Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

“ЗАЛКАРЛАР СҮЙГӨН СУЛУУЛАР”


Жазуучу Самсак Станалиевдин жаңы чыккан “Залкарлар сүйгөн сулуулар” китебинде Токтогул, Атай, Мухтар Ауэзов, Аалы Токомбаев, Жоомарт өңдүү залкар таланттардын махабаты, алар сүйгөн сулуулардын тагдыр-турмушу оозеки жана жазма маалыматтардын негизинде көркөм баяндалат.

Самсак Станалиев “Залкарлар сүйгөн сулуулар” китебинде кыргыздын залкар адамдарынын махабатынан сырткары орустун улуу акыны Александр Пушкиндин жети айымзатка болгон сүйүүсү тууралу да жазат. Ошону менен бирге Самсак Станалиев Александр Пушкиндин 120 аялзатына болгон махабаты бир топ орус адабиятчылары тарабынан “улуу адамдардын махабаты да улуу бааланып, нравалык көрүнүш” катары изилденип жазылганын маалымдайт.

Самсак Станалиев кыргыздын атактуу инсандарынын махабаттарын изилдеп жазууну Токтогул Сатылгановдун Алымканга болгон ашыктыгын иликтөөдөн баштаган:

-“Алымкан деген болгон эмес, “Алымкан” деген ырды Жоомарт Бөкөнбаев жасап койгон” деген маалымат бир миң тогуз жүз сексен тогузунчу жылы “Вечерний Бишкек” гезитине кыргыз маданиятына эмгеги сиңген салабаттуу эле адамдар тарабынан чыккан болчу. Ошондон кийин ушул тагдыры татаал инсандардын махабатына кызыгып калдым. Алымкандын тагдыры татаал болгон экен. Ал үч жолу турмушка чыгып, үч күйөөсү тең каза болуп калат. Алардан таркаган балдар азыр Жалалабатта, Аксыда, Ташкөмүрдө турушат. Ошолордун бири он бир жашына чейин Алымкандын колунда тарбияланган адам – кийин жогорку билимге ээ болгон тарыхчы, партиялык кызматтарда, мектепте директор болуп иштеген. Мына ошол адам мага Алымкан жөнүндө болгон чындыкты айтып берди.

Улуу адамдардын махабат сезимдерине аярлык менен кароо, дыкат изилдөө маданияты казак адабиятында да бар, дейт Самсак Станалиев. А бизде кыргыз адабиятында Алыкул Осмоновдун тегерегинде гана айтылып-жазылып келатат. Тескерисинче, кыргыз жазмакерлеринин арасында улуу адамдардын сүйүүлөрүн жеңилсинтип кароого аракеттер көп деген пикирде белгилүү акын, Алыкул Осмонов сыйлыгынын лауреаты Бактыгүл Чотурова:

-Бизде акыркы убакта атактуулардын сүйүүсүн терс мааниде жазганга корстон болгондор көбөйдү. Ошонун айынан “ушак” деген жанр да пайда болду деп жүрбөйлүбү... Анан Самсак Станалиевдин ошолордон айырмаланып турган чыгармачылыгы – аялзатынын улуулугун да, сулуулугун да баалай алган мына ушундай залкар адамдардын махабат сезимдерин өз деңгээлинде чагылдыргандыгында.

Ал эми “Бийиктик басмасынын директору Жумадин Кадыровдун пикиринде Самсак Станалиевдин “Залкарлар сүйгөн сулуулар” китеби улуу адамдардын махабаттары, арзуу сезимдери туурасындагы кызыктуу эмгек, айрыкча залкарлардын ашыктарына арналган ырлары далилдер менен терең изилдөөгө алынган:

-Самсак Станалиев ошол каармандар менен аралашып жүргөндөй деңгээлде жазыптыр. Анан ал залкарлардын сулууларга арнаган ашыктык ырлары бар эмеспи “Алымкан” баш болгон... Мына ошол ырлар автор тарабынан терең изилдөөгө алынган экен.

Самсак Станалиев “Залкарлар сүйгөн сулууларды” дагы улантмакчы:

-Мен “Залкарлар сүйгөн сулууларды” дагы улантам го деп ойлойм. Анткени Жеңижоктун “Көксулуусу”, Боогачынын, Казыбектин махабаттары тууралу маалыматтарды чогултуп койгом. Мүмкүнчүлүк болсо, жазам го деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG