлык боюнча мындай чыр-чатак эч качан токтобойт, ал наам мамлекеттик деп аталгандан кийин аны президент, премьер-министр көзөмөлдөш керек:

- Менимче бул сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгарманы элге алып чыгып, ага эл баасын берип, анан гана берилиш керек. Болбосо ал жердеги комиссияга эч ким ишенбей калган. Эгер андай жасаганга болбойт дешсе, анда Токтогул сыйлыгын жоюш керек. Себеби аталган наам учурда күчүн жоготту. Аны бүгүнкү күндө "халтурщиктер" алып, чыныгы чыгарма жазган кишилер албай калып жатат.

Асан Турсункуловдун пикиринде, Түгөлбай Казаковдун чыгармалары эч качан эскирбейт, ага сыйлык эч кандай комиссиясыз эле берилиш керек эле.

Турсункулов билдиргендей, "Токтогул" атындагы сыйлыкты ыйгаруу боюнча комитетке Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев буга чейин он жети жыл жетекчилик кылып келип, айрым кездерде жобого туура келбеген инсандарга да сыйлык берип ийген учурлары болгон. Ал жобо боюнча сыйлык көзү өткөндөргө берилбеш керек деп эсептейт. "Бирок акын Эсенгул Ибраевге көзү өткөндөн кийин Токтогул сыйылыгы берилген", - дейт Асан Турсункулов.

Бирок Бексултан Жакиевдин айтымында, азыр жобо боюнча сыйлыкка көрсөтүлүп, бирок аны тапшырганча чейин көзү өтүп кеткендер болсо, аларга да берилет. Мурда жободо сыйлык көзү өткөндөргө да берилип кетип, бирок кийин өкмөт тарабынан ал эреже өзгөрүлгөн:

-Жобо өзгөрүп турат. Эгер көзү өткөндөргө бериле берсе анда көптөргө бериш керек болуп калат экен. Ошондуктан, кийин өкмөт менен кеңешип, жобону өзгөрткөнбүз.

Муну менен бирге Бексултан Жакиев сыйлык маселеси өтө карама-каршылыктуу жана талаштуу иш экенин, сыйлык ала албай калган киши өмүр бою душман кылып өтөрүн, көпчүлүк өнөр адамдары жобону билип турса деле өзүнүн ага чейинки атак-даңкына карап, документ тапшыра берерин айтат.

Казаков да комиссиянын чечимине нааразы

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комитетинин азыркы төрагасы Акылбек Абдыкалыковдун берген маалыматы боюнча, "сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалар акыркы үч жылдын аралыгында, сыйлыктын кезектеги ыйгаруусунан кеминде бир жыл мурда жарыяланса (калк алдында аткарылса, көрсөтүлсө, курулса) гана комитет кароого кабыл алат" деп жазылган:

- Мурунку өткөн эмгектер такыр каралбайт. Анда биз тээ Токтогулдан баштап өткөн залкарлардын баарына Токтогул сыйлыгын берип чыгышыбыз керек да. Комиссиядагы жыйырма беш киши жашыруун добуш берет. Бул жерде эч кандай сүйлөшүү болбойт. Сыйлыкка койгон кишилер деле "менин берген чыгармаларын жаңыбы же эскиби" деп ойлонсо болмок.

Ошол эле учурда Акылбек Абдыкалыков Түгөлбай Казаковдун сыйлыкка сунушталган чыгармалары тууралуу буларды айтты:

-Эми Түкөмдүкүн көрдүк, уктук, анын көбү эле эски чыгармалар экен да. Жаңы чыгармасы элге тарай элек экен. Эми ал кишинин эмгеги чоң. Баары эле айтышты, бул кишинин эмгеги зор, бирок акыркы чыгармалары жаккан жок дешкендер болду.

Акылбек Абдыкалыков муну менен бирге Казаков буга чейин жасаган эмгеги тууралуу мамлекеттен өз баасын алып, Кыргыз эл артисти деген наамга татыктуу болгонун кошумчалады. Эгер Түгөлбай Казаковго сыйлык бере турган болсок, анда Аксуубай Атабаев, Калыйбек Тагаев, Рыспай Абдыкадыров, Мукан Рыскулбеков, Сардарбек Жумалиев сыяктуу обончулар га да берүүгө туура келет. Аларга да чыгармалары эски болгон үчүн сыйлык берилген эмес деп кошумчалады Абдыкалыков.

Түгөлбай Казаков өзү бул пикирге кошулбайт. Анын ою боюнча, Токтогул сыйлыгына көрсөтүлгөн концертиндеги чыгармалар жобого толук жооп берет.

- Жобо боюнча эски чыгармаларга сыйлык берилбеши туура. Бирок ошол эле жободо “эгер ал чыгарма жетимиш пайыздан ашык кайра иштелип чыкса, ага сыйлык берилет” дегени бар. Бул сыйлыкка менин 2011-жылы өктөн концертим сунушталган экен. Ал концертте чыгармаларымдын дээрлик жүз пайызы кайра иштелип чыккан. Эски чыгарма деш үчүн мен ошол ырларымды аккердеон менен ырдашым керек эле да. Программада жаңы чыгармаларым менен кошо мурдагы чыгармаларымдын бир тобу оркестрге салынган. Андай болсо мен ошол комиссиядагыларга суроо бергим келет. Эгер менин ошол программам жаңы деп эсептелбесе, анда музыкалык чыгармаларды жаңылоо дегенди кандай түшүнсөк болот? Сөзүн же музыкасын алмаштырышыбыз керекпи?

Казаков жобо жөн гана шылтоо болуп жатканын, кеп өзүнүн чыгармачылыгында эмес, маселе башка жакта деген пикирде.

Комиссия мүчөлөрүнүн бири Жамал Сейдакматова жашыруун добуш берүүдө Түгөлбай Казаковдун талапкерлигин колдогон. Бирок тилекке каршы жыйырма беш кишинин көбү жобого ылайык, башка талапкерлерлерге добуш берген.

- Мен Түгөлбай Казаковду колдогом. Тилеке каршы биз утулуп калдык. Бирок добуш берүү акыйкат өттү. Мында эч кандай көз боемочулук болгон жок.

Анткен менен Казаковдун күйөрмандарынын пикиринде, эгер жобо боюнча үч жыл аралыгында жаралган чыгармага сыйлык бериш керек болсо, анда Түгөлбай Казаковдун ырлары ал шартка туура келет. Себеби анын бир кезде жараткан “Жамгыр төктү” аттуу ырын Гулжигит Калыков сыяктуу жаш ырчылар азыркы мезгилде жаңыртып ырдап чыгып, эл аралык деңгээлдеги сыйлыктарга ээ болушууда деген пикирлер бар.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG