Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:56

Бурана сизди күтөт


Бурананын тепкичтери көп турбайбы! Комплексе келген кичинекей саякатчы

Бурананын тепкичтери көп турбайбы! Комплексе келген кичинекей саякатчы

Токмоктун жанындагы Бурана тарыхый комплексине чет элдик саякатчылар жана мектеп окуучулары көп каттайт.

Бурана комплексинин илимий кызматкери Турган Кожомамбетова башка замандаштарды да байыркы Баласагын шаарынын эстеликтери менен таанышууга чакырат.

Маекти бул жерден уксаңыз да болот:



Жаңыл Жусупжан: Буранага көбүнчө кимдер келет?

Турган Кожомамбетова: Азыр турфирмаларда көп жакшы пландар бар экен, мамлекетте тынч болсо, план ишке ашып, туристтер келип башташат. Май, июндун башында окуучулар, студенттер келип атышат, андан кийин киши азайып калат.

Жаңыл Жусупжан: Эң кызыктуу экспонаттар кайсылар?

Турган Кожомамбетова: Керамиканын түрлөрү бар, Кытайдан алынган фарфорлор коюлган. Бул идиштерди эл башкарган адамдар колдонушкан. Карахандар доорунда, ислам күчүнө кирип турган мезгилде жашыл түстөгү идиштер көп болгон. Кээ биринде баш тамгасы айланта жазылат, "Алла" деп жазылган идиштер бар. Баланы бешикке салган күлтүк бар, азыр банкадан жасап атышпайбы, мурда чопо идишти колдонушкан экен. Жез, коло, таштан да жасалганы кездешет.

Жаңыл Жусупжан: Бул жерде китептердин арасында, Жусуп Баласагындын китеби турат...

Бурана 1970-жылдары оңдолуп, капталына тепкич орнотулган
Турган Кожомамбетова: Жусуп Баласагындын «Кутадгу билик» деген китебин Төлөгөн Козубеков которгон, мына бул англис тилинде котормосун да абдан кызыгып окушат. Анткени адамдын айлана-чөйрөгө болгон философиялык көз карашы жөнүндө жазылган китеп.

Жаңыл Жусупжан: Түп нускасы кайда?

Турган Кожомамбетова: Каирде (Египеттин баш калаасы). Балким учурунда бизде табылса керек да, анткени араб жазуусу менен жазылган китептерге СССР учурунда көп маани берилбей, мазмунун түшүнбөй эле, көпчүлүгү жок болуп кеткен.

Жаңыл Жусупжан: Түп нускасын бул жакка алсак болойбу? Сатып алыш керекпи, же убактылуу экспонат кылып алып келсе болбойбу?

Турган Кожомамбетова: Венецияда да бар деп атышат. Кийинчирээк кызыгуу пайда болуп, биздин университет дагы анын атында болуп калды. Эми Жусуп Баласагынды көбүрөөк изилдеш үчүн тарыхка дагы сүңгөп кириш керек. Жусуп Баласагын 1080-жылы Кашкарда каза болгон экен, күмбөзү сакталуу.

Жаңыл Жусупжан: Бул суу түтүктөрү го?
Турган Кожомамбетога, Бурана тарыхый комплекстин илимий кызматкери, Будда айкелинин калдыктарын көрсөтүүдө


Турган Кожомамбетова: Ооба, керамика суу тийгенде ийилчээк болуп калат дагы, биринин тешигин бири бүтөйт. Тоо булактын суусун мына ушул кичинекей түтүктөр менен шаарга жеткирип турушкан.

Бул жерде суунун жээгинде орто кылымдагы мончо да табылган. Аны элге көрсөтүш үчүн, казып, калыбына келтириш керек. Бул жерде чоподон жасалган идиштер көп. Буларга тамак-аштын түрлөрүн сакташкан, капкагын жаап жерге көмүп коюшкан.

Жаңыл Жусупжан: Муздаткычтын кереги жок болгон турбайбы. Байыркы Баласагында эл кайсы тилде сүйлөгөн?

Турган Кожомамбетова: Байыркы түрк тилинде сүйлөгөн. Түрк тилинде сүйлөгөн уруулардан усундар, ягма, чигилик, кыпчактар, огуздар болгон.

Жаңыл Жусупжан: Ошолордун болгонун Баласагындын китебинен билебизби, же башка дагы экспонат, же белгилер барбы?

Турган Кожомамбетова: Баласагындын китебинен билебиз, ошондой эле мүрзөгө коюлган таштар, кол жазмалар да бар. Кат сыяктуу жазылган, жерди ээлеген киши "бул менин жерим" деп, аты-жөнү жазылган таш такталар кездешет. Мүрзөгө коюлган таштар түрк тилинде араб ариби менен жазылган. Фарс тилинде да кездешет.

Ал учурда учурда Улуу Жибек жолу менен элдин диний-маданий көз караштары абдан жакшы алмашылган. Таш балбалдар абдан көп. Анын баарын ар кайсы район, облустардан Союз учурунда чогултуп келгенбиз.

Жаңыл Жусупжан: Деңиз жандыктарынын калдыктары, үлүлдүн кабыктары бар экен.

Турган Кожомамбетова: Aл каури, Улуу Жибек жолу менен алып келишкен, акча бирдиги катары колдонушкан. Аялдарга таандык жасалгалар бар, кораллды Индиядан алып келишкен; нефритти Кытайдан алып келишкен; бирюза, сердоликти аялдар көп колдонушкан. Ак менен кара көз мончокту тагынышкан. Индияда көз мончоктор ар кандай түстө болгон экен.

Жаңыл Жусупжан: Бул жерде нестор христиандарынын ташка чегилген чырым белгилери көп экен. Бул эмнени түшүндүрөт?

Буранада гид чет элдик туристке чегилген ташты көрсөтүүдө
Турган Кожомамбетова: Бул аймакта нестор христиандары да жашаган. Бул таштар көзү өтүп кеткен адамдардын мүрзөсүнө коюлган: баланчанын кызы баланча күнү каза болгон деп ташка чегип жазып коюшкан. Фарсы, чагатай, араб тилинде да кездешет. Курандан бир сүрөө кыскача, адамдын аты-жөнүн, качан каза болгонун, даражасынан бери жазышкан. 18-20-кылымга чейинки таштар кездешет. Мурда таштарга чегип жазышкан.

Жаңыл Жусупжан: Бул жакта отко сыйынуучулуктун, зороастризмдин же буддизмдин экспонаттары барбы?

Турган Кожомамбетова: Буддизимдин белгилери бар. Лотоско отургузулган Будданын мына бул статуясы экинчи чептин (Бурананын аймагында) тушунан казып чыгышкан. Будданын ылдый жагы, орто чени табылды, башы табылбай калды. Буддизм 6-кылымдан тартып, Борбор Азия аркылуу Индиядан Кытайга бат тараган эмеспи.

Буранага жакын Ак-Бешимде, 5-9-кылымдагы байыркы Суяб шаарында эки буддист, эки несториан храмы табылган. Бирок алар толук казыла элек. Биздикиндей музейи да жок. Казылып бүтпөгөн чуңкурлар бар. Туристтер барышат. Кытайдын философу Либо ошол жерден төрөлгөн, кытайлар, жапондор кызыгышып барышат.

Лотос гүлү буддисттер ыйык гүл катары эсептешет. Биздеги грифондор Ак-Бешимден табылган. Грифон деген жырткыч куш, адам менен аралашып жашаган, бирок кооздоп, жырткычтыгын айырмалап тартышат. Грифонду карап турсаңыз, эки илбирс бирөөнүн башы, экинчисинин куйругу кайчылашып турат. Ары жак бети да ошондой.





Жаңыл Жусупжан:
Бул жакта ташка чегилген тогуз коргоол бар экен. Демек миң жыл мурда тогуз коргоол ойногон турбайбы?

Турган Кожомамбетова: Тогуз коргоол Орто Азия менен Казакстанда ойнолгон, бул 11-кылымдан мурун ойлонолгон оюндардын бири.

Баласагын шаарында кыш чыгарган ишкана да болгон, ар кандай көлөмдө кыштарды жасашкан. Мурда кышты ак чопо менен койгон, азыр цементти колдонуп калбадыкпы. Тарых эстеликтерин баалаган адамдардын көз караштары менен цемент менен байланыштырганы туура эмес болуп атат. 1975-жылдары оңдоо иштери жүргүзүлгөн, ошондо алмашылган. Кирпич да биздин технология менен жасалган. Өзүнүкү башкача кыштар.

Жаңыл Жусупжан: Бурананын өзүнүн кирпичи барбы, же бүт алмаштыбы?

Турган Кожомамбетова: Ички өзөгүндө өзүнүн кирпичи сакталып калган. Сырты кийин жасалган. Башынан аягына чейин кынап курулган. Бизде 1475-жылы жер титирептир, андан кийин да сел каптаган деп атышат, ошондо түбүн жууп кеткен, бирок Бурана нугу менен жакшы сакталып калган.
Бал-бал таштарды түрктөн байыртадан мүрзөгө коюшкан.


Жаңыл Жусупжан: Кандайча Бурана гана саткалып, күмбөз, мончолор калган эмес?

Турган Кожомамбетова: Калгандары чийки кыштар менен салынган. Көп эле нерсе сакталып калган, бирок казуу жетишпей жатат. Шаар чеп менен курчалган болсо, 36 гектар толук казылып бүтө элек.

Жаңыл Жусупжан: Бул жерде канча киши жашаган?

Турган Кожомамбетова: Мурунку булактарды окусак 16 миңден ашык киши жашаган деп жүрөт. Учурунда эң чоң шаарлардын бири болгон. Кербендер келип соодасын кылып, кербендер менен кайра кетип калган адамдар да болгон, бул жер жагып калып жашап калган да адамдар болгон. Ал кезде кербендерди алыстан таанышкан. Бурананын үстүнө чыгышкан дагы, азан чакырган мунара катары да, кербендерге белги берүүчү кароол дөбө катары да колдонушкан. Алыстан кербен келатканда адашып кетпеши үчүн бүлбүл жарык берип турган.

Жаңыл Жусупжан: Бурана тууралуу уламыштар барыбы кыргызда?

Турган Кожомамбетова: Ар кандай уламыштарды айтып келишет. Бир уламыш боюнча, чоң уулуу кара курт кызын чагып албасын үчүн бир хан Бурананы салган деп айтылат.

Жаңыл Жусупжан: Туристтерден түшкөн акча музейди кармаганга жетеби?

Турган Кожомамбетова: Жок, биздин жарандарга 10 сомдон, экскурсиясына 40 сом, чет элдиктерге 40 сом, экскурсиясына 50 сом төлөшөт. Музейдин имараты эски, полдору чирип баштады. Эки жыл мурда шыбы түшүп калган, кайра үстүн көтөргөнгө туура келди. Чатырын жакында кайра жапканбыз, бирок капталдарынан дагы эле суу агат. Канча жамасаң деле эскилиги көрүнүп турат.

Жаңыл Жусупжан: Бул комплекс мамлекеттин карамаганда турбайбы, мамлекет каржылайбы?

Турган Кожомамбетова: Жок, өзүбүздү-өзүбүз актаган жокпуз, мамлекет карайт. Биз Бишкектен өтө алыс эмеспиз, Бишкекке конокко келген чет элдиктер турфирмасы жок эле өздөрү келишет. Жакшы музей салынса өзүн актайт деген оюбуз бар.

Бурана Токмоктон 12 чакырым түштүктө жайгашкан, комплекстин жанында кенен парковка бар.



View Larger Map
XS
SM
MD
LG