Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

“Таңкы шоокумда” - Бразилия


“Таңкы шоокум” музыкалык-тамашалуу программабызда мындан ары дүйнө элдеринин фольклоруна, оюн-зоокторуна, сырттагы кыргыздардын ыр-музыкасын чагылдырып турмакчыбыз. Бул жолу бразилиялыктардын карнавалдык шаан-шөкөтү тууралуу кеп кылабыз.

Бразилия Түштүк Африка материгинин түндүк-чыгышында жайгашкан аянты жагынан ири мамлекет. Борбор шаары - Бразилиа. Тарыхта бул өлкөнүн жергиликтүү тургундары индеецтер болгондугу айтылат. Антропологдор аларды муз доорунда Түндүк Азия жана Шиберден көчүп барышкан деген божомолду айтышат.

1500-жылы Европадан португалиялык адмирал Алвареш Кабрал кеме менен океанды сүзүп өтүп, биринчи болуп ал материкке баргандыгына байланыштуу Бразилиянын жаңы тарыхы мына ушул жылдан башталат.

Бразилия дүйнөгө кофеси, футбол оюну менен дүйнөгө таанымал болсо жыл сайын өтүүчү карнавал оюн-зоогуна жер шарынын бардык тарабынан адамдар катышкысы келет.

Ал эми карнавалдык шаан-шөкөт 1723-жылы португалиялык имигранттар Бразилиядагы Мадер, Азор, Жашыл Мысь аралдарына жер которуп баргандан кийин белгилене баштаган.

1840-жылы биринчи карнавалдык бал өтүп, бет каптарды чет өлкөлөрдөн алып келишкен.

1952-жылы биринчи жолу “зе-пейра” деген добулбачылардын (барабанчылардын) тобу уюшулган.



Шаңдуу музыка жана самба

Жыл сайын Бразилияда элдик майрам катары белгиленген карнавал негизинен февраль айында же март айынын башталышында ишемби күнү шаар башчысынын Карнавалдын падышасына салтанаттуу түрдө шаардын ачкычын символикалык түрдө тапшыруу аземи менен башталып, төрт күнгө созулат. Карнавалдын падышасы ошол күнү шаардын толук кандуу кожоюну болуп эсептелет.

Шаан-шөкөт ар түрдүү ачык түстөгү кооз кийим кийинген шаар тургундарынын катышуусунда көңүлдүү музыкалар, добулбастар, самба бийи менен коштолот.

Денеси жарым жартылай жылаңач, жеңил кийим кийинген кыз-келиндер, падышанын же куудулдун, кандайдыр бир жаныбардын, индеецтердин улуттук кийимин кийген жигиттер, добулбастарын койгулап шаардын борбордук көчөлөрүнөн ырдап, бийлеп өтүшөт. Ошондой эле ар бир доордун тарыхый окуялары чагылдырылат.

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүүчү карнавалга самба бийи мектебинин 3 миңден 5 миңге чейинки бийчилери, куштун канатынан кооз кийимдерди кийип, беттерин ар түркүн боек менен боеп алышкан мектептин, жогорку окуу жайлардын окуучулары, жергиликтүү тургундар ыр-бийдин коштоосунда чыгышат.

Элдик майрам Бразилиянын башка шаарларында да зор салтанат менен өткөрүлөт.



Туристтерди тарткан карнавал

Карнавалдын көркүн ачкан улуттук самба бийи. Бул бийдин өзөгүн илгери кул ээлөчүлүк доордо Бразилияга Африкадан алынып келинген кул менен күңдөр бош убактыларында добулбас-барабандын ыргагы аркылуу шайдоот кыймылдарды жасап, жамбаш бийи деп аташкан. Мында бийчилер куймулчактарын тез-тез кыймылдатышып, ийиндерин шалактатып, эки колун өйдө-ылдый кылышып, илгерки шамандардын ыргагындай ритмде бийлешет.

Бразилияда бул бийди бийлөө боюнча атайын мектептер ачылып, улан-кыздарды жаш кезинен бий өнөрүнө үйрөтүшөт. Карнавал үчүн бир жыл бою бий даярдыгынан өтүшөт.

Карнавалга дүйнө жүзүнөн миңдеген туристтер келип катышат. Мисалы, негизги оюн зоок өтүүчү Рио-де-Жанейрого карнавалды көрүү үчүн эле 600 миңден 800 миңге чейин турист келип, төрт күн бою шаардагы бир дагы мейманкада бош орун калбай калат экен.



Өзгөчө көңүлдүү той

Жалпы массалык карнавалдан тышкары Бразилияда үйлөнүү тойлорунда да карнавалдык кийимдерди кийген бийчилер атайын чакыртылып, шаңдуу музыкалар колдонулат.

Алар атайын карнавалдык кооз кийимдерди кийип, ийкемдүү кыймылдагы бийчилерге кошулуп меймандар да бийлеп, үйлөнүү үлпөтү көңүлдүү өтөт.

Бразилиядагы карнавалда самбадан башка румбо, ламбада бийлери да аткарылат. Өзгөчө Франциянын "Каома" поп-группасынын ырлары карнавалдын шаңын чыгарып, анын коштоосунда укмуштуудай тез ыргактагы көңүлдүү ламбаданы бийлешет. "Каома" рок тобунун курамы латын-америкасынан барган мигрант музыканттардан туруп, жылына Рио-де-Жанейродогу карнавалда өнөрүн көрсөтүшөт.



Карнавал Бразилияга туристтерден көп каражат киреше берип, элдин көңүлүн көтөрүп, шайдоот жашоого дем берет экен.
XS
SM
MD
LG