Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Кичинекей манасчы Үмөт


Москвадагы Ломоносов атындагы университеттеги конференцияга катышкан айрым илимпоздор 7 жаштагы манасчы Болот уулу Үмөттү кичинекей гений дешти.

Кичинекей манасчы Бишкектеги Спорт ордосунда Нурлан Алишеровдун (Ташчайнардын) концертине катышканы келиптир. Учурдан пайдаланып, ага микрофон сундум.

- Үмөт, "Манасты" кантип айтып калдың?

– Атам окуп берет. Анан өзүмдүн мээме кирип калып, айта берем.

- Бир маегиңде "Саякбай атам түшүмө кирди" деп айттың эле.

- Ооба, аны түшүмдө көргөм.

- Саякбай атаң кандай болуп түшүңө кирип жүрөт?

- Саякбай атам жанымда эле отурду. Боз үйдүн жанында. Калкандарын, кылычтарын көргөм. Жанымда эле отурат.

- Анан сени "Манас" айт дедиби?

- Жок, айт деген эмес. Жанымда эле отурду. Сүйлөгөн жок.

- Анан сен эмне дедиң?

- Мен жөн эле калкандарын, кылычтарын көрдүм.

- Сен ойгонгондо кыйналган жоксуңбу?

- Жок. Манасты да түшүмдө көрбөдүмбү. Ал колуна кылыч алып алыптыр. Коңурбай найза алыптыр. Коңурбай Манасты саяйын дегенде ал кылычы менен тосуп калып, анан кылычын таштап ийип, тигинин найзасын алып туруп сайып жиберет экен. Анан тиги Коңурбай өлүп калат экен.

Үмөт упчуну таштап, үч жашынан эле "Манас" эпосунан үзүндү айта баштаптыр. Атасы Болот Өмүралиевдин айтымында, улуу манасчы Саякбайдын варианты боюнча эпостон үзүндүнү окуп бергенде эле Үмөт эсине сактап калат экен.

- Мен ага атайын окуп бербейм. Жөн эле үнүмдү чыгарып окуп, эрмектей берем. Үмөт болсо тентек, ары-бери секирип, чуркап жүргөндө мен "Манасты" окуй берем. Бир кезде токтоп туруп, "бул жерин айтчы" десем шак эле ошол жерди айтып кирет. Буларың куйма кулак болушат турбайбы. Бир укканын эсине сактап калып, шыр эле айтып салат.

Үмөт быйыл жайында Каркыра жайлоосундагы жыйында бир саатка чукул "Манас" айтканда ыйлабаган киши калбаптыр.
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00
Түз линк


Болот белгилегендей, былтыр декабрь айында Москвадагы Ломоносов атындагы университетте “Бүткүл дүйнөгө "Манасты" таанытуу" конференциясында Үмөт эпостон үзүндү айтып, чет элдик меймандарды, ЮНЕСКОнун өкүлүн таң калтырган.

Бир кезде ЮНЕСКОнун өкүлү Үмөттүн жанына басып келип, "дагы билесиңби" деп сураганда, бала эпостун башка жеринен үзүндүнү айтып бергенде "ыргактарына караганда жанагы айткандарынан башкача экен, алты жаштагы баланын ушунча текстти эсине тутуп айтуусу мүмкүн эмес. Бул - кичинекей гений”, - деп баасын берген.

Кичинекей гений "Манасты" ар кандай ыргакта, окуяларды образдуу кылып берилип айтканда анын өзгөчө феноменге ээ экендигине эрксизден ишенесиң.

Чолпон-Ата шаарынын тургуну, дарыгер Болот Өмүралиев атактуу манасчы Тыныбек, Көкөтөй чечен чыккан Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган. Анын чоң аталары да "Манас" айтып, комуз черткен өнөрлүү адамдардан болушуптур. Болот өзү да "Манас" айтып, комуз кармай калат. Анын улуу баласы Нурлан, ортончусу Казыбек да ошондой өнөрдүн ээлери. Келинчеги Бактыгүл Кыдырмышева болсо балдарды карап үйдө.
XS
SM
MD
LG