Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Кыргыз балетинин ханышасы...


Кыргыз улуттук классикалык балет өнөрүн негиздөөчүлөрдүн бири Бүбүсара Бейшеналиева

Кыргыз улуттук классикалык балет өнөрүн негиздөөчүлөрдүн бири Бүбүсара Бейшеналиева

Бишкекте Кыргыз балетинин чолпон жылдызы Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленип жатат. 22-февралда Опера жана балет театрында улуу бийчинин урматына эл аралык конференция өтүп, хореографиялык искусствонун азыркы өкүлдөрү концерт беришти.

Бүбүсара Бейшеналиева өнөр сересине алгачкы кадамын 10 жашында шилтеген. 1936-жылы кыргыздын таланттуу балдары менен бирге Ленинграддагы Ваганов атындагы орус балет академиясына барууга тандалып алынган.

Атактуу балеринанын жалгыз уулу Эрмек Бейшеналиев “Азаттыкка” апасынын Ленинградга окууга кантип кеткенин мындайча эскерди:

- Таежеси таенеме келип: “Балдарды окууга тандап жатат. Бүбүсараны ошол жакка жөнөтпөйлүбү?” дейт. Таенем эгер өтүп кетсе каякка барып окуй турганын сурайт. Таежем: “Ой, тиги Кара-Балтада эле окуйт”,- деп коёт. Таенем макул болуп кызын жөнөтүп, эки айдан кийин куржунун көтөрүп алып: “Эми кызыма барып келели", - деп таежеме келет. Анан таежем чындыкты айтканга мажбур болгон экен.

Ошентип таежеси себеп болуп окууга кеткен беш көкүл Бүбүсара алгачкы жолу чоң сахнага 1939-жылы 13 жашында Кыргызстандын Москвада өткөн маданият күндөрүндө чыккан экен. Концертте көрүүчүлөргө жеке бийлерди аткарып, өз өнөрүн көрсөтөт. Мындан кийин көчөт кыздын сахнадагы тушоосу кесилип, бүтүндөй союздук республикалар боюнча гастролдорго чыга баштайт.

Экинчи Дүйнөлүк согуш башталган учурда Бейшеналиеванын Ленинграддагы окуусу үзгүлтүккө учурап, өз жерине келет. Бул аралыкта ал композитор Акмат Аманбаевге турмушка чыгып, тун уулу төрөлөт. Быйыл 70 жашка караган Эрмек Бейшеналиев өмүр бою ИИМде иштегенин айтып, апасы менен атасы кантип турмуш куруп калганын да эскерди:

- Атамдын жездеси Абдылас Малдыбаев Дзержин гүлбагы менен Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүндө жашачу. Ал эми апам болсо Мединституттун маңдайындагы артисттер жашаган үйдө турчу экен. Ал жерде апамдын эжеси Жаманова да турчу экен. Айтор, сөздү ич ара бышырып алышкан го. Ошол жерден атам достору менен апамды ээрчитип чыгып үйүнө жөө эле келишкен экен. Аны азыр Болот Малдыбаев айтып жүрөт.

Уулунун айтымында, Бейшеналиева окуусун кайра 1949-жылы толук бүткөрүп келет. Бул аралыкта анын жылдызы жанып калган кез эле. Бирок кесибинен сыйлыкка, сыймыкка, атак-даңкка жеткени менен, бийчи жеке жашоосунда толук бактылуу болбогону маалым. Бейшеналиева жалгыз уулу Эрмектин атасы, искусствонун өкүлү, композитор Акмат Аманбаев менен аз эле жашаган.

Сахнадагы кубулуш

Замандаштары Бүбүсара Бейшеналиеванын операда жана балетте пайда болушу өзүнчө жомоктой кубулуш болгонун айтып келишет. Анын талантына, сулуулугуна, сүйкүмдүүлүгүнө эч ким туруштук бере алган эмес. Кезегинде Бейшеналиевадан бийлөө чеберчилиги боюнча сабак алып калган Асылбүбү Оросулбаева устаты тууралуу буларды айтты:

- Бүбүсара Бейшеналиева башкы каарманга айланган композитор М.Раухвергер менен балетмейстер Л.М.Крамаревский койгон “Чолпон”, П.И.Чайковскийдин “Ак куу көлү”, В.Власов менен В.Ференин “Анар”, И.Штраустун “Чоң вальс”, С.Прокофьевдин “Ромео жана Жульетта”, В.Власовдун “Асел”, Л.Минкустун “Дон Кихотун” жана башка балеттерди көрдүк. Кылымдардын эшигин кагып, муундан-муунга мурасталган дүйнөлүк классикаларды, элибиздин элегинен өткөн, кыялында жашаган кайталангыс чыгармалар толуктап жатканын туйдук. Кубандык. Бизди Бүбүсара эже эки жыл окутту. Эжебиз эң жогорку прима балерина катары жалаң башкы партияларда бийлеп келди. Биз аларды залдан карап отурчубуз. Ал бизге чоң мектеп, тажрыйба, окуу болгон. Бизге саат сегизде сабак берчү. Андан кийин саат ондо өздөрүнүн классы болор эле. Анан түшкү 1-2ге чейин өзүнүн көнүгүүсү башталчу. Кайра төрткө чейин эс алып, кечинде спектаклге катышар эле. Себеби ал кезде балет искусствосу күтүрөп өнүгүүнүн үстүндө эле.

Оросулбаева Бүбүсара Бейшеналиеванын феномени жалпы кыргыз балетинин калыптанышына зор салым кошконун, ал мектеп бүгүн да уланып жатканын айтты.

Кыргыз балетинин азыркы муунунун өкүлү, республикага эмгек сиңирген артист Айзада Тумакова Бейшеналиева бийчи катары оң да, терс да, татаал жана кызыктуу образдарды тынымсыз жарата билгенин белгилеп, бийчинин тажрыйбасы, усулу бүгүнкү балериналарга да сунушталарына токтолду:

- Ваганова окуу жайы балет искусствосу жагынан дүйнө жүзү боюнча алдыңкы мектептерден. Ошол мектепте алган билимине өзүнүн таланты шайкеш келген улуу инсандын айткан сөздөрү, усулдук сабактары, тажрыйбасы муундан муунга берилгени жакшы болуп жатат.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университети уюштурган балеринанын 90 жылдык мааракесине арналган эл аралык конференция кечкисин музыкалык-хореографиялык окуу жайлардын студенттери койгон концерт менен аяктады. Кечеде бийчилер Бейшеналиева аткарып келген ролдордон үзүндү тартуулашты.

Эл артисти Асанбек Асакеев концерттен кийин кыргыз бийчилеринин мурдагы мууну менен азыркы муунун салыштырып, буларды айтып берди:

- Буларга чынында рахмат айтыш керек. Бүбүсара эженин жолун жолдогон жаштар өсүп келатат. Хореографиялык искусство ордунда туруп калган жок. Бирок мамлекет ошол окуу жайларга материалдык жардам берип жатабы? Бүтүрүүчүлөргө кандай жол көрсөтүп жатабыз? Кеп ошондо.

Асакеевдин айтымында, учурда жогорудагы окуу жайларды аяктаган кесипкөй бийчилер, музыканттар көбүнчө чет өлкөлөрдө иштеп жатышат.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университети Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган иш-чаралар жылдын аягына чейин жүрөрүн билдирди. Улуу бийчи 1926-жылы 17-майда Таш-Төбө айылында төрөлгөн.

1973-жылы 47 жаш курагында каза болгон.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG