Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:36

Кылы үзүлгөн комуздагы үч тагдыр


Тенти Адышеванын “Кылы үзүлгөн комузум” китеби үчүнчү ирет басылып чыкты.

Тенти Адышеванын “Кылы үзүлгөн комузум” китеби үчүнчү ирет басылып чыкты.

Эл акыны Тенти Адышеванын кыргыз адабиятындагы мемуардык чыгармалардын алдыңкысы саналган “Кылы үзүлгөн комузум” чыгармасынын үчүнчү басылышы жарык көрдү.

Адабиятчылар кыргыздын чыгаан уулдары - акын, драматург Жоомарт Бөкөнбаев, Курманжан датканын чөбөрөсү, окумуштуу Муса Адышев жана алардын замандаштары тууралуу жазылган бул эмгек мезгил өткөн сайын баалуу эскерме-баян катары куну артып баратканын айтышат.

Педогогика илиминин доктору, адабиятчы Абдыкерим Муратовдун пикиринде, “Кылы үзүлгөн комузум” жеке адамдардын гана тагдыры тууралуу чыгарма эмес. Адышева өзүнүн өмүр жолун жазуу аркылуу ошол кездеги кыргыз адабияты менен искусствосун кошо камтыган. Натыйжада азыркы окурман улуттук адабияттын классиктери Жоомарт Бөкөнбаев, Мукай Элебаев, Аалы Токонбаев, Жусуп Турусбеков, Темиркул Үмөталиев, Кубанычбек Маликов, Алыкул Осмонов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Гапар Айтиевдин өз ара мамилелери, жөн-жай турмушу тууралуу маалыматтарды алат:

- Тенти Адышева ХХ кылымдагы кыргыз интеллигенциясынын ичинде өзгөчө орду бар инсан. Ал комсомолдук, партиялык кызматтарда иштеп жүргөн. Бүткүл союздук автордук укуктун Кыргызстандагы директору болгон. Бул китептин эң мыктылыгы - ошол өзү көрүп жүргөн абалды өзү көргөндөй кылып жазуу менен бирге тарыхый фактыларга салыштырып, адабий көркөм чыгармалардан мисалдарды алып жазат. Ал өзү мыкты акын болгондуктан, ошол мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, эскерме-баянын өтө поэтикалуу кылып берген.

Акын Тенти Адышева өткөн кылымдын 40-жылдарында өсүп чыккан кыргыз аял интеллигенциянын үлгүсү катары саналып келет.

Акын Тенти Адышева өткөн кылымдын 40-жылдарында өсүп чыккан кыргыз аял интеллигенциянын үлгүсү катары саналып келет.

Муратовдун белгилешинче, автор китепти жазууда жөн гана кургак фактыларга таянып калбай, өзүнүн тагдырына туш болгон турмушту ар бир окурмандын жүрөгүнө жете тургандай чагылдырып бере билген:

- Мемуардык баянында эки чоң тагдырды камтыган. Бул анын эки турмушунда кездешкен эки жолдошу. Биринчиси - белгилүү акын Жоомарт Бөкөнбаев. Экинчиси – белгилүү окумуштуу Муса Адышев болуп жатат. Автор булардын адамдык сапатын өз-өзүнчө жогору баалап берген. Экөө тең кыргыздын бийик интеллигент уулдары экенине басым жасаган. Экинчиден, экөөнүн тең трагедиялуу тагдыры, ошол эле кезде өзүнүн трагедиялуу тагдыры сүрөттөлөт. Ошондуктан бул эскерме “Кылы үзүлгөн комузум” деп аталат. Мында адам тагдыры аянычтуу берилген.

Адабиятчы Рысбек Эшматовдун айтымында, кыргыз адабиятында бир топ эле мемуардык чыгармалар бар, бирок алардын фонунда Тенти Адышеванын “Кылы үзүлгөн комузум” өзүнүн документтик негизи, баяндалышы жагынан толук кандуу мемуардык чыгарма экендиги менен өзгөчөлөнөт. Адистин айтымында, Жоомарт Бөкөнбаевдин трагедиялуу өлүмүнө байланыштуу окуялар окурманды кайдыгер калтырбайт. Автор Жоомарттын өлүмү менен өзүнүн буга дейре шаңшып турган комузунун бир кылы үзүлгөнүн берген:

- Мемуардык чыгарманын таанып-билүүчүлүк касиети күчтүү экенине да кадимкидей ынанат экенсиң. Мен кайрадан окуп атып ошол эле учурда көркөмдүк касиети мыкты экенине дагы бир жолу ынандым. Автор көркөм образдарга боёкту өтө катуу сүйкөбөй, жалганчы сезимдерге алдырып кетпей, эмнени көрсө, эмнени байкаса кылдат, так реалисттик маанайда жазганы байкалат экен. Ушундай өзгөчөлүктөрдөн улам аталган чыгарма адамды ошол мезгилдерге жетелеп, арийне таанытуучулук касиети алдынкы планга чыкканы ынандырат.

Эшматов буга улай китепте айрыкча экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги коомдук жана руханий кырдаал, кыргыз адабий турмушундагы оң көрүнүштөр менен айрым көлөкөлүү жактар таамай баяндалганын кеп салды.

Жоомарт Бөкөнбаев менен Тенти Адышеванын уулу, окумуштуу Кулубек Бөкөнбаев аталган китеп ушуну менен үчүнчү жолу басылып чыкканын, бул жолкусунда айрым үзүндүлөр толукталганын айтты:

- Буга чейин эки жолу басылып чыккан. Ошол мезгилде көп бөлүктөр кирбей калыптыр. Акыркы мезгилде бул китепти көп кишилер сурай баштады. Анын табылышы кыйын болуп калыптыр. Адабиятты, тарыхты, маданиятты билген кишилер ушул китепти кайра бастырууну суранышып, биздин залкар адамдардын окуясы, тарых-таржымалы азыркы заманда өзгөчө жаштар үчүн зор мааниси бар экенин айтышты. Анан мен энемдин кол жазмасын кайрадан карап чыгып, толуктап үчүнчү жолу бастырдым.

Кулубек Бөкөнбаев китепте буга чейин айтылбаган адабият, илим, маданият тармагында иштеген инсандар тууралуу да маалыматтар бар экенин кошумчалады.

Маркум акын Эрнис Турсунов аталган китепке жазган баш сөзүндө: "Тенти Адышеванын “Кылы үзүлгөн комузум” реквием-баяны Кутуйдун “Жөнөтүлбөгөн каттар”, Этель Лилиан Войничтин “Сайгак” романы сыяктуу колдон түшпөй окула турган, кайра-кайра басыла турган кымбат чыгарма,” - деп баалаган экен. Ал эми академик Абдыганы Эркебаев аталган китеп тууралуу: “Бул адабий “документ”, андан керектүү фактыларды сузуп алууга болот,” - деп жазып, “Кылы үзүлгөн комузум” жеке адамдын гана өмүрүн баяндаган документ эмес экендигин, ал баарынан мурда коомдук мааниси, этикалык нускасы, эстетикалык кудурети бар чыгарма экенин белгилеген.

Бир канча китептин автору, таланттуу акын Тенти Адышева 1920-жылы төрөлүп, 1984-жылы 64 жашында көз жумган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG